00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Новая «золотая лихорадка»: почему кыргызстанцы скупают слитки и что будет с ценами
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда Орозо 19-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтияттын маалыматы боюнча, бул чечим Өзбекстандын Самарканд шаарында ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңеши тарабынан кабыл алынды. Ага ылайык, 18-февраль күнү кечинде өлкө аймагындагы жалпы мечиттерде тараба намазы окулат.
2026-жылдын аягына чейин ЕАЭБ чегинде электрондук сооданы толук жөнгө салган керектүү укуктук актылардын кабыл алынышы пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди интеграциялоо секторунун жетекчиси Каниет Насирдинов билдирди. Ал өткөн жылы маркетплейстер менен иштеген кыргызстандык экспортчулар товарларды Россияга жеткирүүдө кыйынчылыктарга туш болгонун эске салды. Насирдиновдун айтымында, ишкерлер маркетплейстерди жүк кабыл алган тарап катары көрсөтө албагандыктан, товарлар чек арада кармалып калган. Бул Россияда импорттун көмүскө схемаларына жана кошумча нарк салыгына (КНС) көзөмөлдүн күчөтүлүшүнө байланыштуу болгон. Насирдинов электрондук сооданы өнүктүрүүнүн алкагында бир катар чараларды, анын ичинде укуктук-нормативдик актыларды кабыл алууну караган жол картасы бекитилгенин белгиледи. Бул документтер электрондук соодадагы товарларга алынчу салыктарды жөнгө салат. Ал кошумчалагандай, Wildberries маркетплейсинде Кыргызстандан 5 миңден ашык сатуучу катталган.
Өлкөдө товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрүн киргизүү пландалууда, тагыраагы, ишкердин киреше алам деп кошкон наркы продукциянын өздүк баасынын 25 пайызын гана түзүшү керек. Министрлер кабинети жогорудагыдай мыйзамдын долбоорун демилгелеп, ага рентабелдүүлүк деген түшүнүк киргизүүнү сунуштап жатат. Мындай кадам бизнеске товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын өз алдынча аныктоого мүмкүндүк берет дешти. Жаңы тартипти социалдык жактан маанилүү болгон товарлар менен кызматтарга карата киргизүүнү пландап жатышат.
Бишкекте атмосфералык абадагы булгоочу заттардын чектүү жол берилген концентрациясынан ашып кеткендиги катталды. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 30-январынан 5-февралына чейинки мезгилде борбор калаада атмосфералык абадагы негизги булгануучу заттардын орточо суткалык концентрациялары чектүү деңгээлден 3,25 эсеге чейин ашкан.
Россиянын тынчтык орнотуу боюнча улам кийинки сунушу Украинанын абалын мурункусунан начарлатат. Бул тууралуу ЦРУнун мурдагы аналитиги Ларри Жонсон Daniel Davis YouTube каналынын эфиринде билдирди. "Россия дагы деле Украинанын мамлекет бойдон калышына мүмкүнчүлүк бергиси келип турат. Эгер алар бул келишимди азыр кабыл албаса, кийинки сунуш Одессаны, керек болсо Киевди да жоготууга дуушар кылат", — деди эксперт. Аналитиктин айтымында, өнөктөштөрү канчалык колдоо көрсөтпөсүн, Киевдин бул тирешүүдө жеңип чыгышы мүмкүн эмес. Маселе жеңилүү кандай жоготуулар менен коштолорунда гана болуп жатат. Абу-Дабиде 23-24-январда Россия, АКШ жана Украина делегациялары катышкан сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы жабык өттү. АКШ президентинин өкүлү Стив Уиткофф жолугушуу жалпысынан мазмундуу болгонун айтып, алдыда дагы көп жумуш бар экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0