00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
Кыздар волейболу өнүгүшү үчүн спорттук базаны жакшыртуу керек
19:07
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Рекультивация хвостохранилищ: почему МАГАТЭ делает ставку на Кыргызстан
20:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Көлдөргө балык кое берүү, икраларды өстүрүү — иш кандай жүрүүдө?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Каржы министрлиги 2025-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8 миллиард 850 миллион долларды түзгөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен ички карыздын эң чоң бөлүгү — 3 миллиард 527 миллион, узак мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча алынган насыяларга туура келет.Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган насыялар болуп, алардын көлөмү 1 миллиард 499 миллион долларды түзөт. Жалпысынан мамлекеттик карыз ИДПнын 43,49%ына барабар.
Чүйдө унаа өрттөнүп, кыз менен жигит күйүп кеткен окуя боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады. Күмүш түстүү Volkswagen Golf-3 унаасы 20-январда Спартак айылынын четиндеги көлмөнүн жанында күйүп кеткен. Ичинен 26 жаштагы бала менен 16 жаштагы окуучунун сөөгү табылган. Алгачкы маалыматтарда жигит унааны 10 күн мурун алганы, сол фарасы иштебей электрикке кайрылганы айтылган. Адис машинанын техникалык абалы өтө начардыгын, айдоо кооптуу экенин эскерткен. Анткен менен тыкыр тергөө иштеринин натыйжасында кылмыштын белгилери байкалып, "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголду. Маркумдардын сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Облустук милиция жарандардан жалган маалымат таратпоону өтүндү.
Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамптын өкүлү Стив Уиткофф менен жолугуп, сүйлөшүү төрт саатка созулду. Бул тууралуу Кремль билдирди. Жолугушууга Россия тараптан президенттин жардамчысы Юрий Ушаков менен атайын өкүлү Кирилл Дмитриев катышты. Ал эми америкалык делегациянын курамында ишкер, Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен Ак үйдүн улук кеңешчиси Жош Грюнбаум болду. Ушаков жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу: тараптар аймактык маселе чечилмейинче украин жаңжалын жөнгө салуу мүмкүн эмес экенин белгилешти; жума күнү Абу-Дабиде коопсуздук маселелери боюнча үч тараптуу жумушчу топтун алгачкы жыйыны өтөт. Ал жакка бара турган Россия делегациясы Путинден так көрсөтмөлөрдү алды; Уиткофф менен Кушнер Давостогу жолугушуулардан, анын ичинде Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүнөн алган таасирлери менен бөлүштү; Россия Газа боюнча Тынчтык кеңешине тоңдурулган активдин эсебинен миллион доллар бөлүүгө даяр экенин айтты; резердеги калган каражатты Россия менен Украина тынчтык келишимин түзгөндөн кийин аймактарды калыбына келтирүүгө жумшаса болору белгиленди; Россия абал саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салынмайынча атайын аскердик операцияны уланта бермекчи.
АКШ президенти Дональд Трамп украин чырын токтотуп, абалды жөнгө салуучу жөндөмү бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды. Буга чейин Трамп украин чырынын бүтүшүн көпчүлүк каалап жатканын билдирген болчу. Ошентсе да АКШ президенти украин жаңжалында чектерди ажыратуу кыйынга туруп жатканын да мойнуна алды. Белгилей кетсек, Россия Украина маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө даяр экенин бир нече жолу эскерткен. Москва АКШнын тынчтык планын талкуулоого да активдүү катышып келгенин, бирок Киев режиминин эпке келүү ниети күмөн жаратарын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0