https://sputnik.kg/20251202/1098295687.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик ооруканаларга жаңы жылдан тарта өз алдынча иш алып барууга мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койду.Мындай кадам... 02.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-02T15:00+0600
2025-12-02T15:00+0600
2025-12-02T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/02/1098295520_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b5a239b424702396fb53d15be6d2bd85.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик ооруканаларга жаңы жылдан тарта өз алдынча иш алып барууга мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койду.Мындай кадам өлкөдөгү саламаттык сактоону, медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу максатында жасалып жатканы айтылат.Жарлыкта учурдагы башкаруу модели мамлекеттик медицинанын өнүгүшүнө тоскоол болуп, ооруканалар финансы, кадр саясатында өз алдынча чечим кабыл ала албай жатканы белгиленген. Ошондой эле атаандаштык жагынан менчик клиникалардан артта калып кеткени да айтылган.Бирок мындай кадам калкты медициналык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерден ажыратпайт. Тиешелүү министрликтер көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн акы кандай жол менен, канча көлөмдө төлөнө тургандыгы жана жалпы эле финансыга байланыштуу маселелерди жөнгө салып, иштеп чыкмакчы.Бул сынамык тажрыйба 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жасалып, соңунда жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы каралат. Азыр кайсы шыпааканалар жаңы багыт боюнча иш алып бара тургандыгы аныкталып жатат.
Бишкек шаарынын чыгыш аймагында акы төлөнүүчү айланма жол салынат. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому чыкты. Маалыматта өкмөт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун жактырганы айтылат. Бул үчүн 79,8 гектар жер аныкталат, зарылдык жаралса тийиштүү жер тилкелери трансформацияланмакчы. Азырынча жол кайсы жерден өтөрү белгилүү боло элек, болгону чыгыш бөлүгүнө салынары маалымдалды.Жолдун курулушу жана тейлөөсү МЖӨ форматы менен жүргүзүлөт.
Россия, Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин спортчулары катышкан хоккей боюнча эл аралык "Жеңиш кубогу" Бишкекте 5-7-декабрда өтөт. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдирди. Иш-чара эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, спортту жайылтууга жана Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерүүгө багытталган достук таймаш форматында болот. "Жеңиш кубогу" советтик жоокерлердин эрдигинен шыктанган муундардын спорттук чеберчилигин жана биримдигин көрсөтүүчү аянтча болору айтылды. "Бул турнир — тарыхты сактоого жана жаштар спортун өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз. Хоккей элдерди бириктирип, ата-бабаларыбыз согуш жылдарында жеңип алган тынчтыктын жана достуктун баалуулуктарын эске салат", — деди иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, "Георгий Победоносец" бейөкмөт уюмунун директору Александр Измайлов. Турнирдин ачылышы 5-декабрда саат 10:00дө Бишкекте отот.
Европа Россия менен согушууга камданып жатат, андан улам континентти сактап калууга болоор бекен деген маселе турат. Бул туурасында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто айтканын РИА Новости жазды. "Евробиримдиктин стратегиялык документтеринде толук аскерий даярдык 2029-жылга чейин аяктоого тийиш экени жазылгандыктан, Европа менен Россиянын кармашы 2030-жыл болушу мүмкүн", — деди ал. Сийярто элди 2026-жылы Венгрияда болчу парламенттик шайлоого катышып, добуш берүүгө чакырды.Венгриянын премьери Виктор Орбан да бул жааатта Батыш саясатчыларынын жана ЖМКлардын билдирүүлөрүнө баам салып турганын айткан. Европанын Россия менен болуп кетиши ыктымал кармашына камданганы жана Брюсселдин аскердик планды жаап-жашырбай эле иштеп чыгып жатканын белгилеген.
Президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик ооруканаларга жаңы жылдан тарта өз алдынча иш алып барууга мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койду.Мындай кадам өлкөдөгү саламаттык сактоону, медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу максатында жасалып жатканы айтылат.Жарлыкта учурдагы башкаруу модели мамлекеттик медицинанын өнүгүшүнө тоскоол болуп, ооруканалар финансы, кадр саясатында өз алдынча чечим кабыл ала албай жатканы белгиленген. Ошондой эле атаандаштык жагынан менчик клиникалардан артта калып кеткени да айтылган.Бирок мындай кадам калкты медициналык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерден ажыратпайт. Тиешелүү министрликтер көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн акы кандай жол менен, канча көлөмдө төлөнө тургандыгы жана жалпы эле финансыга байланыштуу маселелерди жөнгө салып, иштеп чыкмакчы.Бул сынамык тажрыйба 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жасалып, соңунда жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы каралат. Азыр кайсы шыпааканалар жаңы багыт боюнча иш алып бара тургандыгы аныкталып жатат. Бишкек шаарынын чыгыш аймагында акы төлөнүүчү айланма жол салынат. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому чыкты. Маалыматта өкмөт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун жактырганы айтылат. Бул үчүн 79,8 гектар жер аныкталат, зарылдык жаралса тийиштүү жер тилкелери трансформацияланмакчы. Азырынча жол кайсы жерден өтөрү белгилүү боло элек, болгону чыгыш бөлүгүнө салынары маалымдалды.Жолдун курулушу жана тейлөөсү МЖӨ форматы менен жүргүзүлөт. Россия, Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин спортчулары катышкан хоккей боюнча эл аралык "Жеңиш кубогу" Бишкекте 5-7-декабрда өтөт. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдирди. Иш-чара эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, спортту жайылтууга жана Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерүүгө багытталган достук таймаш форматында болот. "Жеңиш кубогу" советтик жоокерлердин эрдигинен шыктанган муундардын спорттук чеберчилигин жана биримдигин көрсөтүүчү аянтча болору айтылды. "Бул турнир — тарыхты сактоого жана жаштар спортун өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз. Хоккей элдерди бириктирип, ата-бабаларыбыз согуш жылдарында жеңип алган тынчтыктын жана достуктун баалуулуктарын эске салат", — деди иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, "Георгий Победоносец" бейөкмөт уюмунун директору Александр Измайлов. Турнирдин ачылышы 5-декабрда саат 10:00дө Бишкекте отот.Европа Россия менен согушууга камданып жатат, андан улам континентти сактап калууга болоор бекен деген маселе турат. Бул туурасында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто айтканын РИА Новости жазды. "Евробиримдиктин стратегиялык документтеринде толук аскерий даярдык 2029-жылга чейин аяктоого тийиш экени жазылгандыктан, Европа менен Россиянын кармашы 2030-жыл болушу мүмкүн", — деди ал. Сийярто элди 2026-жылы Венгрияда болчу парламенттик шайлоого катышып, добуш берүүгө чакырды.Венгриянын премьери Виктор Орбан да бул жааатта Батыш саясатчыларынын жана ЖМКлардын билдирүүлөрүнө баам салып турганын айткан. Европанын Россия менен болуп кетиши ыктымал кармашына камданганы жана Брюсселдин аскердик планды жаап-жашырбай эле иштеп чыгып жатканын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/02/1098295520_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_944934a49f8de289c93bb9ef90cc3132.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио