https://sputnik.kg/20260126/1099352953.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Түндүк айланма жолунун курулушу боюнча министрликтен айтып бериштиЗеленский Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгаруудан кайрадан баш тарттыРоза Айтматова Чыңгыз... 26.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-26T11:00+0600
2026-01-26T11:00+0600
2026-01-26T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/1a/1099352787_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bde19b49f5583a22480e3a3d5af350ae.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Түндүк айланма жолунун курулушу боюнча министрликтен айтып бериштиЗеленский Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгаруудан кайрадан баш тарттыРоза Айтматова Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрбөй коюуну сунуштадыАлдыда кененирээкУлуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы, коомдук ишмер Роза Айтматова коомчулукка кайрылып, соңку убакта интернет мейкиндигинде айтылып жаткан ушак-айыңдарга тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, маркум жазуучунун атын саясий жана коомдук талаш-тартыштарга аралаштырбоо керек. Ушуга байланыштуу Роза Айтматова Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрбөй эле коюуну өкмөткө сунуштап, майрамга бөлүнө турган каражаттарды элдин социалдык абалын жакшыртууга жумшоону туура көрөрүн айтты.
"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун түптөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова 48 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Маркумдун жакындары анын оору менен алышып келгенин билдиришти. Кыргыз улуттук кийиминин адиси Айдай Асангулова 1978-жылы 15-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында жарыкка келген. 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин сүрөтчү-конструктор адистиги боюнча аяктаган. "Бүкөн" студиясында арт-директор болуп, кийиз менен иштеп, андан жасалган аксессуарлар менен кийимдерди AIDAI бренди менен чыгара баштаган. 2011-жылдан баштап "Кийиз дүйнө" коомдук фондун жетектеп, Кыргызстандын маданий мурасын сактап, жайылтууда эбегейсиз эмгек өтөгөн.
Борбор калаадагы Түндүк айланма жолунун курулушунүн жүрүшү туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымат берди. Министр Абсаттар Сыргабаев бүгүн айланма жолго барып, аны кыдырып, курулуш иштерин көрүп чыккан. Алма-Ата — Бишкек — Ташкент жолунун 230-236-чакырымындагы эки деңгээлдүү үч жол түйүнү каттам үчүн убактылуу пайдаланууга берилди. Жаз алды менен асфальт басуу иштери уланмакчы. Министр Сыргабаев курулуш иштеринин сапатына жана графикке ылайык жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл аталган жолдун 15 чакырымы, тагыраагы, Алма-Ата — Бишкек — Ташкент жолунун жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 9,1 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктайт деп күтүлүүдө.
Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүн Донбасстын аймагынан чыгарып кетүү боюнча позициясы өзгөрүүсүз каларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка ылайык, буга чейин Зеленский 30-декабрда АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуудан кийин да армияны аталган аймактан чыгаруудан баш тарткан болчу. "Украинанын аймактык бүтүндүгү боюнча биздин позициябызды кайталап отурбайм, аны баары эле билет. Позициябыз өзгөрүүсүз калууда", — деди Владимир Зеленский Вильнюсте Литванын президенти Гитанас Науседа жана Польшанын президенти Кароль Навроцкий менен өткөн маалымат жыйынында. Ишемби күнү Абу-Дабиде Россия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрү катышкан коопсуздук маселелери боюнча үч тараптуу жумушчу топтун сүйлөшүүлөрүнүн экинчи күнү жыйынтыкталды.
Түндүк айланма жолунун курулушу боюнча министрликтен айтып бериштиЗеленский Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгаруудан кайрадан баш тарттыРоза Айтматова Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрбөй коюуну сунуштадыАлдыда кененирээкУлуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы, коомдук ишмер Роза Айтматова коомчулукка кайрылып, соңку убакта интернет мейкиндигинде айтылып жаткан ушак-айыңдарга тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, маркум жазуучунун атын саясий жана коомдук талаш-тартыштарга аралаштырбоо керек. Ушуга байланыштуу Роза Айтматова Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин өткөрбөй эле коюуну өкмөткө сунуштап, майрамга бөлүнө турган каражаттарды элдин социалдык абалын жакшыртууга жумшоону туура көрөрүн айтты. "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун түптөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова 48 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Маркумдун жакындары анын оору менен алышып келгенин билдиришти. Кыргыз улуттук кийиминин адиси Айдай Асангулова 1978-жылы 15-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында жарыкка келген. 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин сүрөтчү-конструктор адистиги боюнча аяктаган. "Бүкөн" студиясында арт-директор болуп, кийиз менен иштеп, андан жасалган аксессуарлар менен кийимдерди AIDAI бренди менен чыгара баштаган. 2011-жылдан баштап "Кийиз дүйнө" коомдук фондун жетектеп, Кыргызстандын маданий мурасын сактап, жайылтууда эбегейсиз эмгек өтөгөн.Борбор калаадагы Түндүк айланма жолунун курулушунүн жүрүшү туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымат берди. Министр Абсаттар Сыргабаев бүгүн айланма жолго барып, аны кыдырып, курулуш иштерин көрүп чыккан. Алма-Ата — Бишкек — Ташкент жолунун 230-236-чакырымындагы эки деңгээлдүү үч жол түйүнү каттам үчүн убактылуу пайдаланууга берилди. Жаз алды менен асфальт басуу иштери уланмакчы. Министр Сыргабаев курулуш иштеринин сапатына жана графикке ылайык жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл аталган жолдун 15 чакырымы, тагыраагы, Алма-Ата — Бишкек — Ташкент жолунун жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 9,1 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктайт деп күтүлүүдө.Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүн Донбасстын аймагынан чыгарып кетүү боюнча позициясы өзгөрүүсүз каларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка ылайык, буга чейин Зеленский 30-декабрда АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуудан кийин да армияны аталган аймактан чыгаруудан баш тарткан болчу. "Украинанын аймактык бүтүндүгү боюнча биздин позициябызды кайталап отурбайм, аны баары эле билет. Позициябыз өзгөрүүсүз калууда", — деди Владимир Зеленский Вильнюсте Литванын президенти Гитанас Науседа жана Польшанын президенти Кароль Навроцкий менен өткөн маалымат жыйынында. Ишемби күнү Абу-Дабиде Россия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрү катышкан коопсуздук маселелери боюнча үч тараптуу жумушчу топтун сүйлөшүүлөрүнүн экинчи күнү жыйынтыкталды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/1a/1099352787_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_59005b9b8808f1039a39bc3d17410eb5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио