00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Генплан Бишкека: что поддерживают строители и что их тревожит
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык документ боло алабы?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Красные и зелёные книги уходят? Юрист о том, что значит кадастровый план
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Алтын менен камсыздалган улуттук стейблкоин — артыкчылыктары жана келечеги
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамга каршы пикирин билдирип, Жогорку Кеңешке кайтарды. Бул жөнүндө өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Эгер аталган мыйзам кабыл алынса, эки же андан көп аял алуу үчүн жоопкерчиликке тарткан Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси күчүн жоготмок. Бирок президент көп аялдуулукту кылмыш катары кароо мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерине туура келерин айтып, каршы пикир билдирген. "Мамлекет гендердик теңчилик жана укук үстөмдүгүн жактайт, аялдар менен балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргойт, үй-бүлө институтун бекемдөөгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта. Аталган мыйзамды быйыл 25-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Аны депутаттар Нурланбек Азыгалиев менен Медербек Саккараев демилгелеген.
14-августта Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу РФ өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.Билдирүүгө ылайык, Мишустин Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүнө катышат. Анда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо талкууланмакчы.Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарында 14-15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.
Ататүрк сейил багына турак жай салып алгандар менен Бишкек мэриясы мунасага келди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, муниципалитет өз чечими менен парктын аянтын 107 гектар деп аныктаган. Муну Конституциялык сот мыйзамдуу деп тапкан. Ошонун негизинде менчик жерлердин маселеси сот аркылуу чечилиши керек болчу. "Мэрия буга чейин аймактан мыйзамсыз бөлүнгөн жер тилкелерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Процесс жылдап созулушу мүмкүн, ошондуктан эпке келип, үй ээлеринен жалпы 500 миллион сом чогултуу пландалууда. Анын 97 миллиону түштү. Каражат парктарды өнүктүрүүгө жумшалат", — деди Жунушалиев. Мындан тышкары, парк аймагындагы курулуш жүрбөгөн 5,2 гектар жер сейил бактын карамагына кайтарылды.
АКШ президенти Дональд Трамп украиналыктардын 88 пайызы Россия менен болгон согушту аягына чыгарууга ыктай турганын айтышкан. Бул туурасында РИА Новости жазды. Кремль жана Ак үйдөн мурдараак Путин менен Трамп 15-августта Аляскада жолуга тургандыгын билдиришкен. Ушаков жолугушууда лидерлер украин кризисин узак мөөнөттүү тынчтык жолу менен жөнгө салууга жетүүнүн варианттарын талкуулоого басым жасашарын белгилеген. Ошондой эле кийинки саммит Россияда өтүшү мүмкүн экенин, Трампка чакыруу берилгенин кошумчалаган. АКШ президентинин чабарманы Стивен Уиткофф РФ лидери менен жолукканда Путин, Трамп жана Зеленскийдин үч тараптуу жолугушуусу тууралуу маселени да козгоп, бирок Москва сунушту жоопсуз калтырган эле. Путин Зеленский менен жолугушу ыктымалдыгын айткан. Бирок ал үчүн тиешелүү шарттар түзүлүшү керектигин, ал эми сөз болгон шарт-жагдай жакында боло койбостугун белгилеген. Ал эми Киев бийлигинин башчысы аймактар боюнча маселеде артка чегинбестигин билдирген болчу. Зеленскийдин мындай билдирүүсүнө Трамп нааразы болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0