https://sputnik.kg/20250531/1094312855.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мындан ары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу маалымат ачык жарыяланбайт. Кабарды "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан тастыкташты... 31.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-31T08:59+0600
2025-05-31T08:59+0600
2025-05-31T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/1f/1094312723_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dbc58416738cade28072f9ab63f38c7b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мындан ары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу маалымат ачык жарыяланбайт. Кабарды "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан тастыкташты. Аталган ишкана буга чейин күн сайын суунун көлөмү тууралуу маалымат берип турчу. Компания мындан ары маалымат "кызматтык колдонуу үчүн" категориясына кирип, аны УКМКнын уруксаты менен гана алууга болорун айтты. Соңку билдирүү 15-майда чыгып, анда суунун көлөмү 9,566 миллиард куб метр экени айтылган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эверестти багындырган альпинист Асел Байбагышеваны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда өкмөт башчы Байбагышевага 500 миң сомдук сертификат тапшырды. Ал эми альпинист дүйнөнүн чокусуна алып чыккан кыргыз желегин жана Эвересттен алып келген ташты Касымалиевге берди.Спортчу чокуга чыккандагы таасирлери менен бөлүшүп, ал учурда биринчи болуп минкаб төрагасы байланышка чыкканына кубанганын белгилеген. Анын айтымында, ушундай учурларда мамлекеттин колдоосу спортчуларга ишеним берип, ийгиликтерге шыктандырат.Өкмөт башчы Асел Байбагышеванын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү жана Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого зор салым экенин кошумчалады.
Жер мунапысына арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Тиешелүү токтом "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.Ага ылайык, мурда трансформацияланган, бирок каттала элек жер тилкени жергиликтүү бийлик коомдук угуу өткөрбөй эле "калктуу конуштар" категориясына өткөрө алат. Бул норма дача же багбанчылык үчүн берилген жерлерге тиешеси жок.Мындан сырткары, жаңы жобого ылайык: "калктуу конуштардын жерлеринде" жайгашкан участоктордун аянты иш жүзүндөгү чекке жараша аныкталат; "айыл чарба багытындагы жерлерде" болсо, турак үй куруу үчүн участок аянты жергиликтүү чектөө жоболоруна жана расмий схемаларга ылайык болот.Буга чейин минкаб башчысы мыйзамдаштыруу иштерин жыл соңуна чейин бүткөрүү зарылдыгын белгилеген. Өлкөдө 2022-жылдан бери "жер мунапысы" аталган өнөктүк жүрүп келе жатат. Анын алкагында өлкөдө тополоң учурларда айыл чарба жерлерине куруп алган үйлөр калктуу конуш катары мыйзамдаштырылууда. 2024-жылы жер амнистиясынын алкагында өлкө боюнча 140 миңден ашуун арыз түшкөнү, алардын 50 пайызы канааттандырылганы маалым болгон.
Реновациянын алкагында 100 батир жайгашкан жерге учурдагы технологиялар менен 1000 батир курса болот. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.Министр депутаттардын суроосуна жооп берип жатып маселе татаал экенин, иштер акырындык менен жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, реновация боюнча мыйзам быйыл Жогорку Кеңешке киргизилет. Министр реновациянын зарылдыгын жердин жетишсиздиги жана эскилиги жеткен имараттар менен түшүндүрдү. "Совет доорунда курулган, 50-60 жыл мурдагы үйлөрдүн көбү авариялык абалга келип, кооптуу болуп калган. Жарандарды заманбап, коопсуз турак жай менен камсыз кылуу — мамлекеттин милдети.
Мындан ары Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу маалымат ачык жарыяланбайт. Кабарды "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан тастыкташты. Аталган ишкана буга чейин күн сайын суунун көлөмү тууралуу маалымат берип турчу. Компания мындан ары маалымат "кызматтык колдонуу үчүн" категориясына кирип, аны УКМКнын уруксаты менен гана алууга болорун айтты. Соңку билдирүү 15-майда чыгып, анда суунун көлөмү 9,566 миллиард куб метр экени айтылган.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эверестти багындырган альпинист Асел Байбагышеваны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда өкмөт башчы Байбагышевага 500 миң сомдук сертификат тапшырды. Ал эми альпинист дүйнөнүн чокусуна алып чыккан кыргыз желегин жана Эвересттен алып келген ташты Касымалиевге берди.Спортчу чокуга чыккандагы таасирлери менен бөлүшүп, ал учурда биринчи болуп минкаб төрагасы байланышка чыкканына кубанганын белгилеген. Анын айтымында, ушундай учурларда мамлекеттин колдоосу спортчуларга ишеним берип, ийгиликтерге шыктандырат.Өкмөт башчы Асел Байбагышеванын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү жана Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого зор салым экенин кошумчалады. Жер мунапысына арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Тиешелүү токтом "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.Ага ылайык, мурда трансформацияланган, бирок каттала элек жер тилкени жергиликтүү бийлик коомдук угуу өткөрбөй эле "калктуу конуштар" категориясына өткөрө алат. Бул норма дача же багбанчылык үчүн берилген жерлерге тиешеси жок.Мындан сырткары, жаңы жобого ылайык: "калктуу конуштардын жерлеринде" жайгашкан участоктордун аянты иш жүзүндөгү чекке жараша аныкталат; "айыл чарба багытындагы жерлерде" болсо, турак үй куруу үчүн участок аянты жергиликтүү чектөө жоболоруна жана расмий схемаларга ылайык болот.Буга чейин минкаб башчысы мыйзамдаштыруу иштерин жыл соңуна чейин бүткөрүү зарылдыгын белгилеген. Өлкөдө 2022-жылдан бери "жер мунапысы" аталган өнөктүк жүрүп келе жатат. Анын алкагында өлкөдө тополоң учурларда айыл чарба жерлерине куруп алган үйлөр калктуу конуш катары мыйзамдаштырылууда. 2024-жылы жер амнистиясынын алкагында өлкө боюнча 140 миңден ашуун арыз түшкөнү, алардын 50 пайызы канааттандырылганы маалым болгон. Реновациянын алкагында 100 батир жайгашкан жерге учурдагы технологиялар менен 1000 батир курса болот. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.Министр депутаттардын суроосуна жооп берип жатып маселе татаал экенин, иштер акырындык менен жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, реновация боюнча мыйзам быйыл Жогорку Кеңешке киргизилет. Министр реновациянын зарылдыгын жердин жетишсиздиги жана эскилиги жеткен имараттар менен түшүндүрдү. "Совет доорунда курулган, 50-60 жыл мурдагы үйлөрдүн көбү авариялык абалга келип, кооптуу болуп калган. Жарандарды заманбап, коопсуз турак жай менен камсыз кылуу — мамлекеттин милдети.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/1f/1094312723_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c0ebd5482b195e25913054daae57e470.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио