https://sputnik.kg/20250814/1095859058.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ болбогондо бензиндин баасы литрине 100 сомдон ашмак. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти, Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурда... 14.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-14T09:00+0600
2025-08-14T09:00+0600
2025-08-14T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0e/1095858926_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_34e531e766ea4fff00451ff045b399ba.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ болбогондо бензиндин баасы литрине 100 сомдон ашмак. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти, Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурда премьер-министрликти аркалаган Темир Сариев билдирди. Ал VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында "Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулганына 10 жыл" аттуу илимий-практикалык конференцияда сүйлөп, өлкөнүн аталган уюмга кирүүсү саясий жана экономикалык жактан пайдалуу болгонун белгиледи. Ошондой эле ал учурунда Кыргызстан ЕАЭБге кошулбаса азыр абал кандай болорун элестетүү кыйын экенин айтты. "Анткени күйүүчү май боюнча биз дээрлик толугу менен Россиядан көз карандыбыз. Эгер бажы алымы тоннасына 400 доллар болгондо, бүгүн бензиндин баасы литрине 100 сомдон ашып кетмек. Бул баанын өздүк наркына түздөн-түз таасир этет. Металл продукциясын толугу менен сырттан алабыз, химиялык товарларды, жыгач материалдарын толугу менен импорттойбуз. Бул жерде төрт эркиндик бизге товарларды бажы төлөмсүз алып кирүүгө шарт түзөт. Эгер алтынды эсептен чыгарып койсок, биздин экспорттун 75-80 пайызы ЕАЭБ рыногуна туура келет. Ошондуктан экономист катары, түшүнгөн адам катары айтсам: бул туура жана пайдалуу чечим болгон", — деди Сариев. Мындан тышкары, ал өкмөткө кайрылып, уюм кепилдеген төрт эркиндиктин толук иштешин камсыз кылуу керектигин кошумчалады.
Бүгүнкү күндө өлкөдө “Келечекке салым” программасы аркылуу 20 жетим бала каражатты пайдаланды.Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, пайдаланылган каражаттардын жалпы көлөмү 3 млн 71 миң 919 сомду түздү. Бул каражаттар негизинен үч тармакка багытталган: 638 миң сому – ден соолугун чыңдоого,2 миллион 400 мин сомдон ашыгы – турак жай шарттарын жакшыртууга, 228 миң сом – окуу акысын төлөөгө жумшалган.Программа 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталып, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды колдоого багытталган.Анын алкагында “Айыл Банк” аркылуу жетим балдар үчүн аманат эсептери ачылып, 18 жашка чыккандан кийин алар билим алууга, ден соолукка же турак жай сатып алууга бул каражаттарды пайдалана алышат.
14-28-август аралыгында Монголияда кыргыздардын, кыргыз тектүү этностордун, ошондой эле кыргыздар менен байланышкан тарыхый, маданий жана фольклордук мурастарын илимий жактан изилдөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Илимий изилдөө өлкө башчысынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө" жарлыгынын алкагында жүргүзүлөт. Мамлекет тарабынан алгачкы жолу уюштурулуп жаткан бул экспедиция Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы этномаданий жана тарыхый байланыштарды кайра жандандыруу, ошондой эле жоголуу коркунучунда турган руханий жана материалдык мурастарды сактап калуу максатында жүргүзүлөт. Иш чара Кыргызстандагы этнография, тарых, фольклористика, лингвистика жана тарыхый география тармактары үчүн жаңы булактарды ачууга багытталган. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен Маданият министрлиги тарабынан илимий басылма жарыкка чыгып, документалдуу фильм тартылат.
ЕАЭБ болбогондо бензиндин баасы литрине 100 сомдон ашмак. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын президенти, Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурда премьер-министрликти аркалаган Темир Сариев билдирди. Ал VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында "Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулганына 10 жыл" аттуу илимий-практикалык конференцияда сүйлөп, өлкөнүн аталган уюмга кирүүсү саясий жана экономикалык жактан пайдалуу болгонун белгиледи. Ошондой эле ал учурунда Кыргызстан ЕАЭБге кошулбаса азыр абал кандай болорун элестетүү кыйын экенин айтты. "Анткени күйүүчү май боюнча биз дээрлик толугу менен Россиядан көз карандыбыз. Эгер бажы алымы тоннасына 400 доллар болгондо, бүгүн бензиндин баасы литрине 100 сомдон ашып кетмек. Бул баанын өздүк наркына түздөн-түз таасир этет. Металл продукциясын толугу менен сырттан алабыз, химиялык товарларды, жыгач материалдарын толугу менен импорттойбуз. Бул жерде төрт эркиндик бизге товарларды бажы төлөмсүз алып кирүүгө шарт түзөт. Эгер алтынды эсептен чыгарып койсок, биздин экспорттун 75-80 пайызы ЕАЭБ рыногуна туура келет. Ошондуктан экономист катары, түшүнгөн адам катары айтсам: бул туура жана пайдалуу чечим болгон", — деди Сариев. Мындан тышкары, ал өкмөткө кайрылып, уюм кепилдеген төрт эркиндиктин толук иштешин камсыз кылуу керектигин кошумчалады. Бүгүнкү күндө өлкөдө “Келечекке салым” программасы аркылуу 20 жетим бала каражатты пайдаланды.Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, пайдаланылган каражаттардын жалпы көлөмү 3 млн 71 миң 919 сомду түздү. Бул каражаттар негизинен үч тармакка багытталган: 638 миң сому – ден соолугун чыңдоого,2 миллион 400 мин сомдон ашыгы – турак жай шарттарын жакшыртууга, 228 миң сом – окуу акысын төлөөгө жумшалган.Программа 2024-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталып, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды колдоого багытталган.Анын алкагында “Айыл Банк” аркылуу жетим балдар үчүн аманат эсептери ачылып, 18 жашка чыккандан кийин алар билим алууга, ден соолукка же турак жай сатып алууга бул каражаттарды пайдалана алышат.14-28-август аралыгында Монголияда кыргыздардын, кыргыз тектүү этностордун, ошондой эле кыргыздар менен байланышкан тарыхый, маданий жана фольклордук мурастарын илимий жактан изилдөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Илимий изилдөө өлкө башчысынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө" жарлыгынын алкагында жүргүзүлөт. Мамлекет тарабынан алгачкы жолу уюштурулуп жаткан бул экспедиция Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы этномаданий жана тарыхый байланыштарды кайра жандандыруу, ошондой эле жоголуу коркунучунда турган руханий жана материалдык мурастарды сактап калуу максатында жүргүзүлөт. Иш чара Кыргызстандагы этнография, тарых, фольклористика, лингвистика жана тарыхый география тармактары үчүн жаңы булактарды ачууга багытталган. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен Маданият министрлиги тарабынан илимий басылма жарыкка чыгып, документалдуу фильм тартылат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0e/1095858926_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7b5892dd400ce9ddd4e70ebfcdc0398f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио