00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кыргызстан адаптирует бизнес-правила под нормы ЕАЭС и цифровую экономику
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте “Жаңы ысымдар” эл аралык театр фестивалы өтөт
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
«Ала-Тоо резортто» аукциондун экинчи этабы башталды — жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, этно шаарча, ресторандар курулат
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Дипломдук ишти стажировка менен алмаштыруу сунушталууда: Кыргызстандагы студенттер үчүн жаңы эрежелер
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Мафия» тасмасы: «Стоп кадр» программасында криминалдык дүйнө ачылат
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Дипломдук ишти стажировка менен алмаштыруу сунушталууда: Кыргызстандагы студенттер үчүн жаңы эрежелер
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, ардактуу кароол тизилген. Мамлекет башчылары үчүн кыргыз жана казак музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусунда концерттик программа уюштурулду. Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамдагы сүйлөшүүсү жана мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөрү күтүлүүдө.
Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетовдун медиктерге ыктыярдуу “чай пул” төлөө идеясын колдоду. Эскерте кетсек, буга чейин Баетов официантка "чай пул" берилсе жакшы, ал эми дарыгерге берилсе пара болуп каларын билдирген. Мындан улам ведомстволор аралык комиссияда ыктыярдуу кошумча төлөмдөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү караларын айткан. Sputnik агенттигиндеги маегинде Чечейбаев Кыргызстанда орточо айлык 42 миң сом болсо, дарыгерлердики 26 миң сом экенин белгиледи. Башкача айтканда, расмий айлык орточо көрсөткүчкө да жетпейт. Бирок дүйнөлүк стандарттар боюнча ал эки эсе көп болушу керек. “Кээде "эгер мага төлөсөңөр операция жасайм" деп опузалоо болуп кетиши мүмкүн. Бул нерсе албетте туура эмес жана коррупция болуп саналат. Кызмат көрсөтүлбөй жатып шарт койгон болбойт. Бирок эгер дарыгер эч кандай шарт койбостон өз ишин мыкты аткарса, бейтап ыраазы болсо ал эмнеге ошол ыраазычылыкты алуудан уялышы керек?” — деди министр.
Бишкек жана Ош шаарларында 23-26-27-август күндөрү Россиянын "Кино түнү" акциясы өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданий борборунан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, акция 27-август — Россия киносу күнүнүн урматына уюштурулууда. Бул жылы иш-чара 10-ирет өткөрүлөт. Шаар жашоочуларына Россия кинематографиясынын белгилүү, жаңы тасмалары тартууланат. Бишкекте көрсөтүлгөн кинолорго барууну каалагандар алдын ала жазылып коюш керек. Мындан тышкары, борбор шаардын тургундары белгилүү искусство ишмерлери, акын Арсений Тарковский менен анын уулу, кинорежиссер Андрей Тарковскийдин чыгармачылыгы менен өмүр баянын чагылдырган көргөзмөгө күбө боло алат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа шаарына көзөмөл орнотуу жана палестиналык ХАМАС кыймылын толук талкалоо боюнча планды бекитти. Бул тууралуу РИА Новостиге премьер-министрдин кеңсесинин кеңешчиси Дмитрий Гендельман билдирди. Аны аскердик командачылыктын сунуштаганы айтылды. "Премьер-министр Биньямин Нетаньяху бүгүн Газа дивизиясына барып, Израилдин коргонуу армиясынын Газа шаарына көзөмөл орнотуу жана террордук ХАМАС уюмун толук талкалоо боюнча пландарын бекитти. Өкмөт башчы согушту өлкө үчүн пайдалуу кылып аяктоого Израилдин чечкиндүүлүгүн баса белгиледи. Андан сырткары, барымтага алынгандардын бардыгын бошотуу боюнча дароо сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырды", — деди ал. Ал Газадагы согуш жакында жарым эксклавды алгандан соң аяктай турганын жар салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0