https://sputnik.kg/20250814/1095872268.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде электрондук санариптик кол тамга өз ара тааныла баштайтПутин Кыргызстанга инвестиция салгандардын сап башында Россия турганын айтты700 сомдон ашпашы... 14.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-14T13:00+0600
2025-08-14T13:00+0600
2025-08-14T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0e/1095872136_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f34b1a9508fd2305e20cdce10afa355f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде электрондук санариптик кол тамга өз ара тааныла баштайтПутин Кыргызстанга инвестиция салгандардын сап башында Россия турганын айтты700 сомдон ашпашы керек. Эттин баасын төмөндөтүү тапшырылдыКыргызстандын ЕАЭБге кириши өлкө үчүн стратегиялык маанилүү кадам болгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Ал 12-августта Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине 10 жыл толгонун айтып, бул кадам өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгонун белгиледи. "Он жыл ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПсы 17,8 пайызга өсүп, жумушсуздук деңгээли 3 пайызга кыскарган. Бул көрсөткүчтөр интеграциялык багыттын натыйжалуулугун жана келечектүүлүгүн далилдейт. Союзга мүчө мамлекеттердин экономикасынын дээрлик бардык негизги тармактарында өсүш байкалууда", — деди Амангелдиев.
ЕАЭБ жакында электрондук санариптик кол тамганы өз ара тааный баштайт. Бул тууралуу ЕЭКтин профилдик министри Варос Симонян Ысык-Көлдө башталган Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди. Анын айтымында, электрондук документ жүгүртүү кыял эмес, реалдуулукка айланат. Симонян жыл соңунда боло турган саммитте "бештиктин" лидерлерине бул боюнча маалымат берилерин белгиледи. Буга чейин санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Кыргызстандын электрондук документтерин ЕАЭБде таанытуу боюнча иш жүрүп жатканын кабарлаган. Ушул тапта Ысык-Көл облусунун Бостери айылында VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтүп жатат. Анда "Санарип суверенитет — экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү" деген теманын алкагында талкуулар жүрүүдө.
Министр Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына эттин дүң баасын төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эттин чекене баасын 700 сомдон ашырбоо милдеттендирилип, мамлекеттик ишканаларга уйдун этин импорттоо тапшырмасы коюлду. Буга чейин Экономика жана соода министрлиги 11-августтан тарта эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин кабарлаган.
Кыргызстанга инвестиция салган өлкөлөрдүн алдыңкы катарында Россия турат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путиндин Ысык-Көлдө өтүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форум катышуучуларына жасаган кайрылуусунда айтылды. Өлкө башчынын сөзүн РФ президентинин администрациясынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башчысы Игорь Маслов окуп берген. Кайрылууда эки өлкөнүн ортосунда мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын негизинде өнүгүп жатканы белгиленип, буга экономикалык кызматташтык негиз экени айтылган. "Эки тараптуу соода жүгүртүү жогорку темп менен өсүп жататат. Россия Кыргызстанга инвестиция салган өлкөлөрдүн ичинен алдыңкы орунда турат. Мында форумдун салттуу уюштуруучусу болгон Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролу чоң. Фонд ишин баштагандан бери 3,5 миңден ашуун долбоорго 900 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Анын көмөгү менен Кыргызстанда заманбап өндүрүш ишканалары жана социалдык объектилер курулуп, он миңдеген жумуш орундары түзүлүүдө", — деп айтылат Путиндин кайрылуусунда.
ЕАЭБде электрондук санариптик кол тамга өз ара тааныла баштайтПутин Кыргызстанга инвестиция салгандардын сап башында Россия турганын айтты700 сомдон ашпашы керек. Эттин баасын төмөндөтүү тапшырылдыКыргызстандын ЕАЭБге кириши өлкө үчүн стратегиялык маанилүү кадам болгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Ал 12-августта Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине 10 жыл толгонун айтып, бул кадам өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгонун белгиледи. "Он жыл ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПсы 17,8 пайызга өсүп, жумушсуздук деңгээли 3 пайызга кыскарган. Бул көрсөткүчтөр интеграциялык багыттын натыйжалуулугун жана келечектүүлүгүн далилдейт. Союзга мүчө мамлекеттердин экономикасынын дээрлик бардык негизги тармактарында өсүш байкалууда", — деди Амангелдиев.ЕАЭБ жакында электрондук санариптик кол тамганы өз ара тааный баштайт. Бул тууралуу ЕЭКтин профилдик министри Варос Симонян Ысык-Көлдө башталган Кыргыз-Россия экономикалык форумунда билдирди. Анын айтымында, электрондук документ жүгүртүү кыял эмес, реалдуулукка айланат. Симонян жыл соңунда боло турган саммитте "бештиктин" лидерлерине бул боюнча маалымат берилерин белгиледи. Буга чейин санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Кыргызстандын электрондук документтерин ЕАЭБде таанытуу боюнча иш жүрүп жатканын кабарлаган. Ушул тапта Ысык-Көл облусунун Бостери айылында VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтүп жатат. Анда "Санарип суверенитет — экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү" деген теманын алкагында талкуулар жүрүүдө.Министр Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына эттин дүң баасын төмөндөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эттин чекене баасын 700 сомдон ашырбоо милдеттендирилип, мамлекеттик ишканаларга уйдун этин импорттоо тапшырмасы коюлду. Буга чейин Экономика жана соода министрлиги 11-августтан тарта эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин кабарлаган.Кыргызстанга инвестиция салган өлкөлөрдүн алдыңкы катарында Россия турат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путиндин Ысык-Көлдө өтүп жаткан VII Кыргыз-Россия экономикалык форум катышуучуларына жасаган кайрылуусунда айтылды. Өлкө башчынын сөзүн РФ президентинин администрациясынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башчысы Игорь Маслов окуп берген. Кайрылууда эки өлкөнүн ортосунда мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын негизинде өнүгүп жатканы белгиленип, буга экономикалык кызматташтык негиз экени айтылган. "Эки тараптуу соода жүгүртүү жогорку темп менен өсүп жататат. Россия Кыргызстанга инвестиция салган өлкөлөрдүн ичинен алдыңкы орунда турат. Мында форумдун салттуу уюштуруучусу болгон Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролу чоң. Фонд ишин баштагандан бери 3,5 миңден ашуун долбоорго 900 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Анын көмөгү менен Кыргызстанда заманбап өндүрүш ишканалары жана социалдык объектилер курулуп, он миңдеген жумуш орундары түзүлүүдө", — деп айтылат Путиндин кайрылуусунда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0e/1095872136_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5402a16189702ef6ba45d7b431590abe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио