https://sputnik.kg/20250521/1094112017.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Соттук отурумдарды сөзсүз түрдө аудио жана видеокаражаттар менен жазып алуу милдеттендирилди. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Маалыматка ылайык... 21.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-21T08:59+0600
2025-05-21T08:59+0600
2025-05-21T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/15/1094111885_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_67809d1628504b34570e621d87f3d741.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Соттук отурумдарды сөзсүз түрдө аудио жана видеокаражаттар менен жазып алуу милдеттендирилди. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Маалыматка ылайык, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 3-апрелде кабыл алынган. Мыйзамга "видеоконференция байланышы" жана "онлайн-трансляция" деген түшүнүктөр киргизилген. Айыпталуучу соттук отурумдардын протоколдору менен таанышууга, сын пикир айтууга жана соттук териштирүүнү түз эфирде көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу экени жазылган. Ошондой эле эгерде видео, аудиожазуулар болбосо соттун чечимин өзгөртүү, кайра кароо же жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналары кошумчаланган.
Кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 23 айылга үч миллион сомдон жалпы 75,6 миллион сомдон грант берилет. "Малды туура багуу жана тоюттандыруу маанилүү ролду ойнойт. Тоюту сапаттуу мал ылаңдабайт, төлү, эти, сүтү, жүнү жакшы болот. Ошондуктан сапаттуу тоют камдоо зарыл. Бул үчүн колдонулбай, унутулуп калган ыкмалар сунушталат. Айрыкча малга пайдалуу силос, сенаж сыяктуу витаминге бай, тез сиңген жана азыктуулугу жогору тоюттар даярдалат", — деп айтылат маалыматта. Өлкөдө 8,9 миллион гектар жайыттын 1,8 миллион гектары деградацияга учураганы айтылган.
Ушул жылдын 30-июнунан тартып Россияга кирүү эрежелери өзгөрөрүн Тышкы иштер министрлиги эскертти. Маалыматка ылайык, талаптар бардык чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга да тиешелүү. "Мигранттар Россияга барардан 72 саат мурда мобилдик тиркеме аркылуу өлкөгө баруунун максатын көрсөтүп, тиешелүү электрондук арыз бериши керек. Эгерде адам тез арада дарыланууга муктаж болсо же жакыны каза болуп шашылыш сапарга чыгууга мажбур болсо, бул тууралуу учардан төрт саат мурда кабарлап, тиешелүү документтерди тиркеши керек", — деп айтылат маалыматта. Ошол эле учурда эгерде тиешелүү арыз алдын ала берилбесе, бул Россияга кирүүдөн баш тартууга негиз болбой турганын белгиледи. Бирок акыркы чечим чек ара кызматкерлери тарабынан кабыл алынары кошумчаланды. Белгиленгендей, учурда мигранттар үчүн RuID аттуу тиркеме даярдалып жатат. Анда ар бир адамга санариптик профиль түзүлүп, Россиянын мамлекеттик органдарынан электрондук кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Ысык-Көл облусуна караган Чет-Байсоорун айылында алма, алмурут жана алча өстүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууга 700 миң доллар бөлдү. Долбоор 2022-жылы башталып, 150 миң түп көчөт 36,5 гектар жерге отургузулган. Быйыл андан түшүм алына баштап, 100 тоннадан ашуун жемиш чогултулду."Заманбап агротехнологиялардын колонулушу бул долбоордун маанилүү элементи болуп саналат. Аймакка тамчылатып сугаруу системасы орнотулган, ар бири 735 метрден келген 88 катар болду. Суу менен үзгүлтүксүз камсыздаган төрт көлмө бар, анда суу фильтрленип турат. Тамчылатып сугаруу системасы менен суу эле келбе
Соттук отурумдарды сөзсүз түрдө аудио жана видеокаражаттар менен жазып алуу милдеттендирилди. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Маалыматка ылайык, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 3-апрелде кабыл алынган. Мыйзамга "видеоконференция байланышы" жана "онлайн-трансляция" деген түшүнүктөр киргизилген. Айыпталуучу соттук отурумдардын протоколдору менен таанышууга, сын пикир айтууга жана соттук териштирүүнү түз эфирде көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу экени жазылган. Ошондой эле эгерде видео, аудиожазуулар болбосо соттун чечимин өзгөртүү, кайра кароо же жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналары кошумчаланган.Кунарсыз жайыттарды жакшыртууга 3,5 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 23 айылга үч миллион сомдон жалпы 75,6 миллион сомдон грант берилет. "Малды туура багуу жана тоюттандыруу маанилүү ролду ойнойт. Тоюту сапаттуу мал ылаңдабайт, төлү, эти, сүтү, жүнү жакшы болот. Ошондуктан сапаттуу тоют камдоо зарыл. Бул үчүн колдонулбай, унутулуп калган ыкмалар сунушталат. Айрыкча малга пайдалуу силос, сенаж сыяктуу витаминге бай, тез сиңген жана азыктуулугу жогору тоюттар даярдалат", — деп айтылат маалыматта. Өлкөдө 8,9 миллион гектар жайыттын 1,8 миллион гектары деградацияга учураганы айтылган.Ушул жылдын 30-июнунан тартып Россияга кирүү эрежелери өзгөрөрүн Тышкы иштер министрлиги эскертти. Маалыматка ылайык, талаптар бардык чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга да тиешелүү. "Мигранттар Россияга барардан 72 саат мурда мобилдик тиркеме аркылуу өлкөгө баруунун максатын көрсөтүп, тиешелүү электрондук арыз бериши керек. Эгерде адам тез арада дарыланууга муктаж болсо же жакыны каза болуп шашылыш сапарга чыгууга мажбур болсо, бул тууралуу учардан төрт саат мурда кабарлап, тиешелүү документтерди тиркеши керек", — деп айтылат маалыматта. Ошол эле учурда эгерде тиешелүү арыз алдын ала берилбесе, бул Россияга кирүүдөн баш тартууга негиз болбой турганын белгиледи. Бирок акыркы чечим чек ара кызматкерлери тарабынан кабыл алынары кошумчаланды. Белгиленгендей, учурда мигранттар үчүн RuID аттуу тиркеме даярдалып жатат. Анда ар бир адамга санариптик профиль түзүлүп, Россиянын мамлекеттик органдарынан электрондук кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Ысык-Көл облусуна караган Чет-Байсоорун айылында алма, алмурут жана алча өстүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууга 700 миң доллар бөлдү. Долбоор 2022-жылы башталып, 150 миң түп көчөт 36,5 гектар жерге отургузулган. Быйыл андан түшүм алына баштап, 100 тоннадан ашуун жемиш чогултулду."Заманбап агротехнологиялардын колонулушу бул долбоордун маанилүү элементи болуп саналат. Аймакка тамчылатып сугаруу системасы орнотулган, ар бири 735 метрден келген 88 катар болду. Суу менен үзгүлтүксүз камсыздаган төрт көлмө бар, анда суу фильтрленип турат. Тамчылатып сугаруу системасы менен суу эле келбе
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/15/1094111885_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fb5255e5a416b05894397abbfec107b4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио