https://sputnik.kg/20250523/1094176209.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети белгилүү шарттарда кызматкерлердин эмгек акысын накталай төлөөгө уруксат берди. Токтом “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды. Чечим Эмгек... 23.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-23T15:00+0600
2025-05-23T15:00+0600
2025-05-23T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/17/1094176077_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6bad404694065af4f84ce6359e9fd10a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети белгилүү шарттарда кызматкерлердин эмгек акысын накталай төлөөгө уруксат берди. Токтом “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды. Чечим Эмгек кодексинин 91-беренесине ылайык кабыл алынып, банктын инфраструктурасы жетпеген жерлерде жана айрым өзгөчө кырдаалдарда акчалай эсептешүүгө шарт түзөт. Накталай айлыкка уруксат берилчү учурлар: банк кызматтары жок жерде иштеген кызматкерлерге; сезондук талаа жумушчуларына; эгер ишкананын эсебине камак салынса; турак жай шериктштиктеринин кызматкерлерине (2026-жылга чейин); айыл чарба кооперативдеринде иштегендерге. Ошол эле учурда иш берүүчүлөр салыкты жана жумушчулардын эмгек укуктарына байланыштуу милдеттерди аткарууну улантууга тийиш. Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Мамлекеттик сатып алуулардагы келишимдер банк аркылуу коштолот. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койгон. Бул үчүн тиешелүү банктардын тизмеси түзүлүп, төлөмдөр келишимдеги иштердин аткарылышына жараша жүргүзүлөт. Бул ыкма мамлекет менен подрядчынын ортосундагы жоопкерчиликти арттырып, ишти сапаттуу аткарууну шарттайт. Ошондой эле Финансы министрлигине банктар менен бирге 2026-жылга чейин адистештирилген банктык продуктуларды иштеп чыгуу тапшырылган. Келечекте бул ыкманы мамлекеттик үлүшү 50 пайыздан ашкан ишканаларга да колдонуу мерчемделип жатканы кошумчаланды.
КМШ өлкөлөрүнүн Миграциялык органдарынын жетекчилеринин кеңеши Бакуда XXIX отурумга чогулуп, анда 12 маселе талкууланды. Бул туурасында КМШ интернет-порталы билдирди. Иш-чарага Евразиялык экономикалык комиссия менен Профсоюздардын жалпы конфедерациясынан өкүлдөр байкоочу катары чакырылган. Отурумда мүчө өлкөлөрдүн миграция жаатындагы мыйзамдарында болгон өзгөрүүлөр талкууланып, шериктештиктин миграциялык органдарынын өздөрүнүн жана эл аралык уюмдар менен иштешүү тажрыйбалары тааныштырылган. Кыргызстандын "Санарип көчмөн" макамын чет элдик жарандарга берилүүсү жана "Мекен картанын" иштеши боюнча айтылып, тажрыйбалар көрсөтүлдү. Андан сырткары, Казакстандын онлайн-документтештирүү, Өзбекстандын өз аймагында жарансыздыкты кыскартуу жаатындагы программалары тууралуу да сөз жүрдү. Катышуучулар аталган кеңештин 2024-жылы пландалган иштеринин канчасы ишке ашканын, майнаптуулугу боюнча отчетту угушту. 2025-2026-жылдары жасалчу иштер, отурумдардын, жолугушуулардын графиги бекитилди.
Быйыл Кыргызстандагы мектептерди 80 миң 540 окуучу аяктап жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул жылы 11-классты жалпы 80 миң 540 окуучу бүтүрүүдө. Анын ичинен 2 миң 489 окуучунун «кызыл аттестат» алуусу күтүлүп жатат. Ал эми 9-классты 134 миң 681 окуучу аяктап жатат, анын ичинен 5 миң 756 окуучу артыкчылык күбөлүгүнө талапкер болууда. Бишкек шаарын ала турган болсок, 9-классты 24миң 585 окуучу аяктап, алардын ичинен 839у кызыл күбөлүк алышса, 11-классты 14 миң 116 окуучу бүтүрүп, 586 окуучу артыкчылык күбөлүгү менен бүтүргөн.
