https://sputnik.kg/20250516/1094002613.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кызматынан бошотулуп, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди... 16.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-16T11:00+0600
2025-05-16T11:00+0600
2025-05-16T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/10/1094002481_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2715e85b55fb973f36564ce7e31f9cbc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кызматынан бошотулуп, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Өлкө башчынын кол койгон жарлыктарына ылайык, коргоо министринин милдетин мекеме жетекчисинин орун басары Руслан Мукамбетов аткармай болду.Эскерте кетсек, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов Сүйүнбек Касмамбетовдун ордуна мамлекеттик катчы болуп барган. Касмамбетов ал кызматта 2021-жылдын октябрынан тарта эмгектенип келген.
Кыргызстан Кытайга 1 миллион тонна айыл чарба продукциясын экспорттоого квота бөлүп берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, квота сегиз товардын түрүн жеңилдетилген 1 пайыздык бажы алымы менен экспорттоого мүмкүнчүлүк берет. Бул Кытай рыногунда товардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары белгиленген. "Кыргызстан экспортко жүгөрү, буудай унун, тоют өсүмдүктөрүн, пахта, жүн сунуштоого даяр", — деп жазылган маалыматта. Бул товарлар боюнча быйылкы жылга Кыргызстанда квота болгон эмес. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы айыл чарба продукциясы боюнча товар жүгүртүү 2024-жылы 153,3 миллион долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 33 миллион долларга көбөйгөн.
Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, ал системалуу түрдө пара алып келген деп айыпталууда."Бул адам Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы эсепке алуу пунктуларынан товарлардын тоскоолдуксуз өткөнү үчүн ишкерлерден акча чогултуп жүргөн. Күн карама майын импорттоочулардын биринин жооптуу адамынан 20 миң доллар жана 1 миллион сомго жакын акча алганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта. Шектүү колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушу тапта аталган коррупциялык схемага тиешеси барлар аныкталып жатканы кабарланды.
Батыш мамлекеттери Киевдин согуштук аракеттерди улантууга даярдык көрүп алышы үчүн ок атууну токтото турууну каалап жатканын жашырган жок. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Дипломатиялык клубдун жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды. "Сүйлөшүүлөр тууралуу сураса Макрон жолугушуу керек экенин, бирок убактылуу элдешүүгө жетүү үчүн болгон аракетти көрүү зарылдыгын, Украина сүйлөшүүлөргө күчтөнүп даярданышы керектигин айтты. Жообу ушул. Элдешүү эмнеге керектигин ачыктаган сөз болду. Демек, Украинаны күчтөнтүү үчүн курал-жаракка шыкоо максаты турат", — деди Лавров. Ошондой эле министр Берлин, Париж, Брюссель, Лондон Украинада тынчтык болушун каалабастыгын айтты. Муну менен катар Россия менен Украинага Стамбулда сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бериш керектигин, бирок баары жеңил-желпи болоруна кепилдик жоктугун кошумчалады.
Коргоо министри Бактыбек Бекболотов кызматынан бошотулуп, Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Өлкө башчынын кол койгон жарлыктарына ылайык, коргоо министринин милдетин мекеме жетекчисинин орун басары Руслан Мукамбетов аткармай болду.Эскерте кетсек, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Марат Иманкулов Сүйүнбек Касмамбетовдун ордуна мамлекеттик катчы болуп барган. Касмамбетов ал кызматта 2021-жылдын октябрынан тарта эмгектенип келген.Кыргызстан Кытайга 1 миллион тонна айыл чарба продукциясын экспорттоого квота бөлүп берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, квота сегиз товардын түрүн жеңилдетилген 1 пайыздык бажы алымы менен экспорттоого мүмкүнчүлүк берет. Бул Кытай рыногунда товардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатары белгиленген. "Кыргызстан экспортко жүгөрү, буудай унун, тоют өсүмдүктөрүн, пахта, жүн сунуштоого даяр", — деп жазылган маалыматта. Бул товарлар боюнча быйылкы жылга Кыргызстанда квота болгон эмес. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы айыл чарба продукциясы боюнча товар жүгүртүү 2024-жылы 153,3 миллион долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 33 миллион долларга көбөйгөн.Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, ал системалуу түрдө пара алып келген деп айыпталууда."Бул адам Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы эсепке алуу пунктуларынан товарлардын тоскоолдуксуз өткөнү үчүн ишкерлерден акча чогултуп жүргөн. Күн карама майын импорттоочулардын биринин жооптуу адамынан 20 миң доллар жана 1 миллион сомго жакын акча алганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта. Шектүү колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушу тапта аталган коррупциялык схемага тиешеси барлар аныкталып жатканы кабарланды.Батыш мамлекеттери Киевдин согуштук аракеттерди улантууга даярдык көрүп алышы үчүн ок атууну токтото турууну каалап жатканын жашырган жок. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Дипломатиялык клубдун жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды. "Сүйлөшүүлөр тууралуу сураса Макрон жолугушуу керек экенин, бирок убактылуу элдешүүгө жетүү үчүн болгон аракетти көрүү зарылдыгын, Украина сүйлөшүүлөргө күчтөнүп даярданышы керектигин айтты. Жообу ушул. Элдешүү эмнеге керектигин ачыктаган сөз болду. Демек, Украинаны күчтөнтүү үчүн курал-жаракка шыкоо максаты турат", — деди Лавров. Ошондой эле министр Берлин, Париж, Брюссель, Лондон Украинада тынчтык болушун каалабастыгын айтты. Муну менен катар Россия менен Украинага Стамбулда сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бериш керектигин, бирок баары жеңил-желпи болоруна кепилдик жоктугун кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/10/1094002481_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_13b6df1b5204835a3bb82d7189da86c8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио