Ажылык-2025: технология, коопсуздук жана 1,6 млн. зыяратчыга жасалган камкордук
© Photo / MOHAMED ALSHARIFМеккедеги ажылык сапарда мусулмандар

© Photo / MOHAMED ALSHARIF
Жазылуу
2025-жылы Сауд Арабиясы ажылык сапарды жогорку деңгээлде уюштурганын көрсөттү. Куйкалаган аптапка (Меккеде ысык +47 градуска чейин көтөрүлдү) карабай ажылык тынч, коопсуз жана 1,6 зыяратчынын ар бирине тыкыр көңүл буруп, камкордук жасоо менен өттү. Быйылкы ажылык сапар алдыңкы технология менен адамга чын дилден камкордук кылууну кантип айкалыштырыш керектигин көрсөттү.
Акактаткан аптап менен күрөш: экология жана салкындатуу
Уюштуруучулардын башын ооруткан нерсе, албетте, күндүн ысыгы болду. Муздатуу боюнча дүйнөдөгү эң ири системалар — жалпы муздатуу кубаттуулугу 155 миң тоннаны түзгөн кондиционердик жабдуулар пайгамбардын мечитинде жана Аль-Харамда ыңгайлуу шарттарды камсыздады. Негизги сапарларда жана аянттарда 400дөн ашуун серүүндөткөн суу чыгаруучу жабдуу иштеп жатты. Күн нурун кайра чагылдыруучу ак таштар жана 10 миңден ашык бак-дарак зыяратчылар тушуккан ысыкты төмөндөтүүгө жардам берди.
Санарип ажылык: технологиялар жана зыяратчылар кызматы
2025-жылдагы ажылыкта тарыхтагы технология болушунча колдонулган ийгиликтүү, алдыңкы тейлөө болду. Зыяратчылар бир катар жерлерде бекер Wi-Fi жана 5G байланышын колдонуп жүрүштү. Smart Hajj тиркемеси менен сапарларын аныктап, намаздын убактысы боюнча маалымдар болуп, акырын кол тийгизип койгондо эле зарыл болгон кызматтарды чакырып алууга шарт түзүп берди. Жасалма интеллект менен дрондор агымдарды, элдин түртүшүп-жөөлөшүп кетишин алдын алып, шарт түзүп берүүдө жакшы кызмат кылды. Ал эми акылдуу сенсорлор таштандыны көбөйүп жибербей тазалыкка көз салып турду.
© Photo / Saudi Press Agency

1/3
© Photo / Saudi Press Agency
© Photo / MOHAMED ALSHARIF

2/3
© Photo / MOHAMED ALSHARIF
© Photo / Saudi Press Agency

3/3
© Photo / Saudi Press Agency
1/3
© Photo / Saudi Press Agency
2/3
© Photo / MOHAMED ALSHARIF
3/3
© Photo / Saudi Press Agency
Заманбап медицина жаныңда
Медициналык жактан көмөктөшүү эң жогорку деңгээлде болду. Ажылык сапардын учурунда 91 ирет медициналык жардам ( 22 миңи тез жардам) көрсөтүлдү. Алар негизинен күнгө какталып жана суусагандыктан кыйналып калгандар болду. Зыяратчылар өткөн жерлерге мобилдик госпиталдар жайгаштырылып, дарыгерлер, медайымдар кызматта турду. Диализ процедурасынан тарта жүрөккө ачык операцияларды кошкондо ондогон оор медициналык операциялар жасалды.
Коопсуздук жана тартип
Тартип сактоо жаатында коопсуздук кызматынын жүз миңдеген өкүлү, полиция жана ыктыярчылар иштеди. 270 миң чет элдик расмий уруксаты жок болгондуктан Меккеге кирип бара жатканда токтотулду. Ар бир зыяратчы электрондук каттоодон өттү. Ал эми асмандан дрондор тепловизор менен байкоого алып, кооптуулук жараткан нерселер тууралуу ыкчам маалымат берип турду.
© Photo / Saudi Press Agency

1/3
© Photo / Saudi Press Agency
© Photo / MOHAMED ALSHARIF

2/3
© Photo / MOHAMED ALSHARIF
© Photo / SALEH AIDGARY

3/3
© Photo / SALEH AIDGARY
1/3
© Photo / Saudi Press Agency
2/3
© Photo / MOHAMED ALSHARIF
3/3
© Photo / SALEH AIDGARY
Адамдардын көңүл жылыткан мамилеси
Ажылыкка баргандардын айтымында, эсте калган көңүл жылыткан нерсе ыктыярчылардын камкордугу болду. Жаштар улгайгандарга, майыптыгы барларга жардамдашып, суу таратып жүрүштү. Полиция кызматкерлери аянтчалар салкын тартып туруш үчүн суу чачыраткычтарды орнотушкан. Бир караганда көзгө жөнөкөй көрүнгөн мындай иштер конокторго чын дилден чыккан мамилени айгинеледи.
Ыктыярчыдан офицерге чейин — ажылык сапарда кызмат кылган ар бир киши дүйнөнүн чар тарабынан келген зыяратчылардын эмне дегенин түшүнүү үчүн маданий жана тил курсунан өткөн. Миңдеген жергиликтүү жаштар ыктыярчылык кызматта тикесинен тик туруп, ажылык сапардагыларга адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөтүп, өзгөчө жылуу маанай тартуулады.
Ажылык улам ыңгайлуу болуп бара жатат
Бул күндөрү Меккеде жүргөн Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиев ажылык жыл өткөн сайын ыңгайлуу жана кол жеткидей болуп бара жатканын белгиледи.
"Мурда бир гана компания жөнөтө отурган болсо, учурда алардын саны 200гө чукулдады. Бул атаандаштыкты жаратып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртты. Ажылык 38 күнгө жеткен учурлар болгон, азыр — 25 күн. Мурда ушундай узак жолду жөө басып өтүшсө, эми ыңгайлуу автобустар менен жүрүп калдык. Салкындатуу системасы жакшырды. Тамак-аш мыкты, суу жана медициналык жардам бекер", — деди Ракиев.
© Photo / Saudi Press Agency

1/3
© Photo / Saudi Press Agency
© Photo / SALEH AIDGARY

2/3
© Photo / SALEH AIDGARY
© Photo / Saudi Press Agency

3/3
© Photo / Saudi Press Agency
1/3
© Photo / Saudi Press Agency
2/3
© Photo / SALEH AIDGARY
3/3
© Photo / Saudi Press Agency
Ажылыктын келечеги: санарип платформалар жана инфраструктура
Сауд Арабиясы Nusuk аттуу расмий санариптик платформаны активдүү өнүктүрүп жатат. Бул — ажылык жана умра ибадаттарын пландап, каттоодон өтүп, сапарды аткарууга арналган биринчи онлайн-кызмат. Аталган платформа Меккеде, Мединада жана алардын тегерек-четиндеги маршруттарды тандоону бир кыйла жеңилдетет.
"Меккенин жаңы дарбазасы" деп атап жатышкан дагы бир маанилүү долбоор — Masar. Ал Vision-2030 демилгесинин негизги бөлүгүнө айланат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
шаарга кире бериштен Аль-Харам мечитине чейин узундугу 3,65 чакырым болгон жөө жүрүүчүлөрдүн бульвары;
логистикалык борборлорду жана автоунаа токтоочу жайларды камтыган заманбап транспорттук инфраструктура;
жашыл аймактар жана көп тилдүү навигация менен жабдылган көрктүү шаардык чөйрө;
эл аралык мейманканаларды кошо алган, 1,2 миллион чарчы метрден ашык мейманкана жана соода курулуштары түшөт.
долбоордун биринчи фазасын 2026-жылы, ал эми толугу менен 2023-жылы аяктоону пландаштырып жатышат.
Жалпысынан алганда 2025-жылдагы ажылык сапар диний адаттарды заманбап технология, чын ыкластан көңүл бөлүп мамиле кылууну айкалыштыруунун жакшы мисалы болду.
Сауд Арабиясы дүйнөдөгү эң ири зыяратчылыкты майнаптуу уюштурууга жөндөмдүү экенин гана далилдебестен, болушунча ыңгайлуу, коопсуз жана адамдарга жагымдуу да кыла алды.