Министрлер кабинети белгилүү шарттарда кызматкерлердин эмгек акысын накталай төлөөгө уруксат берди. Токтом “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды. Чечим Эмгек кодексинин 91-беренесине ылайык кабыл алынып, банктын инфраструктурасы жетпеген жерлерде жана айрым өзгөчө кырдаалдарда акчалай эсептешүүгө шарт түзөт. Накталай айлыкка уруксат берилчү учурлар: банк кызматтары жок жерде иштеген кызматкерлерге; сезондук талаа жумушчуларына; эгер ишкананын эсебине камак салынса; турак жай шериктштиктеринин кызматкерлерине (2026-жылга чейин); айыл чарба кооперативдеринде иштегендерге. Ошол эле учурда иш берүүчүлөр салыкты жана жумушчулардын эмгек укуктарына байланыштуу милдеттерди аткарууну улантууга тийиш. Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Мамлекеттик сатып алуулардагы келишимдер банк аркылуу коштолот. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койгон. Бул үчүн тиешелүү банктардын тизмеси түзүлүп, төлөмдөр келишимдеги иштердин аткарылышына жараша жүргүзүлөт. Бул ыкма мамлекет менен подрядчынын ортосундагы жоопкерчиликти арттырып, ишти сапаттуу аткарууну шарттайт. Ошондой эле Финансы министрлигине банктар менен бирге 2026-жылга чейин адистештирилген банктык продуктуларды иштеп чыгуу тапшырылган. Келечекте бул ыкманы мамлекеттик үлүшү 50 пайыздан ашкан ишканаларга да колдонуу мерчемделип жатканы кошумчаланды.КМШ өлкөлөрүнүн Миграциялык органдарынын жетекчилеринин кеңеши Бакуда XXIX отурумга чогулуп, анда 12 маселе талкууланды. Бул туурасында КМШ интернет-порталы билдирди. Иш-чарага Евразиялык экономикалык комиссия менен Профсоюздардын жалпы конфедерациясынан өкүлдөр байкоочу катары чакырылган. Отурумда мүчө өлкөлөрдүн миграция жаатындагы мыйзамдарында болгон өзгөрүүлөр талкууланып, шериктештиктин миграциялык органдарынын өздөрүнүн жана эл аралык уюмдар менен иштешүү тажрыйбалары тааныштырылган. Кыргызстандын "Санарип көчмөн" макамын чет элдик жарандарга берилүүсү жана "Мекен картанын" иштеши боюнча айтылып, тажрыйбалар көрсөтүлдү. Андан сырткары, Казакстандын онлайн-документтештирүү, Өзбекстандын өз аймагында жарансыздыкты кыскартуу жаатындагы программалары тууралуу да сөз жүрдү. Катышуучулар аталган кеңештин 2024-жылы пландалган иштеринин канчасы ишке ашканын, майнаптуулугу боюнча отчетту угушту. 2025-2026-жылдары жасалчу иштер, отурумдардын, жолугушуулардын графиги бекитилди.Быйыл Кыргызстандагы мектептерди 80 миң 540 окуучу аяктап жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул жылы 11-классты жалпы 80 миң 540 окуучу бүтүрүүдө. Анын ичинен 2 миң 489 окуучунун «кызыл аттестат» алуусу күтүлүп жатат. Ал эми 9-классты 134 миң 681 окуучу аяктап жатат, анын ичинен 5 миң 756 окуучу артыкчылык күбөлүгүнө талапкер болууда. Бишкек шаарын ала турган болсок, 9-классты 24миң 585 окуучу аяктап, алардын ичинен 839у кызыл күбөлүк алышса, 11-классты 14 миң 116 окуучу бүтүрүп, 586 окуучу артыкчылык күбөлүгү менен бүтүргөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/17/1094176077_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c382cdf50b1a00237d695c024bdc043e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио