https://sputnik.kg/20250930/1096843097.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен күнүнө 27 миң жумуртка чыгарган тоок фабрикасы ачылды. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей... 30.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-30T13:00+0600
2025-09-30T13:00+0600
2025-09-30T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1e/1096842931_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4670f7c5ed29970501b07238b58a113f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен күнүнө 27 миң жумуртка чыгарган тоок фабрикасы ачылды. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, фонд бул долбоорго 500 миң доллар бөлүп, анын эсебинен жем чыгаруучу чакан ишканасы бар заманбап комплекс курулган. Ошондой эле жабдуу жана канаттуулар сатып алынган. Фабрикада дан өстүрүүдөн тартып, тоют даярдоо жана продукцияны жергиликтүү базарларга жеткирүүгө чейинки толук цикл менен иштеген система түзүлгөн. "Фабрика күнүнө 27 миң жумуртка өндүргөн кубаттуулукка жетип, продукция Жалал-Абад облусунун базарларын толук камтууда. Ишкананын күнүнө 7 тоннадан ашык жем чыгарган фабрикасы дагы бар. Бул өз кезегинде сапатты көзөмөлдөп, импорттон көз карандылыкты азайтууга шарт түздү", — деп белгилеген фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков. Учурда ишканада 13 жумуш орду түзүлгөн. Алдыда алардын саны 25ке чейин көбөйөт.
Кыргызстанда 1-октябрдан баштап 30-декабрга чейин көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн максималдуу баасын аныктап, көзөмөл жүргүзөт. Мөөнөт базардагы абалга жараша узартылышы мүмкүн. Буга чейин Кара-Кечеден көмүрдүн тоннасы 2460 сомдон сатылары белгиленген.
Кыргызстан жана башка КМШ өлкөлөрү "Иннопром. Беларусь" көргөзмөсүндө өздөрүнүн продукцияларын сунушташты. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн Telegram каналы жазды. Иш-чара 29-сентябрдан 1-октябрга чейин Минскидеги эл аралык Belexpo көргөзмө борборунун аймагында өтүп жатат. Кыргызстандын улуттук стендин "Кыргыз экспорт" борборунун директору Урмат Такиров тааныштырды. Анын айтымында, республика быйыл үчүнчү жолу КМШ өлкөлөрүнө өз өндүрүшүн көргөзүп жатат. Андан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын стендинде уюмдун кооперациялык долбоорлорго финансылык жардам көрсөтүү механизми менен колдоо алган ишканалардын товарлары коюлган. Учурда бул багытта эки долбоор ишке ашууда. Алар — Казакстан менен Россиядагы темир жол жана айыл чарба машиналарын өндүргөн заводдор. Көргөзмөнү уюштургандардын айтымында, аталган иш-чара Беларустагы мазмундуу жана технологиялык маанилүү окуялардын бири. Ага катышкандар өндүрүштү комплекстүү санариптештирүү, бизнес үчүн санариптик технологиялар, ийгиликтүү эл аралык бизнес үчүн ийкемдүү экспорт сыяктуу темаларды да талкууга алышат.
Кытайдагы майрамдарга байланыштуу "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Ага ылайык, убактылуу чектөө 1-3-октябрь жана 6-октябрь күндөрү болот. "Ал эми 4-5-октябрь күндөрү жүк ташуучу транспорт каражаттарын жана товарларды тариздөө, өткөрүү процедуралары гана жүргүзүлөт. Бул күндөрү жеке жактар өтө албайт", — деп айтылат маалыматта. Жогоруда аталган көзөмөл-өткөрүү пунктулары 7-октябрдан тарта штаттык режимде иштеп баштайт. Чек ара жабылган күндөрү Кытайда өлкөнүн түзүлгөн күнү жана Күз майрамы белгиленет.
Жалал-Абадда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен күнүнө 27 миң жумуртка чыгарган тоок фабрикасы ачылды. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, фонд бул долбоорго 500 миң доллар бөлүп, анын эсебинен жем чыгаруучу чакан ишканасы бар заманбап комплекс курулган. Ошондой эле жабдуу жана канаттуулар сатып алынган. Фабрикада дан өстүрүүдөн тартып, тоют даярдоо жана продукцияны жергиликтүү базарларга жеткирүүгө чейинки толук цикл менен иштеген система түзүлгөн. "Фабрика күнүнө 27 миң жумуртка өндүргөн кубаттуулукка жетип, продукция Жалал-Абад облусунун базарларын толук камтууда. Ишкананын күнүнө 7 тоннадан ашык жем чыгарган фабрикасы дагы бар. Бул өз кезегинде сапатты көзөмөлдөп, импорттон көз карандылыкты азайтууга шарт түздү", — деп белгилеген фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков. Учурда ишканада 13 жумуш орду түзүлгөн. Алдыда алардын саны 25ке чейин көбөйөт. Кыргызстанда 1-октябрдан баштап 30-декабрга чейин көмүрдүн баасына мамлекеттик көзөмөл кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн максималдуу баасын аныктап, көзөмөл жүргүзөт. Мөөнөт базардагы абалга жараша узартылышы мүмкүн. Буга чейин Кара-Кечеден көмүрдүн тоннасы 2460 сомдон сатылары белгиленген. Кыргызстан жана башка КМШ өлкөлөрү "Иннопром. Беларусь" көргөзмөсүндө өздөрүнүн продукцияларын сунушташты. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн Telegram каналы жазды. Иш-чара 29-сентябрдан 1-октябрга чейин Минскидеги эл аралык Belexpo көргөзмө борборунун аймагында өтүп жатат. Кыргызстандын улуттук стендин "Кыргыз экспорт" борборунун директору Урмат Такиров тааныштырды. Анын айтымында, республика быйыл үчүнчү жолу КМШ өлкөлөрүнө өз өндүрүшүн көргөзүп жатат. Андан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын стендинде уюмдун кооперациялык долбоорлорго финансылык жардам көрсөтүү механизми менен колдоо алган ишканалардын товарлары коюлган. Учурда бул багытта эки долбоор ишке ашууда. Алар — Казакстан менен Россиядагы темир жол жана айыл чарба машиналарын өндүргөн заводдор. Көргөзмөнү уюштургандардын айтымында, аталган иш-чара Беларустагы мазмундуу жана технологиялык маанилүү окуялардын бири. Ага катышкандар өндүрүштү комплекстүү санариптештирүү, бизнес үчүн санариптик технологиялар, ийгиликтүү эл аралык бизнес үчүн ийкемдүү экспорт сыяктуу темаларды да талкууга алышат.Кытайдагы майрамдарга байланыштуу "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Ага ылайык, убактылуу чектөө 1-3-октябрь жана 6-октябрь күндөрү болот. "Ал эми 4-5-октябрь күндөрү жүк ташуучу транспорт каражаттарын жана товарларды тариздөө, өткөрүү процедуралары гана жүргүзүлөт. Бул күндөрү жеке жактар өтө албайт", — деп айтылат маалыматта. Жогоруда аталган көзөмөл-өткөрүү пунктулары 7-октябрдан тарта штаттык режимде иштеп баштайт. Чек ара жабылган күндөрү Кытайда өлкөнүн түзүлгөн күнү жана Күз майрамы белгиленет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1e/1096842931_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3b8025169bc6b83e344de69f9b27c227.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио