00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстанда омуртка булчуңунун атрофиясы менен жабыркаган 39 бала катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Учурда 12 бала дарыланууда, анын төртөө чет өлкөлөрдө терапиядан өтүп, калганы Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан зарыл дарыларды алып жатканы айтылды. "Учурда жүлүн атрофиясын толук айыктыруучу дарылоо ыкмалары жок. Бирок заманбап терапия оорунун өнүгүүсүн олуттуу жайлатууга жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет", — деп билдирди министрлик. Ошондой эле Жогорку технологиялар фондунун эсебинен рисдиплам препараты сатып алынары кошумчаланды.Эске салсак, дал ушул дарт менен жабыркаган балага каражат чогултулуп, аз убакытта керектүү 170 миллион сом топтолуп, ашканы башка балдарга берилери айтылган. Бул окуя Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, депутат Советбек Рустамбек уулу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн илдет тууралуу тиешелүү жооп ала албаганы үчүн адистерди сындаган.
Африкада Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, элчилик Эфиопияда уюштурулуп, имараты Аддис-Абебе шаарында жайгашмакчы. Дипломатиялык өкүлчүлүк Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында түзүлүүдө. Президент минкабга элчиликтин ишин уюштуруп, финансы маселесин чечүүнү жана ТИМдин штатын төрт кишиге көбөйтүүнү тапшырган.
Мамлекет жакыр үй-бүлөлөрдүн 1-6 жаштагы балдары үчүн пилоттук долбоор менен ваучердик каржылоону баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, биринчи этапта 37 районго 1000 ваучер бөлүнөт. "Ваучердин базалык суммасы – 2000 сом, аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 3100 сом, майып балдарга 4560 сом, ал эми Баткендин алыскы аймактарына кошумча коэффициент каралган. Ваучерди көп балалуулар, майыптыгы бар балдар же аз камсыз үй-бүлөлөр, Баткендин чек ара аймактарындагылар ала алат", — деп айтылат маалыматта. Ваучер жергиликтүү бийликтеги комиссиясынын чечими менен "Балалык" системасы аркылуу берилет.
Согуш, эмгек, куралдуу күчтөр, укук коргоо органдарынын жана эмгекчил тылдын Ардагерлер кеңешинин төрагасы, политолог Токтогул Какчекеев Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата иш-чаралардын планы даярдалып, көп багыттуу маселелер каралганын айтты. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 14 гана ардагер калды. Тилекке каршы, алардын катары суюлуп баратат.Анын айтымында, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата салтанаттуу жана майрамдык иш-чаралар, илимий-билим берүү конференциялары жана тематикалык көргөзмөлөр уюштурулуп жатат.Ал ошондой эле Улуу Жеңиштин маанисин, аталардын эрдигин, баатырдыгын жаш муундарга жеткирүүгө маани берилиши керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0