00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Стимул
Милиция кызматкеринен атайын даярдык менен кошо адамгерчилик да талап кылынат - Жүрөк жылыткан иши менен коомго таанылган Жакшылык Нурланбеков менен маек
15:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Стоп-кадр
“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол
17:11
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:07
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Динара Чочунбаева дүйнө салды

© Sputnik / Табылды КадырбековДинара Чочунбаева
Динара Чочунбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2025
Жазылуу
Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде тартылган "Мен – Тянь-Шань" тасмасында Аселдин ролун аткарган.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, сүрөтчү, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык эксперти, коомдук ишмер Динара Чочунбаева 69 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Чочунбаева Динара 1956-жылы 5-сентябрда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1971-жылы Көркөм сүрөт окуу жайынын декоративдик бөлүмүн аяктаган. Ошол эле мезгилде Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде тартылган "Мен – Тянь-Шань" тасмасында Аселдин ролун аткарган.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР Чочунбаева Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде тартылган "Мен – Тянь-Шань" тасмасында Аселдин ролун аткарган
Съемки фильма Я — Тянь-Шань  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2025
Чочунбаева Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин негизинде тартылган "Мен – Тянь-Шань" тасмасында Аселдин ролун аткарган. Архивдик сүрөт
1978-жылы Москва полиграфиялык институтунун басма продукциясын көркөм тариздөө бөлүмүн аяктап, 1978-1979-жылдары "Кыргызстан" басмаканасында көркөм редактор болуп иштеген. 1980-жылдан бери СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.
Мындан тышкары, Чочунбаева билим берүү, маданият, искусство, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо жаатында ар кандай уюмдарды түзгөн:
1986-2002-жылдары Республикалык эстетикалык тарбия берүү борборун түзүп, (РЭТББ) аталган борбордо 16 жыл директор болуп иштеген;
1996-жылы "Кыргыз Стиль" аттуу салттуу жана заманбап маданиятты өнүктүрүү борборун негиздеген;
2004-жылы Азия-Тынч океан аймагынын кол өнөрчүлүк кеңешинин вице-президенти болгон;
2006-жылы "Кол өнөрчүлүк жана салттуу билим" коомдук фондун түзгөн.
Чочунбаева Динара социалдык жана искусство долбоорлорун түптөп, жетектеп келген. 2000-2008-жылдары Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөн уюмдардын ассоциациясын башкарган. Бул ассоциация аймактагы беш өлкөнүн 76 кол өнөрчүлүк уюмдарын бириктирип, салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча 50дөн ашуун долбоорду ишке ашырган.
2004-жылдан бери Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүк продукциялар үчүн UNESCO/WCCнин "Сапат белгиси" программасынын регионалдык координатору болуп иштеген.
© Sputnik / Асель Акматалиева Динара Чочунбаева жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалын 2006-жылы негиздеген
Директор фестиваля Оймо Динара Чочунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2025
Динара Чочунбаева жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалын 2006-жылы негиздеген. Архивдик сүрөт
Учурда жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалын 2006-жылы негиздеген. Бул фестиваль — бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы кол өнөрчүлөрдүн эң ийгиликтүү соода аянтчаларынын бири жана туристтер үчүн жагымдуу иш-чара, маданияттардын кесилишкен жери. 2009-жылы Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүчү уюмдардын Борбор Азия ассоциациясынын ресурстук борбору - CACSARC-kg коомдук фондун негиздеп, өлкө ичинде жана анын чегинен тышкары жүздөгөн кол өнөрчүлөрдү окуткан регионалдык окутуучулар тобун түзгөн. 2010-жылы Кыргызстандан көрсөтүлгөн номинацияларды даярдоо боюнча улуттук жумушчу топторду жетектеген.
Чочунбаева Кыргызстандын, Тажикстандын, Грузиянын жана Түркиянын кол өнөрчүлүк тармагына байланыштуу бир нече изилдөөлөрдү жүргүзгөн. "Шырдак – кыргыз кийиз килеми" аттуу альбомдун жана бир катар макалалардын автору.
2012-2016-жылдар аралыгында Борбор Азия боюнча Азия-Тынч океан аймагынын Дүйнөлүк кол өнөрчүлүк кеңешинин вице-президенти болуп иштеген. 2017-жылы WCC-APR онлайн-басылмасынын – "Азия кол өнөрчүлүгүнүн энциклопедиясынын" Борбор Азия боюнча координаторлугун аркалаган.
2018-жылы Кыргызстанда материалдык эмес маданий мурастын негизинде ишкердикти өнүктүрүп жаткан жаш ишкерлерди колдоого багытталган Creative Spark долбоорунун эксперти болгон.
2024-жылдан бери "Кыргызстанда салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү" долбоорунун (ODA) (2023-2026-жж.) алкагында өлкөдөгү кол өнөрчүлөргө окутуу жүргүзүп келген. Билим берүү жана маданият тармагындагы ишмердиги үчүн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга ээ.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги деген ардактуу наамдар берилген.
Министрлик кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн дүйнөгө тааныткан Динара Чочунбаеванын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталарын белгилешти.
Съемки фильма Я — Тянь-Шань  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2024
Көп таланттын жылдызы жанган. "Мен — Тянь-Шань" тасмасындагы ирмемдер
Жаңылыктар түрмөгү
0