00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
01:31
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:59
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
00:00
1
  • 0,8
  • 1
  • 1,5
  • 2
iЧыгарылыш тууралуу
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Быйыл Ош шаарына республикалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ошто суйлоп жатып билдирди. Каражатка шаардын 11 көчөсү тротуарлары, жашыл аймактары менен кошо капиталдык оңдоодон өтөт. Ошондой эле эскилиги жеткен жол оңдоочу техниканын ордуна жаңысы сатып алынат. "Ал эми жалпы Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллиард сом бөлүндү. Бул каражатка аймактагы үч стратегиялык автожол: Өзгөн — Мырзаке — Кара-Кулжа, Ош — Баткен — Раззаков автожолунун Ноокат — Кызыл-Кыя бөлүгү жана Ош — Кара-Суу автожолу оңдолмокчу", — деди өлкө башчы. Быйыл президент Нооруз майрамын Ошто тосту. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту. Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, жолугушууда тараптар өлкөдө адам укуктарынын абалы жана бул багытта жасалып жаткан иш-аракеттерди талкуулашты. Ошону менен катары эле БУУнун Кыргызстандагы агенттиктери менен Акыйкатчы Институтунун ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Жаманбаева Акыйкатчы мнститутунун адам укуктарын коргоодо жана мыйзамдарды өнүктүрүү жаатында жасаган иштерине токтолду. Өз кезегинде Фолькер Түрк институттун өлкөдөгү мыйзамдарды жакшыртуудагы ролун белгилеп, тынымсыз укуктук реформанын жана жарандык коомду өнүктүрүү зарылдыгын айтты. Учурда 12 жылдык билим берүү жаатында мамлекеттик стандарт кабыл алынды. Эми предметтик стандарттарды кабыл алуу боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкары кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуев билдирди.Анын айтымында, учурда окумуштуулар, Билим берүү академиясы окуу программаларын даярдоонун үстүндө иштеп жатышат. Ал бардыгы эле класстан класска секире бербей турганын жана бул маселе такталып жатканын билдирди. "Совет мезгилиндеги билим берүү тутумун жаман дей албайбыз, бирок дүйнө өнүгүп жаткандыктан 12 жылдык окутууда предмет аралык байланыштар абдан көп болот. Класстан класска секиртип окутуу жагы азыр такталууда. Мамлекеттик саясаттын көз карашында да өзгөрүүлөр болуп жатат. Илим сабагынын программалары түзүлүүдө. Эми жылдан-жылга предметтик сабактардын окуу китептеринин чыгарылышы, окуу программаларынын даярдоо процесси этап-этабы менен белгиленген иштин негизинде жүргүзүлөт", — деди Козуев.Ал СТЕМ багытындагы тренерлер да жер-жерлерге барып, сабакка жолтоо болбой мугалимдерди окутуп жатканын кошумчалады. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти болуп 41 жаштагы зимбабвелик Кирсти Ковентри шайланды. Ал тарыхта биринчи жолу уюмду жетектей турган аял экенин Р-Спорт жазды. Уюмдун башчысын шайлоо бейшемби күнү Грециянын Коста-Наварино курортунда өткөн. Ковентри уюмдун онунчу президенти болуп калды. Ковентри өзү сууда сүзүү боюнча Олимпиаданын эки жолку чемпиону. Соңку жылдары комитеттин аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө алынган.
Жазылуу
Быйыл Ош шаарына республикалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ошто суйлоп жатып билдирди. Каражатка шаардын 11 көчөсү тротуарлары, жашыл аймактары менен кошо капиталдык оңдоодон өтөт. Ошондой эле эскилиги жеткен жол оңдоочу техниканын ордуна жаңысы сатып алынат. "Ал эми жалпы Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 миллиард сом бөлүндү. Бул каражатка аймактагы үч стратегиялык автожол: Өзгөн — Мырзаке — Кара-Кулжа, Ош — Баткен — Раззаков автожолунун Ноокат — Кызыл-Кыя бөлүгү жана Ош — Кара-Суу автожолу оңдолмокчу", — деди өлкө башчы. Быйыл президент Нооруз майрамын Ошто тосту.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту. Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, жолугушууда тараптар өлкөдө адам укуктарынын абалы жана бул багытта жасалып жаткан иш-аракеттерди талкуулашты. Ошону менен катары эле БУУнун Кыргызстандагы агенттиктери менен Акыйкатчы Институтунун ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Жаманбаева Акыйкатчы мнститутунун адам укуктарын коргоодо жана мыйзамдарды өнүктүрүү жаатында жасаган иштерине токтолду. Өз кезегинде Фолькер Түрк институттун өлкөдөгү мыйзамдарды жакшыртуудагы ролун белгилеп, тынымсыз укуктук реформанын жана жарандык коомду өнүктүрүү зарылдыгын айтты.
Учурда 12 жылдык билим берүү жаатында мамлекеттик стандарт кабыл алынды. Эми предметтик стандарттарды кабыл алуу боюнча иш жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкары кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуев билдирди.Анын айтымында, учурда окумуштуулар, Билим берүү академиясы окуу программаларын даярдоонун үстүндө иштеп жатышат. Ал бардыгы эле класстан класска секире бербей турганын жана бул маселе такталып жатканын билдирди. "Совет мезгилиндеги билим берүү тутумун жаман дей албайбыз, бирок дүйнө өнүгүп жаткандыктан 12 жылдык окутууда предмет аралык байланыштар абдан көп болот. Класстан класска секиртип окутуу жагы азыр такталууда. Мамлекеттик саясаттын көз карашында да өзгөрүүлөр болуп жатат. Илим сабагынын программалары түзүлүүдө. Эми жылдан-жылга предметтик сабактардын окуу китептеринин чыгарылышы, окуу программаларынын даярдоо процесси этап-этабы менен белгиленген иштин негизинде жүргүзүлөт", — деди Козуев.Ал СТЕМ багытындагы тренерлер да жер-жерлерге барып, сабакка жолтоо болбой мугалимдерди окутуп жатканын кошумчалады.
Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти болуп 41 жаштагы зимбабвелик Кирсти Ковентри шайланды. Ал тарыхта биринчи жолу уюмду жетектей турган аял экенин Р-Спорт жазды. Уюмдун башчысын шайлоо бейшемби күнү Грециянын Коста-Наварино курортунда өткөн. Ковентри уюмдун онунчу президенти болуп калды. Ковентри өзү сууда сүзүү боюнча Олимпиаданын эки жолку чемпиону. Соңку жылдары комитеттин аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0