00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Генплан Бишкека: что поддерживают строители и что их тревожит
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык документ боло алабы?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Красные и зелёные книги уходят? Юрист о том, что значит кадастровый план
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Алтын менен камсыздалган улуттук стейблкоин — артыкчылыктары жана келечеги
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Агартуу министрлигинин атайын комиссиясы Ош жана Баткен облустарындагы башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерин текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, быйылкы окуу жылына карата даярдыктын алкагында Ош жана Баткен облустарындагы башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринде пландуу текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анда комиссия тарабынан санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы, имараттардын абалы, окуу жабдыктары жана материалдары менен камсыз болуусу, коопсуздук чаралары жана кадр маселелери терең каралды. Текшерүү 12 билим берүү мекемесинде жүргөн. Комиссия окуу жайларынын жаңы окуу жылына даярдык деңгээлин, мугалимдердин жетиштүү санын, материалдык-техникалык базасын жана башка тиешелүү маселелерди жеринде иликтеп чыкты. Кээ бир мекемелерде кошумча колдоо жана каражат талап кылынары белгиленди.
Жыл башынан бери 17 миллион 335 миң 499 сом камсыздандыруу кенемтеси төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 7 айда ОСАГО камсыздандыруу полисин алган айдоочулар жол кырсыгына кабылган жалпы 190 учур катталды. Анын негизинде 17 миллион 335 миң 499 сом өлчөмүндө айдоочуларга камсыздандыруу кенемтеси төлөндү. Эң ири төлөмдүн суммасы 300 миң сомду түзгөн. Анда бул сумма жол кырсыгында жабыр тарткан эки автоунаанын ээсине 150 000 сомдон төлөнүп берилген. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму муну менен катар адам өлүмүнө алган жол кырсыгы боюнча камсыздандыруу окуясы да катталганын кабарлады. Бул окуяда жабырлануучунун үй-бүлөсүнө 300 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнгөн.
Улуттук статистика комитети кайсы жаш курактагы эркектердин саны аз экенин аныктады. Мекеме ушул жылдын башына карата 1000 аялга туура келген эркектердин санын тактады. Ага ылайык: 9 жашка чейин 1000 аялга — 1056 эркек; 10-19 жашка чейин — 1062 эркек; 20-29 жашка чейин — 984 эркек; 30-39 жашка чейин — 986 эркек; 40-49 жашка чейин — 968 эркек; 50-59 жашка чейин — 915 эркек; 60-69 жашка чейин — 806 эркек; 70-79 жашка чейин 1000 аялга — 683 эркек; Ал эми 80 жаш жана андан жогору — 530 эркек туура келет. Ошентип, 19 жашка чейинки куракта кыздардын саны алардын теңтуштарына караганда аз. Бирок андан кийинки курактарда аялдардын саны басымдуулук кылат.
Россиянын рактан коргоочу вакцинасы жакында бейтаптарга бериле баштайт. Бул тууралуу Россиянын Улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунун жетекчиси Александр Гинцбург билдирди. Айтымында, анын мекемеси вакцинаны өндүрүп, Герцен атындагы институт менен Блохин атындагы Онкология борборуна өткөрүп берет. “Биз неоантигендердин негизинде түзүлгөн рактан коргоочу вакцинаны эксперименталдык түрдө меланома менен ооругандар тобуна колдоно башташыбыз керек”, — деди Гинцбург. Ал жаңы вакцина башка өлкөлөрдө да кызыгуу жаратып жатканын, 10го жакын тапшырык түшкөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0