https://sputnik.kg/20250723/aksh-donald-tramp-sayasat-shayloo-1095469295.html
Трамп: Обама, Клинтон жана Байден кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн
Трамп: Обама, Клинтон жана Байден кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенттери Барак Обама менен Жозеф Байден, ошондой эле Хиллари Клинтон 2016-жылкы шайлоодогу "Россиянын изи"... 23.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-23T10:14+0600
2025-07-23T10:14+0600
2025-07-23T10:23+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
саясат
шайлоо
https://sputnik.kg/img/07e9/07/17/1095469546_819:370:3072:1637_1920x0_80_0_0_e512c010aed88ec8372462a2618122de.jpg
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенттери Барак Обама менен Жозеф Байден, ошондой эле Хиллари Клинтон 2016-жылкы шайлоодогу "Россиянын изи" тууралуу жалган маалыматтар үчүн жоопко тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды.Трамп анын артынан куугунтук кылгандардын жооп бере турган мезгили келгенин белгилеп, аларга 2016-жылы эле Клинтонго чара көрүлүшү керектигин кошумчалады. "Хиллари Клинтондун калпы чыкканда эле "мурдагы президенттин жубайы, өтө чоң чатакка айландырбай эле коелу" деп жөн койгом. Бирок алардын кылганынан кийин жоопко тартуу керек", — деди Трамп. Мындан сырткары, Трамп Обаманы мамлекеттик чыккынчылыкка айыптады. Буга чейин АКШнын Чалгын кызматынын директору Тулси Габбард 2016-жылдагы шайлоого Россиянын кийлигишүүсү тууралуу дооматтар Обаманын администрациясы тарабынан ойлоп табылганын далилдеген фактыларды жарыялаган. Ал кездеги президент Обаманын администрациясы ЦРУнун "Россиянын шайлоого кийлигишкенинин далили бар" деген жалган маалыматтарды ЖМКга таратып турганын айткан. Ошол эле маалда Москванын америкалык шайлоо системасын бузуу ниети да, мүмкүнчүлүгү да жок экенин көрсөткөн чалгын маалыматтары жашырылган. "Россия кийлигишти" деген териштирүү 2016-жылдагы шайлоодон кийин АКШнын атайын кызматы Россияны шайлоого кийлигишти деп айыптап, Дональд Трампты Москва менен келишип иштеген деп күнөөлөгөн. Бул дооматтарды Москва да, Ак үй да четке каккан. Тергөөнү атайын прокурор Роберт Мюллер эки жылдан ашык жетектеген. Натыйжада ал Трамптын Россия менен келишим түзгөнүнө далил тапкан эмес. Бирок ал шайлоого кийлигишүүгө бир нече россиялык жаран аралашкан деп билдирген. Москва бул айыптоолорго эч кандай далил көрсөтүлгөн эмес деп жооп берген. 2023-жылдын май айында атайын прокурор Жон Дарэмдин иликтөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланган. Анда төмөнкүлөр жазылган: 2024-жылдын июнь айынын башында Сенаттын чалгын комитетинин сайтынан "Россия шайлоого кийлигишкен" деген тастыкталбаган баяндама алып салынган.
https://sputnik.kg/20250722/aksh-donald-tramp-sogush-rossiya-1095451055.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/17/1095469546_856:323:3072:1985_1920x0_80_0_0_3ce100257c9e91997218a061ae35465c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, саясат, шайлоо
дүйнөдө, акш, дональд трамп, саясат, шайлоо
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенттери Барак Обама менен Жозеф Байден, ошондой эле Хиллари Клинтон 2016-жылкы шайлоодогу "Россиянын изи" тууралуу жалган маалыматтар үчүн жоопко тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Дональд Трамп билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Обама — бул топтун башчысы. Барак Хусейн Обама кармалды. Анын колу коюлган документтер бар. Байден да ошол жакта болгон. Дагы миңдеген документтер чыгат. Идея Обаманыкы, бирок Хилларинин жасалма материалдарынан келип чыккан. Биз аларды кармадык!" — деди Трамп.
Трамп анын артынан куугунтук кылгандардын жооп бере турган мезгили келгенин белгилеп, аларга 2016-жылы эле Клинтонго чара көрүлүшү керектигин кошумчалады.
"Хиллари Клинтондун калпы чыкканда эле "мурдагы президенттин жубайы, өтө чоң чатакка айландырбай эле коелу" деп жөн койгом. Бирок алардын кылганынан кийин жоопко тартуу керек", — деди Трамп.
Мындан сырткары, Трамп Обаманы мамлекеттик чыккынчылыкка айыптады.
"Алар шайлоону бурмалагысы келишти. Кээ бир аракеттери — жакыр өлкөлөр дагы жасабай турган иштер. Натыйжасы оор болушу керек", — деди ал.
Буга чейин АКШнын Чалгын кызматынын директору Тулси Габбард 2016-жылдагы шайлоого Россиянын кийлигишүүсү тууралуу дооматтар Обаманын администрациясы тарабынан ойлоп табылганын далилдеген
фактыларды жарыялаган. Ал кездеги президент Обаманын администрациясы ЦРУнун "Россиянын шайлоого кийлигишкенинин далили бар" деген жалган маалыматтарды ЖМКга таратып турганын айткан. Ошол эле маалда Москванын америкалык шайлоо системасын бузуу ниети да, мүмкүнчүлүгү да жок экенин көрсөткөн чалгын маалыматтары жашырылган.
"Россия кийлигишти" деген териштирүү
2016-жылдагы шайлоодон кийин АКШнын атайын кызматы Россияны шайлоого кийлигишти деп айыптап, Дональд Трампты Москва менен келишип иштеген деп күнөөлөгөн. Бул дооматтарды Москва да, Ак үй да четке каккан.
Тергөөнү атайын прокурор Роберт Мюллер эки жылдан ашык жетектеген. Натыйжада ал Трамптын Россия менен келишим түзгөнүнө далил тапкан эмес. Бирок ал шайлоого кийлигишүүгө бир нече россиялык жаран аралашкан деп билдирген. Москва бул айыптоолорго эч кандай далил көрсөтүлгөн эмес деп жооп берген.
2023-жылдын май айында атайын прокурор Жон Дарэмдин иликтөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланган. Анда төмөнкүлөр жазылган:
АКШ чалгынчылары менен күч органдарында Трамптын Россия менен келишкенине байланыштуу колго илинерлик эч кандай далил болгон эмес;
ФБРдин Трамптын командасы менен орус чалгынчыларынын ортосунда байланыш бар экенин далилдеген маалыматтар жок болгон. Мындай шартта иликтөө башталбашы керек эле;
тергөөчү орган анык эмес, ишенимсиз жана тастыкталбаган маалыматтарга таянган.
2024-жылдын июнь айынын башында Сенаттын чалгын комитетинин сайтынан "Россия шайлоого кийлигишкен" деген тастыкталбаган баяндама алып салынган.