00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
От Олимпиады до Игр кочевников: каким будет спортивный год Кыргызстана
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Калктын экономикалык, финансылык сабаттуулугун көтөрүү керек — кадр маселеси качан чечилет?
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
10:04
27 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
10:32
26 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
13:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Камбоджа менен Таиланддын чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына эки өлкөнүн жаңжал чыккан аймактарына баруудан баш тартуу сунушталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Ведомство ошондой эле Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жаткан Кыргызстандын жарандарына этият болууну, коопсуздук чараларын так сактоону эскертти. “Жергиликтүү бийлик менен Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин сунуштарына кылдат көңүл бурууну суранабыз”, — деди ТИМ. Өзгөчө кырдаалдар учурунда Кыргызстандын жарандары Куала-Лумпур шаарындагы элчиликке же Тышкы иштер министрлигинин ыкчам байланыш кайрыла алышат.
Улуттук банк коммерциялык банктарга коюлган талаптарды катаалдаштырууну пландап жатканын кабарлады. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул кадамы менен банк секторунун туруктуулугун жогорулатып, ишенимдүүлүгүн күчөтүүнү көздөөдө. Сунушка ылайык, банктардын уставдык капиталынын минималдуу көлөмү жогорулатылат: жаңы ачылган банктар үчүн талап 1 миллиард сомдон 5 миллиардга көтөрүлөт; системалык мааниге ээ банктар үчүн капитал 2 миллиард сомдон 8 миллиардга жогорулайт; калган банктар үчүн уставдык капиталды 2030-жылга чейин этап-этабы менен 5 миллиард сомго жеткирүү сунушталууда. Азыркы талап — 800 миллион сом. Улуттук банк бул чаралар банктардын каржылык туруктуулугун бекемдеп, көбүрөөк насыя берүүгө мүмкүнчүлүк түзөрун белгиледи. Ошондой эле жаңы инвесторлорду тартып, депозиттер боюнча төлөмдөрдүн кечеңдөөсүнө байланышкан тобокелдиктерди азайтарын кошумчалады.
Бишкектеги башкы балатыны жасалгалоого бюджеттен акча коробойт. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка караганда, иштин баары өнөктөштөрдүн колдоосу менен жасалууда. Алар коммуналдык кызматтардын төлөмүн да өздөрү көтөрүп жатат. “Былтыркы чыгым 26 миллион сомду түзгөн. Быйыл андан көбүрөөк болот. Себеби инвентарь жаңыртылып, башкы аянтка чоң муз аянтчасы курулат. “Бишкек жарык” эски гирляндалардын ордуна 1 миллион сомго жаңысын алды”, — деди мэрия. Андан тышкары, башкы балатыны жандыруу жана жаңы жыл түнүндөгү маданий иш-чарага 5 миллион сом каралганы айтылды.
АКШ президенти Дональд Трамп Европанын азыркы миграциялык жана энергетикалык саясаты аны кыйратышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. “Аларга бекер кеңеш берейин. Эгер сак болушпаса иммиграция менен энергетика Европаны талкалайт”, — деди Трамп. АКШ президенти Европанын миграциялык саясатын биринчи жолу сындап жаткан жок. Буга чейин ал массалык миграция Париж менен Лондонду кандай өзгөрткөнүн айтып, терс пикирин билдирген. Андан мурун Мамлекеттик департамент массалык миграция Батыш цивилизациясына коркунуч жаратып, АКШнын негизги союздаштарынын туруктуулугуна доо кетире турганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0