https://sputnik.kg/20250805/1095709665.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда экологиялык нормаларды бузгандарга айып пулду көтөрүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Негиздемеде мыйзамсыз иштен... 05.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-05T11:00+0600
2025-08-05T11:00+0600
2025-08-05T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/05/1095709533_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_534e569913426558184df61c8e6fe946.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда экологиялык нормаларды бузгандарга айып пулду көтөрүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Негиздемеде мыйзамсыз иштен алынган пайда айыптан кыйла жогору болгондуктан, ал жарандарга тоскоолдук болбой келгени белгиленген. Мындан улам сунушталган мыйзам долбоорунда бир катар эреже бузууларга 20 миң сомдон, ал эми юридикалык жактарга 65 миң сомдон айып салуу каралган. Мыйзам кабыл алынса бир катар учурларда айып салынат: Алсак:тазалоо курулмалары иштебесе же жаратылышты жана экологияны булгаса; таштандыны туш келди таштоо же өрттөө, ошондой эле аларды кайра иштетүүчү жабдууларды пайдалануу эрежелерин бузуу; абаны булгоо же анын курамын жасалма жол менен өзгөртүү аракеттери; сууларды булгануудан жана таштандыдан коргоо боюнча талаптарды бузуу; айлана-чөйрөгө саркынды сууларды агызуу тартибин бузуу; жерди пайдалануу эрежелерин сактабоо; Токой фондунун жерлерин туура эмес пайдалануу; топурактын күрдүү катмарын алып салуу, сактоо жана кайра жайгаштыруу шарттарын бузуу; өсүмдүктөрдү өрттөө тартибин бузуу; кооптуу өндүрүш объектилерин эксплуатациялоодо коопсуздук талаптарын аткарбоо; нефть продуктуларын кабыл алуу, сактоо, май куюуга даярдоо жана сапатын көзөмөлдөө эрежелерин бузуу; аттракциондорду коопсуз пайдалануу боюнча ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактабоо; ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, буйруктарын, тескемелерин же талаптарын аткарбоо; мыйзамсыз аңчылык кылуу же жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз алуу; мыйзамсыз алынган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин ташуу, сактоо, сатуу же өлкөдөн алып чыгуу.
Бишкектин көчөлөрүнө бир эле аталыш ыйгаруу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин сайтына жайгаштырылды. Анда Административдик-аймактык реформанын негизинде Бишкек кеңейгени, мындан улам аталыштары бири-бирин кайталаган учурлар бар экени айтылган. Мындан тышкары, бир эле көчөгө бир нече инсандын аты ыйгарылган учурлар бар экени белгиленген."Мындай көрүнүш шаардык навигациянын логикасына туура келбейт жана шаар ичинде багыт алууда, муниципалдык жана ыкчам кызматтардын ишинде, кыймылсыз мүлк объектилерин каттоодо олуттуу кыйынчылыктарды жаратат", — деп жазылган негиздемеде. Долбоордо ошондой эле башка окшош көчөлөрдү бир аталыш менен бириктирүү сунушталууда. Бул учурда да маанилүү ысымдарды сактап калуу үчүн алар менен башка көчөлөрдү атоо каралган.
Тышкы иштер министрлиги Россиядагы мигранттарды 10-сентябрга чейин укуктук статусун жөнгө салышы керектигин кайрадан эскертти. Ведомство учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын белгилеген. “Элчиликтин кызматкерлери күн сайын кыргыз жарандары топтолгон жерлерге барып, жолугушууларды өткөрүүдө. Ошондой эле Россиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана диаспоралар менен кызматташуу жолго коюлган. Маалыматтык роликтер жана түшүндүрүү материалдары расмий сайттар жана социалдык тармактар аркылуу таратылууда. Бул иштерди күчөтүү максатында Тышкы иштер министрлиги тарабынан борбордук аппараттан кошумча кызматкерлер жөнөтүлдү”, — деп айтылган маалыматта. ТИМ кыргыз жарандарын 10-сентябрга чейин укуктук статусун мыйзам чегинде жөнгө салуу мүмкүн болуучу терс кесепеттерден сактап каларын эскертти.
Кыргызстанда экологиялык нормаларды бузгандарга айып пулду көтөрүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Негиздемеде мыйзамсыз иштен алынган пайда айыптан кыйла жогору болгондуктан, ал жарандарга тоскоолдук болбой келгени белгиленген. Мындан улам сунушталган мыйзам долбоорунда бир катар эреже бузууларга 20 миң сомдон, ал эми юридикалык жактарга 65 миң сомдон айып салуу каралган. Мыйзам кабыл алынса бир катар учурларда айып салынат: Алсак:тазалоо курулмалары иштебесе же жаратылышты жана экологияны булгаса; таштандыны туш келди таштоо же өрттөө, ошондой эле аларды кайра иштетүүчү жабдууларды пайдалануу эрежелерин бузуу; абаны булгоо же анын курамын жасалма жол менен өзгөртүү аракеттери; сууларды булгануудан жана таштандыдан коргоо боюнча талаптарды бузуу; айлана-чөйрөгө саркынды сууларды агызуу тартибин бузуу; жерди пайдалануу эрежелерин сактабоо; Токой фондунун жерлерин туура эмес пайдалануу; топурактын күрдүү катмарын алып салуу, сактоо жана кайра жайгаштыруу шарттарын бузуу; өсүмдүктөрдү өрттөө тартибин бузуу; кооптуу өндүрүш объектилерин эксплуатациялоодо коопсуздук талаптарын аткарбоо; нефть продуктуларын кабыл алуу, сактоо, май куюуга даярдоо жана сапатын көзөмөлдөө эрежелерин бузуу; аттракциондорду коопсуз пайдалануу боюнча ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактабоо; ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, буйруктарын, тескемелерин же талаптарын аткарбоо; мыйзамсыз аңчылык кылуу же жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мыйзамсыз алуу; мыйзамсыз алынган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин ташуу, сактоо, сатуу же өлкөдөн алып чыгуу.Бишкектин көчөлөрүнө бир эле аталыш ыйгаруу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин сайтына жайгаштырылды. Анда Административдик-аймактык реформанын негизинде Бишкек кеңейгени, мындан улам аталыштары бири-бирин кайталаган учурлар бар экени айтылган. Мындан тышкары, бир эле көчөгө бир нече инсандын аты ыйгарылган учурлар бар экени белгиленген."Мындай көрүнүш шаардык навигациянын логикасына туура келбейт жана шаар ичинде багыт алууда, муниципалдык жана ыкчам кызматтардын ишинде, кыймылсыз мүлк объектилерин каттоодо олуттуу кыйынчылыктарды жаратат", — деп жазылган негиздемеде. Долбоордо ошондой эле башка окшош көчөлөрдү бир аталыш менен бириктирүү сунушталууда. Бул учурда да маанилүү ысымдарды сактап калуу үчүн алар менен башка көчөлөрдү атоо каралган.Тышкы иштер министрлиги Россиядагы мигранттарды 10-сентябрга чейин укуктук статусун жөнгө салышы керектигин кайрадан эскертти. Ведомство учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилиги күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын белгилеген. “Элчиликтин кызматкерлери күн сайын кыргыз жарандары топтолгон жерлерге барып, жолугушууларды өткөрүүдө. Ошондой эле Россиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана диаспоралар менен кызматташуу жолго коюлган. Маалыматтык роликтер жана түшүндүрүү материалдары расмий сайттар жана социалдык тармактар аркылуу таратылууда. Бул иштерди күчөтүү максатында Тышкы иштер министрлиги тарабынан борбордук аппараттан кошумча кызматкерлер жөнөтүлдү”, — деп айтылган маалыматта. ТИМ кыргыз жарандарын 10-сентябрга чейин укуктук статусун мыйзам чегинде жөнгө салуу мүмкүн болуучу терс кесепеттерден сактап каларын эскертти.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/05/1095709533_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0f6aab6cd0310eeac25806a3711eb46b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио