https://sputnik.kg/20250804/1095693911.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
"Рух санаттын" баш байгесин "Акак" комузчулар ансамбли алдыТрамп Россияга жаңы санкцияларды киргизе тургандыгын айттыДипломдордун санарип варианты "Түндүк"... 04.08.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-08-04T11:00+0600
2025-08-04T11:00+0600
2025-08-04T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/08/04/1095693779_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ec039c026eaef0f1d2b07ac3b041be95.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
"Рух санаттын" баш байгесин "Акак" комузчулар ансамбли алдыТрамп Россияга жаңы санкцияларды киргизе тургандыгын айттыДипломдордун санарип варианты "Түндүк" порталында жеткиликтүү болдуАлдыда кененирээк"Түндүк" порталында дипломдордун санарип варианты жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Кабарда алгачкы этапта системага быйыл берилген дипломдор тууралуу маалыматтар киргизилгени айтылат. "Эми мамлекеттик органдар жана кызыкдар уюмдар жарандардан кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрдү берүүнү талап кылбастан, берилген дипломдор тууралуу маалыматтарды электрондук форматта ыкчам ала алышат", — деп жазылган маалыматта. Санариптик дипломдорду киргизүү төмөнкүдөй артыкчылыктарды берет: билим тууралуу маалыматтардын аныктыгын жана ачык-айкындыгын камсыз кылат; квалификацияны ырастоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт; кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартат; документтерди жасалмалоо тобокелдигин азайтат. Ошондой эле буга чейинки дипломдорду Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги санариптештирери кошумчаланды.
1-2-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн дүйнөлүк "Рух санат" салттуу маданият жана музыка фестивалында Кыргызстандын атынан катышкан "Акак" комузчулар тобу баш байгени жеңип, 500 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Сынакка 14 өлкөдөн 82 катышуучу келген. Кыргызстандын атынан үч жеке ырчы, үч топ катышты. Алардын өнөрүнө дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан чогулган жети эксперттен турган эл аралык калыстар тобу баа берди.Сынактын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү. Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды: Баш байге (500 миң сом) "Акак" комузчулар тобу (Кыргызстан) "Жеке аткаруучу" номинациясы: 1-орун — Донгак Найдан (Россия) жана Салтанат Кайрат кызы (Казакстан), 200 миң сомдон; 2-орун — Муминова Гузал (Өзбекстан) жана Чолпон Мелисбекова (Кыргызстан), 150 миң сомдон; 3-орун — Кутманаалы Султанбеков, Акматбек Султан (Кыргызстан), Шухрат Холхуджаев (Өзбекстан), 100 миң сомдон"Рух санат" фестивалы мындан ары эки жылда бир болот. Кийинкиси Жалал-Абад облусунда өтө турган болду
АКШ президенти Дональд Трамп Украина менен кепке келүү айтылган убакыттан эрте болбосо жаңы санкциялар салынарын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Санкциялар болот, бирок, кыязы, андан кыйгап кетип жатышат. Алар куу адамдар, мурда четтеп кетүүгө мүмкүн болуп жатса, эми кандай болорун көрөбүз", — деген Трамп журналисттерге. Өткөн аптада ал РФке салынчу кошумча чектөөлөрдүн майнаптуу болорунан шек санаган эле. Америка лидери 14-июлда Москвадан Киев менен тынчтык келишимин түзүүнү талап кылып, 50 күндүк шарт койгон. Кийинчерээк мөөнөттү 10-12 күнгө чейин кыскартканын билдирген. Эгерде бул талап аткарылбаса россиялык товарлардын импортуна 100 пайыздык тариф киргизерин, ошондой эле андан мунай, газ жана башка энергетикалык ресурстарды сатып алган өлкөлөргө кошумча бажы алымын саларын айткан.Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россиянын экономикасы көп убакыттан бери сандаган санкциялардын шартында деле кадамдап келе жаткандыгын айтты. Трамптын бул жолкусун да Кремль "каттап коюп" жатканын кошумчалады.
"Рух санаттын" баш байгесин "Акак" комузчулар ансамбли алдыТрамп Россияга жаңы санкцияларды киргизе тургандыгын айттыДипломдордун санарип варианты "Түндүк" порталында жеткиликтүү болдуАлдыда кененирээк"Түндүк" порталында дипломдордун санарип варианты жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Кабарда алгачкы этапта системага быйыл берилген дипломдор тууралуу маалыматтар киргизилгени айтылат. "Эми мамлекеттик органдар жана кызыкдар уюмдар жарандардан кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрдү берүүнү талап кылбастан, берилген дипломдор тууралуу маалыматтарды электрондук форматта ыкчам ала алышат", — деп жазылган маалыматта. Санариптик дипломдорду киргизүү төмөнкүдөй артыкчылыктарды берет: билим тууралуу маалыматтардын аныктыгын жана ачык-айкындыгын камсыз кылат; квалификацияны ырастоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт; кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартат; документтерди жасалмалоо тобокелдигин азайтат. Ошондой эле буга чейинки дипломдорду Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги санариптештирери кошумчаланды.1-2-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн дүйнөлүк "Рух санат" салттуу маданият жана музыка фестивалында Кыргызстандын атынан катышкан "Акак" комузчулар тобу баш байгени жеңип, 500 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Сынакка 14 өлкөдөн 82 катышуучу келген. Кыргызстандын атынан үч жеке ырчы, үч топ катышты. Алардын өнөрүнө дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан чогулган жети эксперттен турган эл аралык калыстар тобу баа берди.Сынактын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү. Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды: Баш байге (500 миң сом) "Акак" комузчулар тобу (Кыргызстан) "Жеке аткаруучу" номинациясы: 1-орун — Донгак Найдан (Россия) жана Салтанат Кайрат кызы (Казакстан), 200 миң сомдон; 2-орун — Муминова Гузал (Өзбекстан) жана Чолпон Мелисбекова (Кыргызстан), 150 миң сомдон; 3-орун — Кутманаалы Султанбеков, Акматбек Султан (Кыргызстан), Шухрат Холхуджаев (Өзбекстан), 100 миң сомдон"Рух санат" фестивалы мындан ары эки жылда бир болот. Кийинкиси Жалал-Абад облусунда өтө турган болдуАКШ президенти Дональд Трамп Украина менен кепке келүү айтылган убакыттан эрте болбосо жаңы санкциялар салынарын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Санкциялар болот, бирок, кыязы, андан кыйгап кетип жатышат. Алар куу адамдар, мурда четтеп кетүүгө мүмкүн болуп жатса, эми кандай болорун көрөбүз", — деген Трамп журналисттерге. Өткөн аптада ал РФке салынчу кошумча чектөөлөрдүн майнаптуу болорунан шек санаган эле. Америка лидери 14-июлда Москвадан Киев менен тынчтык келишимин түзүүнү талап кылып, 50 күндүк шарт койгон. Кийинчерээк мөөнөттү 10-12 күнгө чейин кыскартканын билдирген. Эгерде бул талап аткарылбаса россиялык товарлардын импортуна 100 пайыздык тариф киргизерин, ошондой эле андан мунай, газ жана башка энергетикалык ресурстарды сатып алган өлкөлөргө кошумча бажы алымын саларын айткан.Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россиянын экономикасы көп убакыттан бери сандаган санкциялардын шартында деле кадамдап келе жаткандыгын айтты. Трамптын бул жолкусун да Кремль "каттап коюп" жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/04/1095693779_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8af85d8331d583c6f666808b33f7bc7a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио