https://sputnik.kg/20250630/1095002206.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин вице-мэри ири суммадагы пара алууга шектелип кармалдыКыргызстанда 162 миңден ашык бала мектепке катталдыЭлчи Бөкөнтаев Россияга кирүүнүн жаңы... 30.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-30T13:00+0600
2025-06-30T13:00+0600
2025-06-30T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1e/1095002074_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5d8f60d64e8bf8c75502ed63c7a70794.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин вице-мэри ири суммадагы пара алууга шектелип кармалдыКыргызстанда 162 миңден ашык бала мектепке катталдыЭлчи Бөкөнтаев Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери боюнча кайрылуу жасадыАлдыда кененирээкЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Португалияга жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапардын алкагында төрага аталган эл аралык иш-чарада баяндама жасап, аймактык жана глобалдык маселелерди чечүүдө парламенттик дипломатиянын ролун кеңейтүү боюнча сунуштары менен бөлүшөт. Андан тышкары бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россияна кирүүнүн жаңы эрежелерди сыноо боюнча эксперименттин экинчи этабынын алкагында колдонулуп жаткан мобилдик тиркеме ишке киргизүү боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. Дипломаттын айтымында, Россия тараптап алынган акыркы маалыматка ылайык, тиркеме аркылуу 72 саат мурун билдирүү жиберүү – азырынча ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. "Бирок, аталган тиркемени алдын-ала толтуруп келсеңиздер Россияга келгенде телефонго SIM-карта, СНИЛС жана башка документтерди алууда убаракерчилик азаят. "тиркемени толтурбай келипсиң" деген негиз менен чек арадан киргизбей койбойт. Эң башкысы - "кара тизмеде" же "көзөмөлдөөчү реестрде" болбошуңуз шарт. Эгерде, аталган тизмелерде болуп калсаңыз – анда Россиянын аймагына кире албай каласыз", дейт элчи.Бөкөнтаевдин маалыматына караганда Россия тарап учурда тиркемеде жаңы түзүлгөндүгүнө байланыштуу техникалык маселелер бар экендигин жана алар жакын арада жоюларын билдирген.
Бишкектин вице-мэри Таалайбек Байгазиев пара алууга шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти. "Бишкектин вице-мэри Б.Т.А. 2025-жылдын 27-июнунда "Пара талап кылуу" беренеси боюнча мурда алган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берип жаткан жеринен кармалды", — деп айтылган маалыматта. Акчанын төркүнүн түшүндүргөн УКМК мэрдин сөз болуп жаткан орун басары ТЭЦти реконструкциялоо үчүн чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөйм деп инвестордон 50 миң доллар алган. Убадалаган ишин аткара албай калып анын 35 миң долларын кайтарып жаткан жеринен кармалган.Вице-мэр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыр кылмышка тиешеси бар делген башка адамдар аныкталууда. Байгазиев шаардын отун-энергетикалык тармагын карачу.
Кыргызстанда 163 миңге жакын бала мектепке катталды. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарында айтылат. Анын 2миң 300ү бенефициарлар. 126 миңден ашык орун бош бойдон калууда. Бишкек шаарында 13 миң 500 миң бала 1-класска, 15 миң 600 бала 2-класска кабыл алынган. Белгилей кетсек, 2-июндан тарта электрондук каттоо иш жүзүндө жашаган жери боюнча (каттоо дарегине карабастан) жүргүзүлүүдө. Ал 15-августка чейин созулат. 12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу биринчи жана экинчи класстарда каттоо бир убакта жүргүзүлөт. 2018-жылы төрөлгөн балдар система тарабынан автоматтык түрдө экинчи класска, 2019-жылы төрөлгөндөр биринчи класска коюлат.
Бишкектин вице-мэри ири суммадагы пара алууга шектелип кармалдыКыргызстанда 162 миңден ашык бала мектепке катталдыЭлчи Бөкөнтаев Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери боюнча кайрылуу жасадыАлдыда кененирээкЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Португалияга жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапардын алкагында төрага аталган эл аралык иш-чарада баяндама жасап, аймактык жана глобалдык маселелерди чечүүдө парламенттик дипломатиянын ролун кеңейтүү боюнча сунуштары менен бөлүшөт. Андан тышкары бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россияна кирүүнүн жаңы эрежелерди сыноо боюнча эксперименттин экинчи этабынын алкагында колдонулуп жаткан мобилдик тиркеме ишке киргизүү боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. Дипломаттын айтымында, Россия тараптап алынган акыркы маалыматка ылайык, тиркеме аркылуу 72 саат мурун билдирүү жиберүү – азырынча ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. "Бирок, аталган тиркемени алдын-ала толтуруп келсеңиздер Россияга келгенде телефонго SIM-карта, СНИЛС жана башка документтерди алууда убаракерчилик азаят. "тиркемени толтурбай келипсиң" деген негиз менен чек арадан киргизбей койбойт. Эң башкысы - "кара тизмеде" же "көзөмөлдөөчү реестрде" болбошуңуз шарт. Эгерде, аталган тизмелерде болуп калсаңыз – анда Россиянын аймагына кире албай каласыз", дейт элчи.Бөкөнтаевдин маалыматына караганда Россия тарап учурда тиркемеде жаңы түзүлгөндүгүнө байланыштуу техникалык маселелер бар экендигин жана алар жакын арада жоюларын билдирген.Бишкектин вице-мэри Таалайбек Байгазиев пара алууга шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти. "Бишкектин вице-мэри Б.Т.А. 2025-жылдын 27-июнунда "Пара талап кылуу" беренеси боюнча мурда алган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берип жаткан жеринен кармалды", — деп айтылган маалыматта. Акчанын төркүнүн түшүндүргөн УКМК мэрдин сөз болуп жаткан орун басары ТЭЦти реконструкциялоо үчүн чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөйм деп инвестордон 50 миң доллар алган. Убадалаган ишин аткара албай калып анын 35 миң долларын кайтарып жаткан жеринен кармалган.Вице-мэр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыр кылмышка тиешеси бар делген башка адамдар аныкталууда. Байгазиев шаардын отун-энергетикалык тармагын карачу.Кыргызстанда 163 миңге жакын бала мектепке катталды. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарында айтылат. Анын 2миң 300ү бенефициарлар. 126 миңден ашык орун бош бойдон калууда. Бишкек шаарында 13 миң 500 миң бала 1-класска, 15 миң 600 бала 2-класска кабыл алынган. Белгилей кетсек, 2-июндан тарта электрондук каттоо иш жүзүндө жашаган жери боюнча (каттоо дарегине карабастан) жүргүзүлүүдө. Ал 15-августка чейин созулат. 12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу биринчи жана экинчи класстарда каттоо бир убакта жүргүзүлөт. 2018-жылы төрөлгөн балдар система тарабынан автоматтык түрдө экинчи класска, 2019-жылы төрөлгөндөр биринчи класска коюлат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1e/1095002074_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0ea86397772aaf038cc68b20eadc0117.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио