https://sputnik.kg/20250808/1095762463.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Салыкты электрондук капчыктардан мажбурлап өндүрүү сунушталды. Тиешелүү өзгөртүү Салык кодексине киргизилмекчи. Демилгечи болгон Экономика министрлиги учурда... 08.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-08T09:00+0600
2025-08-08T09:00+0600
2025-08-08T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/08/1095762331_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0a82f8915678f7b241be162f40319d3d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Салыкты электрондук капчыктардан мажбурлап өндүрүү сунушталды. Тиешелүү өзгөртүү Салык кодексине киргизилмекчи. Демилгечи болгон Экономика министрлиги учурда салыкка 363 миңден ашык адам 73,4 миллиард сом карыз экенин, көйгөйдү чечүүгө мыйзамда тиешелүү механизмдер жоктугун белгилеген. "Азыркы Салык кодексинде карызды электрондук төлөм системаларынан өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Мунун айынан көп суммадагы каражат салык көзөмөлүнөн сыртта калууда. Андан тышкары, жеке ишкерлер жана компаниялар капчыктарды пайдаланып, өз кирешесин жашырып, салык төлөөдөн качып жатканы белгилүү болду", — деп жазылган негиздемеде.Мындай механизмдер АКШ, Германия, Франция жана Австралия сыяктуу өлкөлөрдө колдонулары, бул норма кабыл алынса, салыкчылар карызды толук өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, электрондук акчалардын көмүскө жүгүртүлүшүн азайтууга өбөлгө түзүлөрү белгиленген.
Кыргызстанда жогорку квалификациялуу айыл чарба адисттери жетишсиз болуп, четтен чакырылып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин өкүлү Мухтар Чыналиев интервьюда билдирди. Анын айтымында бул тармакта билимдүү адистерге жылдан-жылга суроо-талап көбөйүүдө. "Айыл чарбадагы кесипкөй адистердин айлык акысы жакшы. Ошол эле IT кызматкерлери же башкалардыкынан аз эмес. Айыл чарба тармагындагы жогорку квалификациялуу адистер жана жеке сектордо иштеп жүргөн консультанттар менен дайым сүйлөшүп турам. Алар орточо айлыктан 3-4 эсе көп алат. Мисалы, биздеги кайра иштетүүчү ири ишканаларда технолог тартыштыгы байкалып, Россия жана башка өлкөлөрдөн жогорку квалификациялуу адистерди алып келип иштетип жатышат", — деди Чыналиев. Ошондой эле ал жалпы айыл чарба тармагында өсүү динамикасы байкалып жатканын белгиледи.
Россиянын Билим берүү министрлигинин Эл аралык кызматташуу борборунун директору Сергей Малышев Россиядан келген мугалимдер Кыргызстанда кандай шартта иштеп жатканы тууралуу брифингде айтып берди.Ал Россия тарап бул мугалимдерге жакшы маяна төлөп берип жатканын белгилеген. Анткени көпчүлүк чет өлкөгө үй-бүлөсү менен кетет. Ошондой эле медициналык камсыздандыруу жана методикалык колдоо көрсөтүлөт. Малышев белгилегендей, көбүнчө турак жай маселеси жергиликтүү бийлик же мектепке жүктөлөт. Ошондуктан бул долбоорду кеңейтүү кабыл алуучу мектептер мугалимдерге жашай турган үй таап бере алганына жараша болот.
Россия лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусун кийинки жумада өткөрүү макулдашылды. Бул тууралуу Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, тараптар тиешелүү даярдыктарды көрө баштады. Камылгага канча убакыт кетери азырынча белгисиз. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары бул жолугушуу болорун боолголоп, андан кийин үч тараптуу, тагыраагы, Путин, Трамп жана Владимир Зеленский болуп сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатканын жазган. Ушаков буга эч кандай комментарий берген жок.
Салыкты электрондук капчыктардан мажбурлап өндүрүү сунушталды. Тиешелүү өзгөртүү Салык кодексине киргизилмекчи. Демилгечи болгон Экономика министрлиги учурда салыкка 363 миңден ашык адам 73,4 миллиард сом карыз экенин, көйгөйдү чечүүгө мыйзамда тиешелүү механизмдер жоктугун белгилеген. "Азыркы Салык кодексинде карызды электрондук төлөм системаларынан өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Мунун айынан көп суммадагы каражат салык көзөмөлүнөн сыртта калууда. Андан тышкары, жеке ишкерлер жана компаниялар капчыктарды пайдаланып, өз кирешесин жашырып, салык төлөөдөн качып жатканы белгилүү болду", — деп жазылган негиздемеде.Мындай механизмдер АКШ, Германия, Франция жана Австралия сыяктуу өлкөлөрдө колдонулары, бул норма кабыл алынса, салыкчылар карызды толук өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, электрондук акчалардын көмүскө жүгүртүлүшүн азайтууга өбөлгө түзүлөрү белгиленген.Кыргызстанда жогорку квалификациялуу айыл чарба адисттери жетишсиз болуп, четтен чакырылып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин өкүлү Мухтар Чыналиев интервьюда билдирди. Анын айтымында бул тармакта билимдүү адистерге жылдан-жылга суроо-талап көбөйүүдө. "Айыл чарбадагы кесипкөй адистердин айлык акысы жакшы. Ошол эле IT кызматкерлери же башкалардыкынан аз эмес. Айыл чарба тармагындагы жогорку квалификациялуу адистер жана жеке сектордо иштеп жүргөн консультанттар менен дайым сүйлөшүп турам. Алар орточо айлыктан 3-4 эсе көп алат. Мисалы, биздеги кайра иштетүүчү ири ишканаларда технолог тартыштыгы байкалып, Россия жана башка өлкөлөрдөн жогорку квалификациялуу адистерди алып келип иштетип жатышат", — деди Чыналиев. Ошондой эле ал жалпы айыл чарба тармагында өсүү динамикасы байкалып жатканын белгиледи.Россиянын Билим берүү министрлигинин Эл аралык кызматташуу борборунун директору Сергей Малышев Россиядан келген мугалимдер Кыргызстанда кандай шартта иштеп жатканы тууралуу брифингде айтып берди.Ал Россия тарап бул мугалимдерге жакшы маяна төлөп берип жатканын белгилеген. Анткени көпчүлүк чет өлкөгө үй-бүлөсү менен кетет. Ошондой эле медициналык камсыздандыруу жана методикалык колдоо көрсөтүлөт. Малышев белгилегендей, көбүнчө турак жай маселеси жергиликтүү бийлик же мектепке жүктөлөт. Ошондуктан бул долбоорду кеңейтүү кабыл алуучу мектептер мугалимдерге жашай турган үй таап бере алганына жараша болот.Россия лидери Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусун кийинки жумада өткөрүү макулдашылды. Бул тууралуу Россия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, тараптар тиешелүү даярдыктарды көрө баштады. Камылгага канча убакыт кетери азырынча белгисиз. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары бул жолугушуу болорун боолголоп, андан кийин үч тараптуу, тагыраагы, Путин, Трамп жана Владимир Зеленский болуп сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатканын жазган. Ушаков буга эч кандай комментарий берген жок.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/08/1095762331_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_65c32bf1c73e0fcb825d15702a7e9486.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио