https://sputnik.kg/20250513/1093954540.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Европанын кара тизмесинен чыгабыз деп үмүт артып турабыз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы аэропорттун курулушун баштоо салтанатында... 13.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-13T17:00+0600
2025-05-13T17:00+0600
2025-05-13T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0d/1093954408_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e47aaf8cd7a29af73cb595c5a7ffc8a1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Европанын кара тизмесинен чыгабыз деп үмүт артып турабыз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы аэропорттун курулушун баштоо салтанатында билдирди. Өлкө башчы соңку жылдары өлкөдө аталган тармакта реформалар жасалып, эл аралык стандарттарга шайкеш туураланып жатканын белгилеген. "Кыргызстандын авиация тармагы 2006-жылдан бери Европанын кара тизмесине кирген. Андан чыгуу үчүн үч жылдан бери бир катар иштерди ырааттуу жүргүзүп, Эл аралык жарандык авиация уюмунун эки аудитинен ийгиликтүү өтүп, жакшы натыйжаларга жетиштик. Ушул айда биздин Жарандык авиация агенттигибиздин жетекчилиги Брюсселге барып, кошумча далил документтерди тапшырууну пландап жатат. Буюрса оң натыйжаларга жетишебиз деп үмүт артып турабыз", — деген Жапаров. Ошондой эле ал авиация адистерине болгон курч муктаждыкты эске алып, Кыргыз авиация институтуна өзгөчө макам ыйгарылганын эске салып, өлкөдө соңку төрт жылда жүргүнчүлөрдүн агымы 46 пайызга, каттамдардын саны 31 пайызга өскөнүн айтты. Эскерте кетсек, 381 гектарга түшө турган аба майданга аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу жүргүнчүлөр терминалы салынат. Ал ишке кирсе саатына 350 жүргүнчүнү тейлейт. Аэродромдун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берери айтылды.
Сейрек кездешүүчү металлдар Кыргызстанга ири мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн "Соода согуштарынын шартында ЕАЭБдин өнүгүшү" деген аталыштагы видеокөпүрө учурунда экономист Нургүл Акимова билдирди. Ал сейрек кездешүүчү металлга Кыргызстан эле эмес, ЕАЭБдин бардык мамлекеттери бай экенине токтолгон. Акимованын айтымында, мындай жагдай бири-бирине карата айрым чектөөлөрдү колдонгон мамлекеттерге конструктивдүү диалог курууга жол ачат."Мисалы, эгер жогорку технологиялык продукциянын өндүрүшчүсү болгон АКШ SWIFT системасын жаба турган болсо, биз ошол продукция даярдала турган литий сатууну токтотуп кое алабыз", — деди экономист.Адис жалпы жонунан Борбор Азия региону биринчи кезекте металлга бай аймак катары континенттин баарына кызык экенин белгилеген.
ЕАЭБ өлкөлөрү көптөгөн мамлекеттер үчүн туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшкө айланып бара жатат. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер боюнча илим-изилдөө институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн видеокөпүрө учурунда билдирди.Талкуу "ЕАЭБ глобалдуу соода согуштарынын шартында: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" деген теманын алдында өткөн. Притчиндин айтымында, Евразиялык экономикалык биримдиктин башкы артыкчылыгы — анын түшүнүктүү тариф саясатында."Өндүрүшчүлөр товарынын бөлүгүн кооптонбостон ЕЭАБ рыногуна жөнөтүп, инвестиция сала алат. Мындай шартта биз азыркы таптагы олку-солкулукту жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай жол катары кабыл алсак болот. Ишенимдүү өнөктөштөрүбүз жана оюндун бекем эрежелери бар. Биз эреже-шартты мыктап сактайбыз", — деген Притчин.
Европанын кара тизмесинен чыгабыз деп үмүт артып турабыз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы аэропорттун курулушун баштоо салтанатында билдирди. Өлкө башчы соңку жылдары өлкөдө аталган тармакта реформалар жасалып, эл аралык стандарттарга шайкеш туураланып жатканын белгилеген. "Кыргызстандын авиация тармагы 2006-жылдан бери Европанын кара тизмесине кирген. Андан чыгуу үчүн үч жылдан бери бир катар иштерди ырааттуу жүргүзүп, Эл аралык жарандык авиация уюмунун эки аудитинен ийгиликтүү өтүп, жакшы натыйжаларга жетиштик. Ушул айда биздин Жарандык авиация агенттигибиздин жетекчилиги Брюсселге барып, кошумча далил документтерди тапшырууну пландап жатат. Буюрса оң натыйжаларга жетишебиз деп үмүт артып турабыз", — деген Жапаров. Ошондой эле ал авиация адистерине болгон курч муктаждыкты эске алып, Кыргыз авиация институтуна өзгөчө макам ыйгарылганын эске салып, өлкөдө соңку төрт жылда жүргүнчүлөрдүн агымы 46 пайызга, каттамдардын саны 31 пайызга өскөнүн айтты. Эскерте кетсек, 381 гектарга түшө турган аба майданга аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу жүргүнчүлөр терминалы салынат. Ал ишке кирсе саатына 350 жүргүнчүнү тейлейт. Аэродромдун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берери айтылды. Сейрек кездешүүчү металлдар Кыргызстанга ири мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн "Соода согуштарынын шартында ЕАЭБдин өнүгүшү" деген аталыштагы видеокөпүрө учурунда экономист Нургүл Акимова билдирди. Ал сейрек кездешүүчү металлга Кыргызстан эле эмес, ЕАЭБдин бардык мамлекеттери бай экенине токтолгон. Акимованын айтымында, мындай жагдай бири-бирине карата айрым чектөөлөрдү колдонгон мамлекеттерге конструктивдүү диалог курууга жол ачат."Мисалы, эгер жогорку технологиялык продукциянын өндүрүшчүсү болгон АКШ SWIFT системасын жаба турган болсо, биз ошол продукция даярдала турган литий сатууну токтотуп кое алабыз", — деди экономист.Адис жалпы жонунан Борбор Азия региону биринчи кезекте металлга бай аймак катары континенттин баарына кызык экенин белгилеген.ЕАЭБ өлкөлөрү көптөгөн мамлекеттер үчүн туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшкө айланып бара жатат. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер боюнча илим-изилдөө институтунун Борбор Азия секторунун башчысы Станислав Притчин Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн видеокөпүрө учурунда билдирди.Талкуу "ЕАЭБ глобалдуу соода согуштарынын шартында: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" деген теманын алдында өткөн. Притчиндин айтымында, Евразиялык экономикалык биримдиктин башкы артыкчылыгы — анын түшүнүктүү тариф саясатында."Өндүрүшчүлөр товарынын бөлүгүн кооптонбостон ЕЭАБ рыногуна жөнөтүп, инвестиция сала алат. Мындай шартта биз азыркы таптагы олку-солкулукту жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай жол катары кабыл алсак болот. Ишенимдүү өнөктөштөрүбүз жана оюндун бекем эрежелери бар. Биз эреже-шартты мыктап сактайбыз", — деген Притчин.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/0d/1093954408_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_af19c7ba85de1162e2d113381083f557.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио