https://sputnik.kg/20250808/1095767583.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Окурмандар Ош облусунда жер титирегенин кабарлашты. Жер 8:59да силкинип, Кара-Суу районунда да сезилген. Атайын порталда жер титирөөнүн очогу Өзбекстанда... 08.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-08T11:00+0600
2025-08-08T11:00+0600
2025-08-08T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/08/1095767451_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_33b9e65cd80b978a47c50e5f348244a5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Окурмандар Ош облусунда жер титирегенин кабарлашты. Жер 8:59да силкинип, Кара-Суу районунда да сезилген. Атайын порталда жер титирөөнүн очогу Өзбекстанда жайгашып, күчү 4 баллга жеткени айтылган. Расмий органдар азырынча маалымат бере элек.
Кыргызстан өз жарандарынын электрондук документтерин ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде таанытуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. "Биз өлкөдө толук санарип форматка өтүүнү көздөп жатабыз. Ошондуктан жарандарыбыз электрондук документтерди чет өлкөлөрдө да пайдалана алышы керек. Учурда биз ЕАЭБ өлкөлөрү менен биринчи этапта бул документтерди таанытуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", — деди министр. Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрү менен пилоттук долбоор ишке ашырылгандан кийин бул тажрыйба башка мамлекеттерге да жайылтылат. "Мисалы, соттуулугу жоктугу тууралуу маалым катты Европада колдонуу үчүн биздин ИИМ Европа өлкөлөрүнүн укук коргоо органдары менен өз ара документтерди таануу тууралуу макулдашууга тийиш. Андан кийин биз техникалык оператор катары бул документ QR-код менен сканерлөө мүмкүнчүлүгү менен иштеши үчүн шарт түзөбүз", — деп түшүндүрдү Жамангулов.
Мугалимдер үчүн 27 миң 31 ноутбук аймактарга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, "Алтын Казык" ноутбуктары Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулган. Техниканы жөнөтүү иш-чарасына министр Догдуркүл Кендирбаева катышкан."Ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлүп, аныкталган кемчиликтер жоюлду. Өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программа бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган", — деп айтылат маалыматта.Техника окуу жылы башталганга чейин STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылары кошумчаланды.
Израилдин аскердик-саясий кабинети өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарын ээлөө боюнча чечимин бекитти. Бул туурасында РИА Новости Axios басылмасынын кабарчысы Барак Равидге таянып жазды. "Израилдик аткаминер мага аскердик-саясий кабинет премьер Нетаньяхунун Газа шаарын оккупациялоо боюнча сунушун колдогондугун билдирди", — деп жазган журналист. Андан кийин бул билдирүүнү Times of Israel Нетаньяхунун кеңсесине таянып тастыктады. Анда Тель-Авив согуш болбогон жерлердеги жай жарандарга гуманитардык жардам берери айтылган.Мындан сырткары, еврей мамлекетинин министрлер кабинети палестиналык ХАМАС кыймылы менен согушту токтотуу үчүн алмашуу катары төрт талапты койду: Газа секторун башкарган уюмду куралсыздандыруу; 50 туткундун бардыгын кайтаруу; анклавды демилитаризациялоо; Газа секторунун коопсуздугу администрациясынан башка үчүнчү альтернативалуу өкмөттүн болушу. Бейшемби күнү Нетаньяху Газа секторунун бүт аймагын көзөмөлгө алуу ниетин билдирген. Бул аркылуу коопсуздук чектерин камсыздап, андан кийин жарым анклавды жаңы жарандык өкмөттүн көзөмөлүнө өткөрүп берерин айтты.
Окурмандар Ош облусунда жер титирегенин кабарлашты. Жер 8:59да силкинип, Кара-Суу районунда да сезилген. Атайын порталда жер титирөөнүн очогу Өзбекстанда жайгашып, күчү 4 баллга жеткени айтылган. Расмий органдар азырынча маалымат бере элек.Кыргызстан өз жарандарынын электрондук документтерин ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде таанытуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. "Биз өлкөдө толук санарип форматка өтүүнү көздөп жатабыз. Ошондуктан жарандарыбыз электрондук документтерди чет өлкөлөрдө да пайдалана алышы керек. Учурда биз ЕАЭБ өлкөлөрү менен биринчи этапта бул документтерди таанытуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", — деди министр. Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрү менен пилоттук долбоор ишке ашырылгандан кийин бул тажрыйба башка мамлекеттерге да жайылтылат. "Мисалы, соттуулугу жоктугу тууралуу маалым катты Европада колдонуу үчүн биздин ИИМ Европа өлкөлөрүнүн укук коргоо органдары менен өз ара документтерди таануу тууралуу макулдашууга тийиш. Андан кийин биз техникалык оператор катары бул документ QR-код менен сканерлөө мүмкүнчүлүгү менен иштеши үчүн шарт түзөбүз", — деп түшүндүрдү Жамангулов.Мугалимдер үчүн 27 миң 31 ноутбук аймактарга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, "Алтын Казык" ноутбуктары Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркта чогултулган. Техниканы жөнөтүү иш-чарасына министр Догдуркүл Кендирбаева катышкан."Ноутбуктар үч ай бою Каракол шаарындагы мугалимдер тарабынан сыноодон өткөрүлүп, аныкталган кемчиликтер жоюлду. Өзгөчөлүгү – анда атайын лицензияланган программа бар, ал өзүн автоматтык түрдө жаңыртып турат жана коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү менен жабдылган. Ноутбуктардын ичинде мугалимдердин күнүмдүк ишине керектелүүчү программалар жана методикалык колдонмолор орнотулган", — деп айтылат маалыматта.Техника окуу жылы башталганга чейин STEM предметтеринин мугалимдерине тапшырылары кошумчаланды.Израилдин аскердик-саясий кабинети өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газа шаарын ээлөө боюнча чечимин бекитти. Бул туурасында РИА Новости Axios басылмасынын кабарчысы Барак Равидге таянып жазды. "Израилдик аткаминер мага аскердик-саясий кабинет премьер Нетаньяхунун Газа шаарын оккупациялоо боюнча сунушун колдогондугун билдирди", — деп жазган журналист. Андан кийин бул билдирүүнү Times of Israel Нетаньяхунун кеңсесине таянып тастыктады. Анда Тель-Авив согуш болбогон жерлердеги жай жарандарга гуманитардык жардам берери айтылган.Мындан сырткары, еврей мамлекетинин министрлер кабинети палестиналык ХАМАС кыймылы менен согушту токтотуу үчүн алмашуу катары төрт талапты койду: Газа секторун башкарган уюмду куралсыздандыруу; 50 туткундун бардыгын кайтаруу; анклавды демилитаризациялоо; Газа секторунун коопсуздугу администрациясынан башка үчүнчү альтернативалуу өкмөттүн болушу. Бейшемби күнү Нетаньяху Газа секторунун бүт аймагын көзөмөлгө алуу ниетин билдирген. Бул аркылуу коопсуздук чектерин камсыздап, андан кийин жарым анклавды жаңы жарандык өкмөттүн көзөмөлүнө өткөрүп берерин айтты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/08/1095767451_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_da189413aed77ce82ffad766abd3a17a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио