00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как ЕАЭС готовится к сезонным вспышкам инфекций
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Бляшки, тромбы и риск инсульта: кардиолог о том, что нужно знать каждому
14:05
60 мин
Ачык кеп
Үй-бүлөлүк зомбулук курч бойдон калууда – Акыйкатчы институтуна жылына 10 миңге жакын кайрылуу түшөт
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Фильм «Унчукпа» - как снять триллер на реальных событиях
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Шаабай Азизов — улуу манасчынын өмүр жолу жана мурасы
19:06
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Үй-бүлөлүк зомбулук курч бойдон калууда – Акыйкатчы институтуна жылына 10 миңге жакын кайрылуу түшөт
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
11-декабрда Москвада Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу бүгүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин видео байланыш форматында өткөн жыйынында белгилүү болду. Москвада өтө турган жыйында бүгүн кыргыз тарабы көтөргөн 2026-жылы жогорку деңгээлдеги расмий эл аралык иш-чараларды, атап айтканда, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумун жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы расмий иш-чараларды өткөрүү максатында алып келине турган товарларга карата импорттук бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдик берүү маселеси каралат.
Эми жеке менчик мектептерди ачуу жана лицензиялоо толук электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, лицензиялоо процесстери түп-тамырынан өзгөртүлүп, жеңилдетилди. "Эми лицензия алуу толугу менен электрондук форматта жүргүзүлөт, мектеп уставын макулдашуу талаптары алынат, комиссиялар жоюлду, санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча корутунду 3–7 күндүн ичинде берилет, лицензия алуу мөөнөтү 30 күндөн 20 күнгө кыскарды", - деп айтылат маалыматта.
Жаш ветеринарларды колдоо үчүн “Турак жай + карьера” пилоттук программасы даярдалды Программага жыл ичинде 60 адис катыша алат. Ага киргендер кеминде 5 жыл иштеп берүүгө милдеттендирилет. Программа төмөнкүлөрдү камтыйт: ⭕️колдоо иретиндеги кошумча акы берүү ⭕️ипотекага баштапкы төлөм чогултууга арналган атайын депозитке ай сайын каражат топтоо ⭕️батир ижарасын компенсациялоо же кызматтык турак жай менен камсыз кылуу Айыл чарба министрлиги демилге региондорду жаш ветеринарлар менен камсыздоого багытталганын белгиледи.
Алдамчылар улгайган аялдын 3 млн. сомун “коопсуз эсепке” котортуп алышкан Чүй облустук милициясына 76 жаштагы аял кайрылып, аны “Мегакомдун”, Улуттук банктын кызматкеринин атын жамынып чалган шылуундар алдап кеткенин айткан. Алар жабырлануучунун 3 млн. сомун “коопсуз эсепке” которобуз деген шылтоо менен шыпырып алышкан. Кылмыш иликтенип, шектүү катары 24 жана 25 жаштагы кыз менен жигит кармалган. Алар банктан карта жасатып, маалыматтарын Telegram аркылуу сатышкан. Алдамчылар экөөнүн картасын колдонуп, акчаны чыгарып кетишкен. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.
Күн мурун Индиянын Нью-Дели шаарындагы Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто Дели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы түз үзгүлтүксүз каттамынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, каттам Кыргызстандын Tez Jet авиакомпаниясынын тарабынан ачылууда. Салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов катышты. Бул каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы транспорттук байланышты бекемдөөдө, ишкердик жана туристтик сапарларды жеңилдетүүдө, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0