00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
97% школьников с кариесом: как будет работать новая система осмотров
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Цена за квадрат: как не переплатить при покупке квартиры у застройщика - советы юриста
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
"Сүймөнкул" улуттук мюзикли тартууланатЛавров Европа Россияга кол сала турган болсо кандай кесепетке тушугарын айттыЖогорку Кеңештин төрагасы Түркияга расмий сапары менен баратАлдыда кененирээк9-11-февраль күндөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий сапары менен барат. Парламенттен билдиришкендей, кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийинки алгачкы расмий сапарын Түркиядан баштаган Нурланбек Тургунбек уулу боордош өлкөдө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө. Анын ичинен Улуу Улуттук жыйындын төрагасы Нуман Куртулмуш менен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, алакаларды арттыруу багытында пикир алмашат. Эскерте кетсек, өткөн жылдын апрель айында Нуман Куртулмуш дагы Кыргызстанга расмий сапар менен келип, Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган. Ал эми Түркияга Нурланбек Тургунбек уулун депутаттар Алишер Козуев, Кундузбек Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев, Элдар Сулайманов, Гүлай Машрапова жана Элвира Сурабалдиева коштоп барат.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң талант Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган "Сүймөнкул" мюзикли тартууланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Спектакль 12-17-февраль күндөрү өтөт. Акын Акбар Кубанычбековдун калемине таандык эмгек филармониянын чоң залында саат 18:30да көрсөтүлөт. Билеттер сатыкка чыкты. Белгилей кетсек, бул — улуттук филармония тарабынан коюлган үчүнчү мюзикл. Буга чейинки "Жамийла" жана "Раймалы менен Бегимай" чыгармалары да эл тарабынан жогорку баага татыган.
Европа Россияга кол сала турган болсо, Москва колдогу болгон каражаты менен жооп кайтарат. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Президент эгер Европа капысынан эле ниетин ишке ашырып, Россия Федерациясына кол сала турган болсо, биз тараптан атайын операциянын эмес, доктриналык документтерге ылайык толук кандуу аскердик аракеттин деңгээлиндеги жооп болорун айтты", — деди Лавров. Акыркы жылдары Россия батыш чек арасында НАТОнун катуу активдешкенин белгилеп келет. Альянс кулачын кеңейтип, муну Россиянын агрессиясын тизгиндөө деп атаган. Москва блоктун Европада күчтөнүшүнө да тынчсыздануусун билдирген. ТИМ НАТО менен диалогго ачык экенин, бирок сүйлөшүүлөр тең укукта өтүп, Батыш континентти милитаризациялоо ниетинен баш тартышы керектигин айткан.
Японияда өткөн шайлоодо бийликтеги Либерал-демократиялык партиясы (ЛДП) көпчүлүк добушка ээ болгонун Интерфакс билдирет. Анда белгиленгендей, премьер-министр Санаэ Такаитинин партиясы парламенттин төмөнкү палатасындагы 465 орундун 316сын алды. Ал эми коалициядагы өнөктөшү болгон Инновациялар партиясы 36 мандатка ээ болду. Бул ЛДП үчүн 1955-жылы түзүлгөндөн берки эң мыкты жыйынтык. Мурдагы рекорд 1986-жылы, премьер Ясухиро Накасонэнин учурунда болгон (300 орун). Шайлоого чейин ЛДП болгону 198 орунга ээ эле. ЖМКлар бул ийгилик Такаитинин жеке популярдуулугу менен байланыштуу экенин белгилешүүдө. Ал эми оппозиция утулууда. Мурда 172 орунга ээ болгон оппозициялык партиялар азыр болгону 49 орунга ээ боло алышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0