00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:08
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Почему переход на 12-летнее образование оказался таким болезненным для школ Кыргызстана?
12:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:08
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында жазгы талаа жумуштарына даярдык боюнча отчёт берди. Анын айтымында, 2026-жылы 893 суу кудугун (скважина) пайдаланууга берүү пландалууда. Жалпысынан министрлик тарабынан 203 бирдик, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дагы 1 миңге жакын айыл чарба техникасы даярдалган. Мындан тышкары, 139 объектте ирригациялык тутумдарды долбоорлоо жана куруу иштери жүргүзүлөт. Министр билдиргендей, 21 миң гектар аянтка тамчылатып сугаруу тутумдары киргизилет. Анын ичинен 5 миң 200 гектары – мамлекеттин эсебинен, ал эми 14 миң 740 гектары – фермерлердин өз каражатынын эсебинен ишке ашырылат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылдын январь айынан тартып Кытай менен e-Permit эл аралык жүк ташууларга колдонулуучу электрондук уруксат системасын ийгиликтүү ишке ашырды. Ведомстводон маалымдашкандай, мунун негизинде ата мекендик жүк ташуучулар Кытай, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркия өлкөлөрү менен эл аралык жүк ташууларды электрондук уруксаттын негизинде жүргүзүп жатат. Натыйжада уруксат берүүчү документтерди алмашуу процесси кыйла жөнөкөйлөп, ата мекендик жүк ташуучуларга уруксат бланкын онлайн алуу жана тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул кадамдар жүк ташуучуларды жеке келип кезекке туруп кайрылуу зарылдыгынан арылтып, кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн кыйла кыскартты. Буга чейин тараптар жыл сайын уруксат бланктарын кагаз жүзүндө алмашып келген. Мисалы, 2025-жылы Кытай менен 130 миң даана уруксат кагазы алмашылган. Аларды даярдоо жана жеткирүүдө бюджеттик чыгымдар сарпталган.
Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан футбол боюнча 2031-жылкы Азия кубогун өткөрүүгө бирдиктүү талапкер катары арыз беришти. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясы (АФК) билдирди. Маалыматка ылайык, Борбор Азия өлкөлөрү континенталдык турнирди биргелешип өткөрүү ниетин билдиришкен. 2031-жылкы Азия кубогун өткөрүүгө Австралия, Индия, Индонезия, Корея жана Кувейт да өз-өзүнчө арыз беришкен. Ошондой эле АФК Бириккен Араб Эмираттарынын Футбол ассоциациясы 2031-жылкы Азия кубогун өткөрүүгө талапкерликтен баш тартканын тактады. Ал эми Австралия, Япония, Корея жана Кувейт 2035-жылкы Азия кубогун уюштурууга расмий түрдө кызыкдар экенин билдиришкен.
Бишкектин Билим берүү департаменти класстарды тилине карап бөлүүдөн баш тартууну көздөөдө Мекеменин башчысы Рахат Мусаева жаңы конуштарда ачылган орус тилдүү класстарда билим берүүнүн деңгээли төмөн болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, орус класстар үчүн 400дөн ашык мугалим жетишсиз. “Предметтик мугалимдер жетишсиз болууда. Ушуга байланыштуу Билим берүү департаменти Агартуу министрлигине класстарды кыргыз жана орус тилдүү деп бөлбөстөн, айрым сабактарды эки тилде окутуу сунушун киргизген. Демилгеге ылайык, сабактардын бир бөлүгү кыргызча, бир бөлүгү орусча өтүлүп, мүмкүнчүлүк болсо англис тилинде окутууга өтүү пландалууда”, — деди Мусаева.
Жаңылыктар түрмөгү
0