00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Промышленная кооперация в ЕАЭС: в каких сферах может подключаться Кыргызстан?
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Жооптуу бол!» акциясы: өлкөдө эркектерди жугуштуу эмес ооруларга акысыз текшерүү жүргүзүлүүдө
11:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
37 лет спустя: что объединяет кыргызстанцев, прошедших Афганскую войну
12:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бир кылымга чукул тарыхы бар окуу жай жана кадр даярдоодогу монополия. КММА тууралуу маек
13:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭС, ОДКБ, ШОС: что Кыргызстан получает от интеграции
14:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан алгачкы ирет геопарктарды түзүүгө белсенүүдө. Долбоор тууралуу маек
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как и куда жаловаться: права граждан и обязанности госорганов
20:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан алгачкы ирет геопарктарды түзүүгө белсенүүдө. Долбоор тууралуу маек
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Банктарды алдамчылыкка каршы чараларды иштеп чыгууну милдеттендирүү каралууда. Документти Улуттук банк демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды. Максаты алдамчылыкты алдын алуу экени белгиленген. Токтом долбооруна ылайык, алдамчылыкка каршы система киргизүүгө милдеттендирилет; алдамчылыкка каршы саясатты иштеп чыгып, директорлор кеңеши тарабынан бектилиши керек; шектүү опперацияларды банк автоматтык түрдө же түз текшерип, жыйынтыгы боюнча маалыматтарды беш жыл сакташы шарт; банктарга шектүү операцияларды 30 күнгө чейин токтотуп турууга укук берилет. Ал эми кардарларга мобилдик тиркеме, сайт аркылуу алдамчылык тууралуу билдирүү калтырууну ыңгайлуу кылышы керек; Ошондой эле шылуундукка байланыштуу идентификаторлордун реестрин түзүп, алардан жасалган транзакциялар автоматтык түрдө четке кагылышы зарыл.
"Кумтөр голд компани" жабык акционердик коомунда коррупция аныкталып, менеджерлердин бирөө кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, компанияда жооптуу кызмат адамдары билип туруп пайдасыз келишимдерди түзгөн. "Айрым менеджерлер май сатууда айрым тараптардын кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке жана компанияга каршы иш алып барышкан. Натыйжада "Кумтөр" өзгөчө ири зыянга учураган, 2023–2024-жылдары келтирилген чыгым 16,4 миллион сомдон ашкан. Аудит жүргүзгөн эксперттер майдын бир бөлүгү эсепке алынбай, тиешелүү төлөмсүз сатылганын аныктаган", — деп айтылат маалыматта. Факт боюнча иш козголуп, 44 жаштагы компаниянын башкаруучуларынын бири камакка алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдөн тонналаган таштанды алып чыгышты. 20-майда суучулдар 17 метр тереңдикке чумкуп, радиусу 50 метр болгон аймактан бир тоннадай таштанды жыйнашкан.Министрлик белгилегендей, мындай тазалоо иштери акыркы эки жылдан бери жайы-кышы дебей тынымсыз жүргүзүлүүдө. Өткөн жылы 435,9 гектар көлдүн түбүнөн 14,1 тонна таштанды жана 112,1 миң метр балык тору чыгарылган. Ал эми быйыл 29 гектар жер 3,5 тонна таштанды менен 9,9 миң метр тордон тазаланды.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылынын мектебинен түндө өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо саат 02:34тө чектөөгө алынып, 03:34тө толук өчүрүлгөн. Ал үчүн жалпысынан жети күжүрмөн эсеп, бир суу ташуучу унаа, бир автошаты тартылган.Болжол менен 1800 чарчы метр аянт өрттөнүп, жабыркагандар жок экени айтылды. Мектеп жеке менчик болгону кошумчаланды.
Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 9 медаль тактап айтканда 1 алтын, 4 күмүш, 4 коло жеңди. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Шри-Ланканын Коломбо шаарында өтүп жатат. Курама команда машыктыруучу Самаган Көчөрбай уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0