https://sputnik.kg/20250615/1094645022.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыяланганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, сынак... 15.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-15T08:59+0600
2025-06-15T08:59+0600
2025-06-15T09:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0f/1094644890_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_18e521c42560b7f7cb8041534d73e45e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыяланганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, сынак эки этап менен өтмөкчү. Биринчиде текстинин долбоорлору тандалса, экинчи этапта текстке жараша музыкасы тандалат. "1-этап боюнча комиссия сынакка келип түшкөн чыгармаларды 25-июлга чейин карап чыгып, беш мыкты эмгекти тандап алмакчы. Ал эми музыкасы боюнча сынакка катыша турчу чыгарманы 8-сентябрга чейин жөнөтүү зарыл", — деп жазылат маалыматта. Министрликте сынак боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүп, анда министр сынакты ачык жана таза өткөрүү маанилүү экенин белгилеп, ар бир этап жогорку деңгээлде, кесипкөйлүк менен уюштурулушу керектигин кошумчалаган. Буга чейин жарыяланган сынакка 703 сунуш түшүп, анын 285си каттоодон өткөн, бирок тандоо комиссиясы алардын ичинен бирөөнү да жактырган эмес.
Министрлер кабинети Кыргызстанда жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоого убактылуу тыюу салды. Тиешелүү буйрукка Адылбек Касымалиев кол койду. Мораторий 2025-жылдын 1-июлунан тартып 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Аталган мораторий лицензияны кайра тариздөө, токтото туруу, узартуу жана жокко чыгаруу учурларына тиешеси жок. Документ медицина жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине билим берүү ишин лицензиялоонун тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомдун долбоорун иштеп чыгып, министрлер кабинетине бекитүү үчүн киргизүү тапшырылды.
Бишкек шаарында муниципалдык унаа токтотмолорго сааттык акы төлөө системасын киргизүү каралууда. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңешке киргизилди. Маалымдалгандай, Бишкекте 683 миңге жакын автоунаа катталган. Буга кошумча, аймактардан машиналар келип, борбор калаада тыгын көбөйүүдө. Мындан улам пилоттук долбоор сунушталып, шаардын борборун зоналарга бөлүп, саатына 40-60 сом акы алуу каралууда. Автоматташтырылган система киргизилгенде 30-50 сом болору айтылган. Мындан тышкары, акы төлөнүүчү токтотмолорго инвестиция тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы орундарды түзүү үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөр пайда болору айтылган. Долбоорду шаардык кеңеш жактырса муниципалдык токтотмолор үчүн акы алуу системасы жакын арада киргизилери кошумчаланды.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Россияда окуган аскер кызматкерлери миграциялык талаптардан бошотулат. Тиешелүү жарлыкка Россия президенти Владимир Путин кол койду. Документте 2027-жылдын аягына чейин Россияда билим алып жаткан КМШ өлкөлөрүнүн аскер кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү чет өлкөлүктөрдү каттоонун милдеттүү чараларынан бошотулары белгиленген. Жарлыктын текстине ылайык, алардын баары Россияда үй-бүлөлөрү менен бирге “милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоодон, сүрөткө жана медициналык текшерүүдөн өтпөстөн” жүрө алышат. Документтин аткарылышын Ички иштер министрлиги Коргоо министрлиги менен биргеликте камсыздайт.
Мамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыяланганын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, сынак эки этап менен өтмөкчү. Биринчиде текстинин долбоорлору тандалса, экинчи этапта текстке жараша музыкасы тандалат. "1-этап боюнча комиссия сынакка келип түшкөн чыгармаларды 25-июлга чейин карап чыгып, беш мыкты эмгекти тандап алмакчы. Ал эми музыкасы боюнча сынакка катыша турчу чыгарманы 8-сентябрга чейин жөнөтүү зарыл", — деп жазылат маалыматта. Министрликте сынак боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүп, анда министр сынакты ачык жана таза өткөрүү маанилүү экенин белгилеп, ар бир этап жогорку деңгээлде, кесипкөйлүк менен уюштурулушу керектигин кошумчалаган. Буга чейин жарыяланган сынакка 703 сунуш түшүп, анын 285си каттоодон өткөн, бирок тандоо комиссиясы алардын ичинен бирөөнү да жактырган эмес.Министрлер кабинети Кыргызстанда жогорку медициналык жана фармацевтикалык кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоого убактылуу тыюу салды. Тиешелүү буйрукка Адылбек Касымалиев кол койду. Мораторий 2025-жылдын 1-июлунан тартып 2027-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Аталган мораторий лицензияны кайра тариздөө, токтото туруу, узартуу жана жокко чыгаруу учурларына тиешеси жок. Документ медицина жана фармацевтикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине билим берүү ишин лицензиялоонун тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомдун долбоорун иштеп чыгып, министрлер кабинетине бекитүү үчүн киргизүү тапшырылды. Бишкек шаарында муниципалдык унаа токтотмолорго сааттык акы төлөө системасын киргизүү каралууда. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңешке киргизилди. Маалымдалгандай, Бишкекте 683 миңге жакын автоунаа катталган. Буга кошумча, аймактардан машиналар келип, борбор калаада тыгын көбөйүүдө. Мындан улам пилоттук долбоор сунушталып, шаардын борборун зоналарга бөлүп, саатына 40-60 сом акы алуу каралууда. Автоматташтырылган система киргизилгенде 30-50 сом болору айтылган. Мындан тышкары, акы төлөнүүчү токтотмолорго инвестиция тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы орундарды түзүү үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөр пайда болору айтылган. Долбоорду шаардык кеңеш жактырса муниципалдык токтотмолор үчүн акы алуу системасы жакын арада киргизилери кошумчаланды.Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Россияда окуган аскер кызматкерлери миграциялык талаптардан бошотулат. Тиешелүү жарлыкка Россия президенти Владимир Путин кол койду. Документте 2027-жылдын аягына чейин Россияда билим алып жаткан КМШ өлкөлөрүнүн аскер кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү чет өлкөлүктөрдү каттоонун милдеттүү чараларынан бошотулары белгиленген. Жарлыктын текстине ылайык, алардын баары Россияда үй-бүлөлөрү менен бирге “милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоодон, сүрөткө жана медициналык текшерүүдөн өтпөстөн” жүрө алышат. Документтин аткарылышын Ички иштер министрлиги Коргоо министрлиги менен биргеликте камсыздайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0f/1094644890_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2ab16fc5dcbcf84ffb3b630b9972ea10.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио