00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
Идеядан экранга чейин: “От” фильмин утушка жеткирген сценарий артындагы күрөш
19:11
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Будь в курсе
10 лет ЕАЭС: спорят, но договариваются — итоги форума в Минске
20:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ысык-Көл менен Нарын облусу органикалык айыл чарбага өтөт — “Органика 2025–2029" программасы кантип ишке ашат?
21:04
54 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Январдан баштап медиктердин маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абадга болгон иш сапарында билдирди. Спикер Ала-Бука районундагы 1950-жылдары курулган медициналык мекемелердин имаратын көрүп, тиешелүү жетекчилерге тез арада жаңы имараттарды куруу тапшырмасын койгону айтылды. "Калктын саламаттыгын чыңдаш үчүн медиктердин айлыгын жогорулатышыбыз керек. Дарыгерлердин маянасы кеминде 70-80 миң сомдон өйдө болгондо гана аларга талап коюп, тармакты алдыга жылдыра алабыз", — деген Тургунбек уулу. Мындан тышкары, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жолунун курулушун көрүп жаткан учурда быйыл бюджет 704 миллиард сом болгонун, кийинки жылы 800 миллиард сомго жеткирүү мерчемделип жатканын кошумчалады.
Султанбай Айжигитовдун ордуна 30 жаштагы Табылды Муратбеков депутат болуп келди. Чечим кечээ, Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды. Маалыматка ылайык, “Ыйман нуру” партиясынан талапкер Муратбеков 1994-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Жогорку билимдүү. 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы, андан кийин Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикте жетектөөчү адиси болуп иштеген.
Өлкөдөгү унааларды камсыздандыруу үчүн учурда активдүү аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын кеңешчиси Канат Музуралиев билдирдиАнын айтымында, ОСАГО полиси коңшу мамлекеттердин баарында иштейт, Кыргызстанда гана кире элек. "Казакстан менен чечип бергиле деп кайрылат. Бирок бизде ОСАГО жок, кантип чечебиз. ЕАЭБдин алкагында бул маселени кеңешип чечсек болот. Ал үчүн биринчи өлкөдөгү унааларды толук камсыздандыруу керек. Бүткөндө анан биримдиктеги өлкөлөр менен сүйлөшөбүз. Учурда бул багытта акырындап сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Музуралиев. Муну менен катар эле ал жол кырсыгына кабылгандан кийин каражат таба албай элден жардам сураган кыргызстандыктар бар экенин кошумчалады. "Биздин мекендештер унааларды жүктөп ташып жатышат. Жол кырсыгына кабылып, жүктөп келе жаткан унаалары талкаланып, кийин видеокайрылуу жасап, жардам сурап чыгышууда. Жолго чыгарда ар бир унааны камсыздап койсо, кырсыкка кабылганда камсыздандыруу уюму төлөп берет", — деди Музуралиев.
Тынчтыкты орнотуу үчүн АКШнын Украинадагы жаңжалга аралашуусун токтотуу зарыл. Бул туурасында АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси, Америка армиясынын генералы Майк Флинн айтканын РИА Новости жазды. "Президент Трамп туура айтып жатат: бул анын согушу эмес. Башка өлкөлөрдүн бардыгын Украинага көрүнөө да, көмүскө да жиберген аскерлерин кайтарып алууга чакырам. Санкция берилбеген согуштук кадамдарга барган-барбаганын билиш үчүн бардыгын суракка алуу керек. Россияга карата Украинанын чабуул жасашына жардамдашып, түрткү болгон америкалыктардын иши да тергелиши шарт", — деген генерал. Флинн Россиянын аскер базаларына кол салгандар Москва менен Вашингтондун өзөктүк куралдар жана ташып жүргөн каражаттар боюнча өзгөчө келишимде айтылгандарды бузгандыктан, алар АКШнын да касы болуп калганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0