https://sputnik.kg/20250527/bishkek-aybek-zhunushaliyev-zhol-rekonstruktsiya-1094232943.html
Бишкекте Айтматов проспекти кеңейтилип, курулуштар буздурулууда. Видео
Бишкекте Айтматов проспекти кеңейтилип, курулуштар буздурулууда. Видео
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспекти Түштүк магистралдан Семетей көчөсүнө чейин кеңейтилүүдө. Кечээ ал жерде кызыл сызыктан чыкты делген курулуштар буздурула... 27.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-27T17:42+0600
2025-05-27T17:42+0600
2025-05-27T17:42+0600
кыргызстан
бишкек
айбек жунушалиев
жол
реконструкция
мэрия
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/05/1b/1094233071_0:0:3639:2047_1920x0_80_0_0_d37b29567ded4ecd6b810f2f244b9ad1.jpg
Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспекти Түштүк магистралдан Семетей көчөсүнө чейин кеңейтилүүдө. Кечээ ал жерде кызыл сызыктан чыкты делген курулуштар буздурула баштады. Үй ээлери буга каршы чыгып, мэрия компенсация маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керектигин айтышууда. Ал эми мэр Айбек Жунушалиев сүйлөшүүлөр үч ай бою жүргөнүн, ал тургай маселе Жогорку Кеңеш менен шаардык кеңеште талкууланганын белгиледи. Анын айтымында, шаардын кызыкчылыгы үчүн жол курулушуна жана инфраструктуранын өнүгүшүнө тоскоол болгон бир да объект калтырылбайт. "Компенсация жана башка маселелер боюнча жазуу түрүндө кайрылуулар болсо маселени талкуулоого даярбыз. Бирок ишти токтото албайбыз", — деди мэр. Буга чейин президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Айтматов проспекти президенттин тапшырмасы менен кеңейтилип жатканын билдирген. Бул жерге жаңы жол чырактар орнотулуп, арыктар жер астынан өткөрүлөт. Ал эми велосипед жолдору тротуарлардан бөлүнөрү айтылган. Реконструкция жакында соңуна чыгат.Тема боюнча:
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/1b/1094233071_455:0:3184:2047_1920x0_80_0_0_4c60ef72d0bd7cca01f09a4c491b6ac2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, айбек жунушалиев, жол, реконструкция, мэрия, видео, видео
кыргызстан, бишкек, айбек жунушалиев, жол, реконструкция, мэрия, видео, видео
Бишкекте Айтматов проспекти кеңейтилип, курулуштар буздурулууда. Видео
Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспекти Түштүк магистралдан Семетей көчөсүнө чейин кеңейтилүүдө. Кечээ ал жерде кызыл сызыктан чыкты делген курулуштар буздурула баштады.
Үй ээлери буга каршы чыгып, мэрия компенсация маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керектигин айтышууда. Ал эми мэр Айбек Жунушалиев сүйлөшүүлөр үч ай бою жүргөнүн, ал тургай маселе Жогорку Кеңеш менен шаардык кеңеште талкууланганын белгиледи.
"Бир нече жолу барып, кырдаалды талкууладык... Канчага чейин сүйлөшө беребиз? Жашоочуларды белгиленген тартипте эскертип, варианттарды сунуштап, андан кийин гана бузууга кириштик. Биз соттошуп бүткүчө жолду жаап коюп, жылдап жүрө албайбыз. Көгөрүп жаткан 26 кишинин эмес, бүтүндөй шаардыктар үчүн шарт түзүшүбүз керек", — деди Жунушалиев.
Анын айтымында, шаардын кызыкчылыгы үчүн жол курулушуна жана инфраструктуранын өнүгүшүнө тоскоол болгон бир да объект калтырылбайт.
"Компенсация жана башка маселелер боюнча жазуу түрүндө кайрылуулар болсо маселени талкуулоого даярбыз. Бирок ишти токтото албайбыз", — деди мэр.
Буга чейин президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Айтматов проспекти президенттин тапшырмасы менен кеңейтилип жатканын билдирген. Бул жерге жаңы жол чырактар орнотулуп, арыктар жер астынан өткөрүлөт. Ал эми велосипед жолдору тротуарлардан бөлүнөрү айтылган. Реконструкция жакында соңуна чыгат.