00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
АКШ, Израиль, Иран согушу: дүйнөнү эмнеге кептейт?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рекордные сборы и упрощение процедур - как прошел 2025 год для налоговой
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
ЕАЭБде органикалык азык-түлүк боюнча күчтүү атаандаштык түзө алабыз — жаңы мыйзам кабыл алынат
13:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу байланышканын мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулаштык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашканы айтылат. "Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн туруктуу өсүү динамикасын, ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн канааттануу менен белгилешти. Анын ичинде өнөр жай кооперациясы, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жана "Камбар-Ата ГЭС-1” долбоору өзгөчө белгиленди", — деп айтылат маалыматта. Муну менен бирге лидерлер регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, алдыдагы эки жана көп тараптуу иш-чаралардын графигин карап чыгышты.
Камчыбек Ташиев кызматтан алынганы боюнча кайрылуу жасады. Аны генералдын тарапташы, журналист Нургазы Анаркулов жарыялады. Кайрылууда Ташиев президенттин уруксаты менен Германияга дарыланганы барганын, иштен алынганы ал үчүн күтүүсүз болгонун белгилеген. "Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли-журтубуз, президентибиздин алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанамын! Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт! УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгилик каалайм! Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болушу үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот!" — деген Ташиев. Эскерте кетсек, кечээ Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду ИИМге суракка алып кетишкенин жакындары маалымдады. Алардын Sputnik агенттигине билдиргени боюнча, Талгарбековдун үйүндө тинтүү жүрүп жатышы мүмкүн. Белгилей кетсек, Талгарбеков "мөөнөтүнөн мурда шайлоо" өткөрүүнү демилгелеген топтун башында болгону айтылган. Президент Садыр Жапаров да Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышына комментарий берип жатып "Бекболот Талгарбеков менен Эмилбек Узакбаев сыяктуулар коомду бөлүп жатат" деп айыптаган.
АКШдагы украиналыктардын Россиянын мекендештерди көчүрүү боюнча программасына кызыгуусу артып барат, кайрылуулардын саны эселеп өстү. Бул тууралуу Россиянын Нью-Йорктогу башкы консулу Алексей Марков РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди. "Россия жарандыгын алууну каалаган украиналыктар мекендештерди көчүрүү боюнча мамлекеттик программанын шарт-талабына кызыгып жатышат. Былтыр кайрылгандардын саны абдан көп болду. Ар кимдин себеби ар кандай. Айрымдары туугандары менен табышкысы келет, кээ бирине бул жактагы жашоо жакпай калган, дагы бири АКШдагы миграциялык саясатка нааразы, арасында кайра Украинага жөнөтүп салат деп чочулагандар да бар", — деди Марков. Белгилей кетсек, былтыр сентябрда өлкө башчысы Владимир Путин чет жакта жашаган мекендештердин ыктыярдуу көчүп келүүсүнө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программага өзгөртүү киргизген. Документке ылайык, ага Россиянын жаңы региондорунда төрөлүп, чет жакка кеткенге чейин жашаган мекендештер да катыша алмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0