00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:58
1 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол
19:11
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Меняющие мир
Поисковики с Алтая и Кыргызстана восстанавливают судьбы солдат Великой Отечественной
20:09
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Көптөгөн балдар логопеддин жардамына муктаж. Мамлекет социалдык көйгөйдү кантип чечет
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Мамлекеттик башкаруу системасынын төмөнкү баскычтарында бюрократия өтө күч алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев билдирди. Ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бир жылдан бери "өйдө-ылдый түшүп-чыгып" жүргөн катынын чоо-жайын айтып берди. "Бир мекеме экинчиси менен макулдашып, иш кагаздар таптакыр жылбайт экен. Өткөндө сизге кайрылсак, формалдуу, шаблон жооп берип коюшуптур. Канааттанган жокпуз. Аксы районуна паром сатып алуу пландалган. Финансы министри каражат бөлүп берген. Бирок аны ишке ашыруу абдан оор болууда. Жогору жактан саясий чечим кабыл алынганы менен орто жана төмөнкү деңгээлде баары баягы бойдон. Же кол коюудан коркот, же ишти башкага түртө салышат. Бюрократиядан арылуу өнөктүгүн толук колдойм. Бир жылдан бери губернатор, аким жана башка мекемелер ортосунда бир кагаз өйдө-төмөн түшүп-чыгып жүрөт", — деди Алиев. Ушул эле жыйында депутат Балбак Түлөбаев министрлер кабинетинин төрагасына кайрылып, анын жообу министрликтердин канцеляриясында калып калганын белгилеп, ошол жактагы кызматкерлерге көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин билдирди.
Депутат Эмил Токтошев өлкөдөгү бардык аскер бөлүктөрүн текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, жоокерлерди сабоо, кыйноо фактылары кеңири жайылган жагдай. "Мартта болгон окуя эми маалым болду. Бардык эле аскер бөлүмдөрүн, анын ичинде ИИМ, Коргоо министрлигин текшерип чыгыш керек. Комиссия түзөлү. Бул — системалашып, калыптанып калган жагдай. Элин, жерин коргоого келген балдарды мазактоого жол берилбейт. Жетекчилер керт башы менен жооп бериши керек", — деди эл өкүлү. Буга чейин ӨКМге караштуу аскер бөлүмүндө болгон жоокерлерди мазактоо фактысы ачыкталып, иш козголгон.
Курулуштагы кырсыктар үчүн жооптуу адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери курулуш компаниялары менен келишип алып, коопсуздуктун негизги талаптарын сактабастан курулуш иштерине уруксат беришкен. Мындай шалаакылыктын айынан адамдар каза болуп, жаракат алган учурлар көбөйгөн. Статистикага ылайык, 2022-жылы бийиктиктен кулаган 11 учур, 2023-жылы 73, 2024-жылы 172 учур, 2025-жылдын үч айында 30дан ашык учур катталган. Мындай мыйзам бузууларга бөгөт коюу максатында иликтөө УКМКга берилген. Жыйынтыгында 13-майда Архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы жана ири курулуш компанияларынын биринин башкы директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
АКШ Россия менен Украинанын Стамбулда өтчү сүйлөшүүсүн тынчтыкка жетүү үчүн өтө зарыл кадам деп эсептейт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, жолугушуу — атышууну токтотуп, андан кийин узакка созулган тынчтык орнотууга жол ачкан мүмкүнчүлүк.
Жаңылыктар түрмөгү
0