https://sputnik.kg/20250812/1095817716.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров соттук-эксперттик ишти жөнгө салган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы... 12.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-12T08:59+0600
2025-08-12T08:59+0600
2025-08-12T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0c/1095817584_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_28e6b8e34ec7c3cedef5b42da8fd0283.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров соттук-эксперттик ишти жөнгө салган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, мыйзамда төмөнкүдөй өзгөрүүлөр орун алды: мамлекеттик эмес соттук эксперттерге жекече иш алып барууга уруксат берилет. Ал кайсы бир мекемеге же уюмга байланбастан соттук экспертиза жүргүзсө болот; мындан ары жарылуучу техникага экспертизаны мамлекет гана жүргүзөт. Жеке тараптарда жардырып көрүү, сыноо мүмкүнчүлүгү жок болгон үчүн корутунду берүүгө тыюу салынды; Соттук эксперттер палатасы жана этика боюнча комиссия түзүлөт. Белгилей кетсек, аталган мыйзам ушул жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
11-августтан тарта, эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин Экономика жана соода министрлигинен билдиришти. Мындай чара кой жана уй этине болгон баанын негизсиз кымбатташын алдын алуу жана калк үчүн жеткиликтүү баада кармап туруу үчүн киргизилген. Бирок сулп эттин баасы мамлекеттик жөнгө салууга алынган жок. "Социалдык маанилүү товардын баасын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт", — деп айтылат маалыматта. Баага болгон чектөө 90 күнгө белгиленди.
Ош облусунун Ноокат районундагы ишканалардан быйыл 484,4 тонна тамеки калдыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылды. Ага ылайык, акыркы жылдары Кыргызстандан Вьетнам, Греция, Россия жана Казакстанга тамеки продукциясынын экпорту өскөн. "Ноокат районундагы ишканалардан 2023-жылы Вьетнамга 29,3 тонна, 2024-жылы 60 тонна тамеки сатылган. Ал эми Грецияга 2024-жылы 154 тонна, 2025-жылы 170 тонна ферменттелген тамеки чыгарылган. Мындан тышкары, 2024-жылы Казакстанга 8 тонна, Россияга 561 тонна тамеки калдыгы экспорттолсо, 2025-жылы Россияга 378,4 тонна, Казакстанга 97 тонна сатылган", — деп айтылат маалыматта. Тамекинин Европа жана Азияга туруктуу экспортунун өсүшү аймактагы ишкердикке жана айыл чарбасына оң таасир берип жатканы кошумчаланды.
Нарын районунун айыл өкмөттөрүнө 70 млн сомго алынган 10 даана атайын жана айыл чарба техникалары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, техникаларды алууга каражат президенттин Турукташтыруу фондунун бөлүнгөн. Техникаларды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Нарынга болгон жумушчу сапарынын алкагында тапшырды. Техникалар райондун ар бир айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларынын материалдык жана техникалык базасын чыңдоо үчүн алынган. Мындан сырткары, "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен сатылып алынган жалпы наркы 41 млн 240 миң 860 сомду түзгөн кошумча техникалар да бул иш-чаранын алкагында ээлерине тапшырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев ушундай эле техникалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Ак-Талаа районуна дагы тапшырыларын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров соттук-эксперттик ишти жөнгө салган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, мыйзамда төмөнкүдөй өзгөрүүлөр орун алды: мамлекеттик эмес соттук эксперттерге жекече иш алып барууга уруксат берилет. Ал кайсы бир мекемеге же уюмга байланбастан соттук экспертиза жүргүзсө болот; мындан ары жарылуучу техникага экспертизаны мамлекет гана жүргүзөт. Жеке тараптарда жардырып көрүү, сыноо мүмкүнчүлүгү жок болгон үчүн корутунду берүүгө тыюу салынды; Соттук эксперттер палатасы жана этика боюнча комиссия түзүлөт. Белгилей кетсек, аталган мыйзам ушул жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.11-августтан тарта, эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин Экономика жана соода министрлигинен билдиришти. Мындай чара кой жана уй этине болгон баанын негизсиз кымбатташын алдын алуу жана калк үчүн жеткиликтүү баада кармап туруу үчүн киргизилген. Бирок сулп эттин баасы мамлекеттик жөнгө салууга алынган жок. "Социалдык маанилүү товардын баасын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт", — деп айтылат маалыматта. Баага болгон чектөө 90 күнгө белгиленди.Ош облусунун Ноокат районундагы ишканалардан быйыл 484,4 тонна тамеки калдыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылды. Ага ылайык, акыркы жылдары Кыргызстандан Вьетнам, Греция, Россия жана Казакстанга тамеки продукциясынын экпорту өскөн. "Ноокат районундагы ишканалардан 2023-жылы Вьетнамга 29,3 тонна, 2024-жылы 60 тонна тамеки сатылган. Ал эми Грецияга 2024-жылы 154 тонна, 2025-жылы 170 тонна ферменттелген тамеки чыгарылган. Мындан тышкары, 2024-жылы Казакстанга 8 тонна, Россияга 561 тонна тамеки калдыгы экспорттолсо, 2025-жылы Россияга 378,4 тонна, Казакстанга 97 тонна сатылган", — деп айтылат маалыматта. Тамекинин Европа жана Азияга туруктуу экспортунун өсүшү аймактагы ишкердикке жана айыл чарбасына оң таасир берип жатканы кошумчаланды.Нарын районунун айыл өкмөттөрүнө 70 млн сомго алынган 10 даана атайын жана айыл чарба техникалары тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, техникаларды алууга каражат президенттин Турукташтыруу фондунун бөлүнгөн. Техникаларды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Нарынга болгон жумушчу сапарынын алкагында тапшырды. Техникалар райондун ар бир айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларынын материалдык жана техникалык базасын чыңдоо үчүн алынган. Мындан сырткары, "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен сатылып алынган жалпы наркы 41 млн 240 миң 860 сомду түзгөн кошумча техникалар да бул иш-чаранын алкагында ээлерине тапшырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев ушундай эле техникалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Ак-Талаа районуна дагы тапшырыларын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/0c/1095817584_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7a2315e3b8816135cc5dbbaea3ea134c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио