00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Генплан Бишкека: что поддерживают строители и что их тревожит
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык документ боло алабы?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Красные и зелёные книги уходят? Юрист о том, что значит кадастровый план
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Алтын менен камсыздалган улуттук стейблкоин — артыкчылыктары жана келечеги
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров өлкөгө алгачкы расмий сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинди кабыл алды. Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, анда кыргыз-россия мамилелеринин актуалдуу маселелери, товар жүгүртүү, инвестицияны көбөйтүү, ошондой эле билим берүү, маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү талкууланды. Мамлекет башчы Кыргызстандын азыркы чакырыктардын шартында ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУ менен кызматташтыкты тереңдеткени өзгөчө актуалдуулукка ээ болорун айткан. Ал эртең Ысык-Көлдө өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин ишинин маанисин белгилеген.Россия өкмөтүнүн төрагасы Мишустин Жапаровдун жакында Москвага болгон сапары эки тараптуу мамилелерге жаңы дем бергенин айткан. Ал республикада 1700 россиялык компания иштей турганын, аларга жакшы шарттар түзүлүп жатканын белгилеген. Россиянын 80 аймагы Кыргызстан менен түздөн-түз кызматташарын, жакынкы аралыкта өлкөдө жаңы долбоорлор менен XII аймактар аралык форум өтөрүн эске салган. Ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө, анын ичинде 9 мектеп салуу долбооруна көңүл бурулган. ЕАЭБ алкагында иштешүү эки өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөрү белгиленген.
Монополияга каршы кызмат Бишкек, Ош шаарлары менен облустар үчүн 1 кг эттин эң жогорку баасын бекитти.Документке ылайык, борбор калаада уй эти 680 сомдон, ал эми кой эти 670 сомдон кымбат болбошу керек. 11-августтан тарта эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Өз кезегинде айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Ветеринария кызматына эттин дүң баасын төмөндөтүүнү тапшырып, мамлекеттик ишканаларга уйдун этин импорттоо милдети коюлган.
Коргоо министрлигинин "Скорпион" спецназында контракт менен кызмат өтөгөн жоокер каза болгонун ишенимдүү маалымат булактары кабарлады. Алдын ала маалымат боюнча, жоокерлердин бири кокусунан шеригин автомат менен атып алган. Ок жеген жоокер ооруканага жетпей көз жумган. Коргоо министрлиги каргаша болгонун тастыктап, окуя пландык аскердик машыгуу учурунда болгонун айтты. Аскер прокуратурасы кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Коргоо министри Руслан Муканбетов ички иликтөөнү көзөмөлгө алды.
Россиянын президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен Аляскада жолугуу алдында Магаданга келип түштү. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песковдун айтымында, бул аймакта мамлекет башчы көрктөндүрүү жана өнөр жай объектилерин карап чыгат, ошондой эле губернатор Сергей Носов менен сүйлөшөт. "Андан соң ал Аляскага аттанып, орус-америкалык сүйлөшүү иштерине киришет", — деди ал. Магадан менен Анкориждин аралыгы болжол менен үч миң чакырым. Бир шаардан экинчисине орто эсеп менен алганда төрт саатта учуп жетет. Белгилей кетсек, Аялскадагы Россия-АКШ саммити Путин менен Трамптын жолугушуусу Анкориждин убактысы боюнча 11:30да, Бишкек убактысы боюнча ишембиге караган түнү саат 1:30да башталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0