00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кибермошенничество, ИИ и личные данные: что меняет цифровой кодекс КР
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Түшүмдүүлүк 20 пайызга жогорулайт - Өкмөт күзгү дан айдоону колго алууда
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мектептерде зомбулукту азайтуу боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эки жумада 2709 кайрылуу түшкөн – Эми айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырса болот
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Промышленная кооперация в ЕАЭС: в какие проекты может попасть Кыргызстан?
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык документ боло алабы?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Окуучулардын өнөр жолу ачылат. Өлкөдө алгачкы жолу “Жаш талант” фестивалы өтөт
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Рост ОРВИ и грипп в Кыргызстане: как защитить детей этой зимой?
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Биз курган үйлөр ЕАЭБ мамлекеттериндеги туризмди өнүктүрүүгө көмөктөш боло алат
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
О вкладе российских ученых в изучение эпоса «Манас»
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Айтматовдун феномени эмнеде? Жазуучу тууралуу маек
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Окуучулардын өнөр жолу ачылат. Өлкөдө алгачкы жолу “Жаш талант” фестивалы өтөт
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча бизнес-форумга катышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Мааламатка караганда, иш-чараны Борбор Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташтык уюму уюштурууда. Өкмөт башчынын иш-чарада сүйлөгөн сөзүнөн урунттуу учурлар: экономиканын өсүшү төртүнчү жыл катары менен 9 пайыздан жогору болуп жатат; ушул жылдын 10 айында ИДПнын өсүү темпи 10 пайызды түздү; 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,5 триллион сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсе көбөйдү; былтыр Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди; быйыл биринчи жарым жылда 159 миң жумуш орду түзүлдү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,9 эсеге көбөйдү; 2025-жылдын 10 айында негизги капиталга инвестициянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,9 пайызга жогорулады.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы жок экенин, болгону аны үнөмдөө зарыл экенин айтты. Ал соцтармактагы билдирүүсүндө кышында адатка айлангандай эле электр кубаты чет жактан сатып алынарын жазган. "Жылдагыдай эле кышында кошуна өлкөлөрдөн 3 сомдон импорт алып келебиз, элге болсо 1, сом 37 тыйындан беребиз. Ортодогу айырма кайра эле НЭСКтин мойнуна карыз болуп топтоло берет. Ошондуктан президент импортту азайткыла, энергияны үнөмдөп, келерки жылы калган 25 миллиард сом карыздан кутулгула деп тапшырма койду", — деди министр. Ал ошондой эле келерки жылы тармак карыздан чыгып, кирешеге өтөрүн кошумчалады.
Кыргызстанда бир күн болсо да Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Ленинград блокадасын баштан кечиргендер, алардын туугандары жана "Блокадалык Ленинграддын тургуну" макамын алууга укуктуу жарандар изделүүдө. Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомчулугу буга 2025-жылдын октябрында "Блокадалык Ленинграддын тургундары" уюмунун, Блокадачылардын эл аралык ассоциациясынын президентинин демилгеси жана Россия президенти Владимир Путиндин колдоосу менен Россияда кабыл алынган мыйзам себеп экенин билдирди. Ага ылайык, "Блокадалык Ленинграддын тургуну" макамын алууга укуктуу жарандардын категориясы кеңейген. Документте курчоодо калган шаарда кеминде төрт ай жашоо талабы алып салынган. Эми аталган макамды 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейинки блокадада Ленинградда болгондор эле эмес, бир күн жүрүп калгандар да алууга укуктуу. Мындай чечим тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана блокада апаатын баштан кечиргендердин эрдигин таанууга багытталган.
Баткен облусунун Айдаркен шаарында таш майдалоочу жана бетон заводунун курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, заводдун курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 32 млн сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттен 20 млн сом жумшалган. Натыйжада 10 жумуш оруну түзүлүп, заводдон түшкөн каражат жергиликтүү бюджетке киреше болору кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0