00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Женщина, меняющая мир»: Галина Кетова о вдохновляющих историях силы и ответственности
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров бүгүн инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышуу алкагында "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясында болду. Ведомстводон билдиришкендей, ал ошондой эле "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын Ак-Чий айылындагы аймагында жайгашкан Heli Sky ЖЧКсынын өндүрүштүк объектилерин кыдырды. Иш сапардын жүрүшүндө жаңы түзүлгөн Ми-171 жана Ми-8 тибиндеги тик учактарды техникалык тейлөө борборунун өндүрүштүк жана техникалык кубаттуулуктары көрсөтүлдү. Агенттиктин өкүлдөрү тетиктердин аймактык кампасынын инфраструктурасы менен таанышып, долбоордун учурдагы абалы тууралуу кеңири маалымат алышканы белгиленди.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Ысык-Ата-2 чакан ГЭСинин ишин көрсөттү.РКӨФтүн маалыматына караганда, станцияны курууга 409 миң доллар бөлүнгөн. Анын ишин өткөн жылдын 31-августунда президент Садыр Жапаров ачкан.Чакан ГЭСтин кубаты 4 мегаватт, жылына 27 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Алгачкы төрт айда ГЭС 14 миллиондон ашык киловатт-саат энергия чыгарган. Ошондой эле Ысык-Ата районун жана жакынкы аймактарды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылууга жардам берген.
Айрым деструктивдүү күчтөр биздин жалпы тарыхыбызды кайра жазууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Ал баш кесерлер, кылмышкерлер жеңүүчүлөр катары, ал эми совет элин агрессор катары көрсөтүүгө аракет кылышканын белгиледи. Элчинин айтымында, бул аракеттер "Өчпөс полк" кыймылынын жардамы менен токтотулган. Демилге элден чыгып, аталган кыймыл Жеңишти унуттурбай, тарыхтын өзгөрүп кетпешине көмөктөштү. "Биздин элдердин тарыхы, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин тарыхы эми үй-бүлөлүк тарых болуп калды. Биз Кыргызстанда да, Россияда да үй-бүлөлүк тарых жана ата-бабаны урматтоо биринчи орунда турарын билебиз. Тарыхты кайра жазууга жана бурмалоого жасала турган кийинки аракеттер да натыйжа бербейт", – деди Вакунов.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча маалыматтык кызматташуу тууралуу меморандумга "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгы" коомдук бирикмеси менен жергиликтүү телеканалдар, анын ичинде Sputnik Кыргызстан агенттигинин ортосунда кол коюлду. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, меморандумдун алкагында тараптар маалыматтык координацияны күчөтүп, расмий пресс-материалдар менен камсыз кылуу, медиаөкүлдөрдү аккредитациялоо, иш-чараларды түз эфирде чагылдыруу, ошондой эле эксклюзивдүү маектерди жана атайын медиадолбоорлорду ишке ашыруу багытында тыгыз кызматташат. Министр Мирбек Мамбеталиев оюндар өлкө маданиятын дүйнөгө тааныткан глобалдык коммуникациялык аянтча экенин, бул долбоор салттуу спорт түрлөрүн, этномаданиятты жана көчмөн цивилизациясынын философиясын бириктирген ири эл аралык маданий-спорттук формат болуп саналарын белгиледи. Маалыматка ылайык, негизги иш-чаралар Бишкек шаарында жана Ысык-Көл аймагында, анын ичинде Кырчын этношаарчасында өтөт. ЖМК үчүн заманбап техникалык инфраструктура менен жабдылган пресс-борборлор уюштурулуп, болжол менен 500гө жакын чет өлкөлүк журналисттин иштөөсү мерчемделүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0