https://sputnik.kg/20250711/1095239032.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган кезектеги 225 батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы... 11.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-11T11:00+0600
2025-07-11T11:00+0600
2025-07-11T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0b/1095238900_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d17f9f267f92417d5833a9f5d9201014.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган кезектеги 225 батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, батирлер Калый Молдобасанов көчөсүндөгү 15 кабаттуу турак жай комплексинде жайгашкан. Аймагында автономдуу жылытуу системасы, балдар аянтчасы жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай каралган.Салтанатта мамлекет башчы ипотекалык турак жайлар жигердүү курулуп, Бишкекте үч, Жалал-Абадда эки көп кабаттуу үй пайдаланууга берилгенин айтты. Мындан тышкары Өлкө башчы алдыдагы беш жылда МИК муктаж жарандардын турак жай маселесин толук чечүүнү максат кылып жатканын белгилеп, айыл жана шаар жетекчилерине бош жаткан жерлерди МИКке өткөрүп берүүгө милдеттендирди. Садыр Жапаров ошондой эле Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектин реконструкциядан кийин көрүп чыкты. Жаңыланган бөлүктүн жалпы узундугу — үч чакырым. Көчө ар бири төрт метр болгон алты тилкеге чейин кеңейтилди. Көчөнүн эки тарабына тең тротуар жана веложол курулуп, бак-дарактар жана декоративдик өсүмдүктөр отургузулган. Президент шаардыктардын коопсуздугуна, ыңгайлуулугуна жана жашоо сапатынын жогору болушуна багытталган инфраструктураны өнүктүрүү боюнча системалуу иштин маанилүүлүгүн белгиледи.
Ушул жылдын 6 айында Салык кызматынын кызматкерлерине карата 109 даттануу келип түшкөн. Мекемеден маалымдашкандай, 92 кайрылуу каралып бүтсө, 17 кайрылуу каралып жатат. "92 кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча 43 кайрылуу толугу менен, 4ү жарым-жартылай тастыкталган, ал эми 45 кайрылуу тастыкталган эмес", - деп айтылат маалыматта. Мыйзам бузууларды аныктоо максатында 14 кызматтык иликтөө дайындалып, алардын ичинен 12си аяктаган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 74 салык кызматкери тартиптик жазага тартылган. 32 кызматкерге эскертүү берилген, 26сына сөгүш жарыяланган, 9уна катуу сөгүш берилген, 5 кызматкер кызматынан бошотулган, ал эми 2 кызматкер кызматтык даражасынан төмөндөтүлгөн. Мындан тышкары, үч даттанууда коррупциялык мүнөздөгү мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар болгон. 2 факты тастыкталган жок, 1 даттануу УКМКга өткөрүлүп берилди. Аймактык салык органдарына түшкөн даттануулардын негизинде кызматтык тартипти бузганы үчүн 4 кызматкерге эскертүү берилген.
Бишкек шаарында 20 жашка чейинки балбандар арасында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыргыз балбандары мыкты жыйынтык көрсөтүп, 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.
АКШ президенти Дональд Трамп NBC News телеканалы үчүн курган маегинде дүйшөмбү күнү Россия боюнча маанилүү билдирүү жасай турганын айтып, бирок анын чоо-жайын ачыктаган жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Россиядан көңүлүм калды, алдыдагы эки жума ичинде эмне окуялар болуп кетерин көрөбүз. Дүйшөмбү күнү Россия тууралуу орчундуу билдирүү жасайм", — деген өлкө лидери. Трамп ошондой эле Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жарактын акысын НАТО төлөй турганын белгилеген.
Садыр Жапаров Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган кезектеги 225 батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, батирлер Калый Молдобасанов көчөсүндөгү 15 кабаттуу турак жай комплексинде жайгашкан. Аймагында автономдуу жылытуу системасы, балдар аянтчасы жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай каралган.Салтанатта мамлекет башчы ипотекалык турак жайлар жигердүү курулуп, Бишкекте үч, Жалал-Абадда эки көп кабаттуу үй пайдаланууга берилгенин айтты. Мындан тышкары Өлкө башчы алдыдагы беш жылда МИК муктаж жарандардын турак жай маселесин толук чечүүнү максат кылып жатканын белгилеп, айыл жана шаар жетекчилерине бош жаткан жерлерди МИКке өткөрүп берүүгө милдеттендирди. Садыр Жапаров ошондой эле Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектин реконструкциядан кийин көрүп чыкты. Жаңыланган бөлүктүн жалпы узундугу — үч чакырым. Көчө ар бири төрт метр болгон алты тилкеге чейин кеңейтилди. Көчөнүн эки тарабына тең тротуар жана веложол курулуп, бак-дарактар жана декоративдик өсүмдүктөр отургузулган. Президент шаардыктардын коопсуздугуна, ыңгайлуулугуна жана жашоо сапатынын жогору болушуна багытталган инфраструктураны өнүктүрүү боюнча системалуу иштин маанилүүлүгүн белгиледи.Ушул жылдын 6 айында Салык кызматынын кызматкерлерине карата 109 даттануу келип түшкөн. Мекемеден маалымдашкандай, 92 кайрылуу каралып бүтсө, 17 кайрылуу каралып жатат. "92 кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча 43 кайрылуу толугу менен, 4ү жарым-жартылай тастыкталган, ал эми 45 кайрылуу тастыкталган эмес", - деп айтылат маалыматта. Мыйзам бузууларды аныктоо максатында 14 кызматтык иликтөө дайындалып, алардын ичинен 12си аяктаган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 74 салык кызматкери тартиптик жазага тартылган. 32 кызматкерге эскертүү берилген, 26сына сөгүш жарыяланган, 9уна катуу сөгүш берилген, 5 кызматкер кызматынан бошотулган, ал эми 2 кызматкер кызматтык даражасынан төмөндөтүлгөн. Мындан тышкары, үч даттанууда коррупциялык мүнөздөгү мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар болгон. 2 факты тастыкталган жок, 1 даттануу УКМКга өткөрүлүп берилди. Аймактык салык органдарына түшкөн даттануулардын негизинде кызматтык тартипти бузганы үчүн 4 кызматкерге эскертүү берилген. Бишкек шаарында 20 жашка чейинки балбандар арасында өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыргыз балбандары мыкты жыйынтык көрсөтүп, 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.АКШ президенти Дональд Трамп NBC News телеканалы үчүн курган маегинде дүйшөмбү күнү Россия боюнча маанилүү билдирүү жасай турганын айтып, бирок анын чоо-жайын ачыктаган жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Россиядан көңүлүм калды, алдыдагы эки жума ичинде эмне окуялар болуп кетерин көрөбүз. Дүйшөмбү күнү Россия тууралуу орчундуу билдирүү жасайм", — деген өлкө лидери. Трамп ошондой эле Украинага жөнөтүлүп жаткан курал-жарактын акысын НАТО төлөй турганын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0b/1095238900_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_156bd24c600610def501dc79025c16e4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио