00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Дмитрий Балбекин - о юбилее, ролях и том, как меняется актер с возрастом
16:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Идеалдуу аялдын жалпы кабыл алынган образы кандай? Аялдар бул стереотиптерден тажадыбы?
17:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
ЕС требует от Кыргызстана усилить контроль за экспортом - что происходит
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
«Кызым» тасмасы: балдардын коопсуздугу тууралуу коомду ойготкон жаңы фильм
19:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Максимальный репост
Что будет с рынками ЕАЭС на фоне кризиса на Ближнем Востоке
20:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ мамлекеттериндеги керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коомдук институттардын тажрыйбасы бизге үлгү
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлик шашылыш билдирүү таратты! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымалБРИКС өлкөлөрүнүн башчылары аскердик чыгымдын арбыганына түйшөлүүдөСадыр Жапаров Тажикстанга мамлекеттик сапары менен барат. Алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча, 8-9-июлда жооп иретиндеги мамлекеттик сапары менен Душанбе шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. "Мамлекеттик сапардын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки жактуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле парламенттин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар мерчемделген. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө. Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда "Түбөлүк достук» концерти өтөт", - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.
Бишкекте Каражыгач токоюндагы Комсомол көлү ачылды. Мэриядан билдиришкендей, Комсомол көлү 10:00дөн 19:00гө чейин ачык. Эс алуучулардын коопсуздугу үчүн куткаруучулар нөөмөттө турушат. Комсомол көлүнө түшүүнүн бир нече эрежелери: - балдар чоңдордун жана ата-энелердин көзөмөлүндө гана сууга түшүшү керек; - белгиленген жерден ары сүзүүгө болбойт; - мас абалында сууга түшүүгө болбойт; - баланы суунун жанында кароосуз калтырбаңыз; - кайыктардын жанында сүзүүгө жана моторлуу кайыкты кууп чыгууга тыюу салынат; - сак болуңуз, булуттуу же шамалдуу убакта сууга түшпөңүз. Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону суранат.
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматка караганда, мындай аба ырайы 8-11-июлда болот. ӨКМ бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, дарыя жээктеринен алыс болууга чакырды.
БРИКС өлкөлөрүнүн башчылары Бразилияда өткөн уюмдун XVII саммитинин жыйынтыгында дүйнөдө аскердик чыгымдарга акча көп кетип жатканына түйшөлгөндүгүн билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Биз дүйнөнүн көптөгөн аймактарындагы жаңжалдарга, бөлүнүү жана карама-каршылыктардын күчөшүнө тынчсызданып жатабыз. Бул өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жетиштүү деңгээлде акчалай жардам көрсөтүүгө зыянын тийгизип, дүйнөлүк аскердик чыгымдардын кескин өсүшүнө алып келди", — деп айтылат алар кабыл алган жыйынтык документте. Блокко кирген мамлекеттер жыйында глобалдык маселелер боюнча улуттук көз караштан туруп караган позицияларга урмат менен мамиле кылган көп тараптуу ыкманы колдоду. Алар туруктуу өнүгүү, ачарчылыкты жана жакырлыкты жоюу, климаттын өзгөрүшүнө глобалдык жооп кайтаруу жаатында болмокчу. Бул мамлекеттер ошону менен катар эле эл аралык коомчулукту кооптуулуктарга каршы биргелешип чара көрүүгө, саясий-дипломатиялык ыкмаларды колдонууга жана жаңжалдардын негизги себептерин жоюуга чакырышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0