https://sputnik.kg/20250429/1093629308.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы иштелип чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн Бишкекте... 29.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-29T08:59+0600
2025-04-29T08:59+0600
2025-04-29T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1d/1093629176_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a4803ff190f88ae120eee88cca604236.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы иштелип чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн Бишкекте өткөн иш-чарада билдирди. "Мугалимдерге окуучулардын жетишкендиктерине жараша эмгек акы төлөөнүн башка модели иштелип чыгат. Биз окуучулардын жетишкендиктерин чейректердин жана окуу жылдын жыйынтыгы боюнча мониторинг жүргүзөбүз. Бул үчүн бизге окуучунун санариптик күндөлүгү жетиштүү болот. Ал жерден мугалимди тартпастан эле керектүү маалыматтарды ала алабыз. Мындай учурда биз баланын билим деңгээлин ыкчам көзөмөлдөй алабыз", - деди министр. Кендирбаева мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүүнүн так мөөнөтүн айткан жок. Бирок ал жаңы окуу жылында мектептердин техникалык жана тейлөөчү кызматкерлеринин гана айлык акысы көтөрүлүшү күтүлүп жатканын белгиледи.
Кыргызстан Россиядан С-300 абадан коргонуу системаларынын партиясын алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдиргенин Известия жазды. "Бизде бирдиктүү абадан коргонуу системасы иштеп жатат. Эми ошол биргелешкен системанын С-300 деген элементтерин алдык. Алар өлкө аймагына алып келинди", — деген ал. Иманкулов мындай системадан өлкөгө канчасы берилгенин так айткан эмес. Аларды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Бишкектеги парадда көрсөтүшөт. Буга чейин Токмокто Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата парадга даярдык болгон. Коргоо министрлиги Бишкектеги парадда С-300 зениттик-ракеталык комплекси жана С-125-2БМ "Алебарда" ракетасы көрсөтүлөрүн кабарлаган.
Электрондук капчыгын, банктык реквизитин жана SIM-картасын үчүнчү жактарга бергендерди, саткандарды жоопко тартуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков даярдаган. Демилгечи кибералдамчылык өскөнүн белгилеп, былтыр IT-технологиялар чөйрөсүндө 1658 кылмыш иши козголуп, анын 796сы ачылганын билдирген. Депутат бул статистика болжолдуу экенин, анткени чоң суммадагы акча жоготкондо гана укук коргоо органдарына кайрылышарын айткан. "Криминалистикалык анализге ылайык, алдамчылар көбүнчө "дропперлердин" банктык эсептери, электрондук капчыктары жана мобилдик банкингдери аркылуу акчаны чыгарып кетет" — деп жазылган мыйзамда.Мындан улам Кылмыш кодексин 209-1 беренеси менен толуктоо сунушталууда. Ага ылайык, электрондук төлөм каражаттарын, банктык реквизиттерди жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу, ошондой эле аларды мыйзамсыз каржылык операциялар үчүн пайдалануу үчүн жоопкерчиликти белгилейт. аз өлчөмдөгү зыян келтирилсе 20-50 миң сом айып салынат; топ менен же алдын ала сүйлөшүп олуттуу зыян келтирилсе 50-100 миң сом айып салынып, 2 айдан 1 жылга чейин кара жумушка же 3 жылга кесилет; ири өлчөмдө зыян же кызматтык абалды пайдалануу менен жасалса 100-200 миң сомго чейин айып же 3-5 жылга чейин эркинен ажыратылат; өзгөчө ири зыян, уюшкан топ менен жасалса 5-10 жылга чейин эркинен ажырат
Кыргызстанда мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы иштелип чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн Бишкекте өткөн иш-чарада билдирди. "Мугалимдерге окуучулардын жетишкендиктерине жараша эмгек акы төлөөнүн башка модели иштелип чыгат. Биз окуучулардын жетишкендиктерин чейректердин жана окуу жылдын жыйынтыгы боюнча мониторинг жүргүзөбүз. Бул үчүн бизге окуучунун санариптик күндөлүгү жетиштүү болот. Ал жерден мугалимди тартпастан эле керектүү маалыматтарды ала алабыз. Мындай учурда биз баланын билим деңгээлин ыкчам көзөмөлдөй алабыз", - деди министр. Кендирбаева мугалимдердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүүнүн так мөөнөтүн айткан жок. Бирок ал жаңы окуу жылында мектептердин техникалык жана тейлөөчү кызматкерлеринин гана айлык акысы көтөрүлүшү күтүлүп жатканын белгиледи. Кыргызстан Россиядан С-300 абадан коргонуу системаларынын партиясын алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдиргенин Известия жазды. "Бизде бирдиктүү абадан коргонуу системасы иштеп жатат. Эми ошол биргелешкен системанын С-300 деген элементтерин алдык. Алар өлкө аймагына алып келинди", — деген ал. Иманкулов мындай системадан өлкөгө канчасы берилгенин так айткан эмес. Аларды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Бишкектеги парадда көрсөтүшөт. Буга чейин Токмокто Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата парадга даярдык болгон. Коргоо министрлиги Бишкектеги парадда С-300 зениттик-ракеталык комплекси жана С-125-2БМ "Алебарда" ракетасы көрсөтүлөрүн кабарлаган. Электрондук капчыгын, банктык реквизитин жана SIM-картасын үчүнчү жактарга бергендерди, саткандарды жоопко тартуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков даярдаган. Демилгечи кибералдамчылык өскөнүн белгилеп, былтыр IT-технологиялар чөйрөсүндө 1658 кылмыш иши козголуп, анын 796сы ачылганын билдирген. Депутат бул статистика болжолдуу экенин, анткени чоң суммадагы акча жоготкондо гана укук коргоо органдарына кайрылышарын айткан. "Криминалистикалык анализге ылайык, алдамчылар көбүнчө "дропперлердин" банктык эсептери, электрондук капчыктары жана мобилдик банкингдери аркылуу акчаны чыгарып кетет" — деп жазылган мыйзамда.Мындан улам Кылмыш кодексин 209-1 беренеси менен толуктоо сунушталууда. Ага ылайык, электрондук төлөм каражаттарын, банктык реквизиттерди жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу, ошондой эле аларды мыйзамсыз каржылык операциялар үчүн пайдалануу үчүн жоопкерчиликти белгилейт. аз өлчөмдөгү зыян келтирилсе 20-50 миң сом айып салынат; топ менен же алдын ала сүйлөшүп олуттуу зыян келтирилсе 50-100 миң сом айып салынып, 2 айдан 1 жылга чейин кара жумушка же 3 жылга кесилет; ири өлчөмдө зыян же кызматтык абалды пайдалануу менен жасалса 100-200 миң сомго чейин айып же 3-5 жылга чейин эркинен ажыратылат; өзгөчө ири зыян, уюшкан топ менен жасалса 5-10 жылга чейин эркинен ажырат
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1d/1093629176_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_63026490b7fa79ad6edc7eb4ae8263c6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио