https://sputnik.kg/20250316/1092666778.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Электрондук балык уулоо билети эми онлайн режимде жеткиликтүү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти... 16.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-16T08:59+0600
2025-03-16T08:59+0600
2025-03-16T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/10/1092666646_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7a626cf20c0dd6dfb4a53e15a718aa44.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Электрондук балык уулоо билети эми онлайн режимде жеткиликтүү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эми министрликтин rb.gov.kg. расмий сайтында электрондук балык уулоо билетин онлайн алса болот. Бул кызмат айыл чарба министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан. Анын максаты - балык уулоо билетин алуу процессин бардык жарандар үчүн ыңгайлуу, жеткиликтүү кылуу. Балык уулап жатканда тиешелүү кызматкерлер билетти текшерсе, QR кодду көрсотүү гана жетиштүү болот.
“Манас” академиясынын Улуттук кеңешинин отуруму өттү. Бул тууралуу Улуттук академиядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, отурумга Улуттук академиянын кызматкерлери, улуттук кеңештин мүчөлөрү, жазуучулар, коомдук ишмерлер, тарыхчылар, манасчылар катышты. Күн тартибинде академиянын аткарган иштери жана келечеги талкууланып, ушул жылдагы иш планына ылайык маанилүү маселелер каралды. Анын ичинде “Манас” академиясынын 2025-жылга карата пландары, Улуттук Кеңештин регламентин кароо жана бекитүү, кеңештин төрагасын жана жооптуу катчыны шайлоо, академиянын ишмердүүлүгүнө, анын ичинде илимий изилдөөлөргө, маданий иш-чараларга жана билим берүү программаларына тиешелүү маселелер кирди. Талкуунун жүрүшүндө Улуттук кеңештин курамынын мүчөлөрү Манасты жайылтуу, анын кыргыз тилине салымы, “Манас” эпосун башка тилдерге которуу жана “Семетей”, “Сейтек” эпосторуна да көңүл буруу тууралуу сунуштар айтылды. Иш-чаранын жыйынтыгында кеңештин төрагасы болуп “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу шайланды.
Мөмө берген бактар узак жашап, мол түшүм бериши үчүн өз убагында жана туура бутоо керек. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин агротокой жана багбанчылык секторунун башчысы Аскар Эрматов билдирди. Анын айтымында, бак бутоонун көп ыкмасы бар. "Мөмө берген бакты туура бутоо керек. Анткени бактын мөмөсү мол болуп, туура өсүп, жашоосу узак болуусу дал ушул нерсеге байланыштуу. Бутоо иштери сууктун мизи кайтканда, чилде чыкканда башталат. Анткени буталган бак сууктан жабыркабашы керек. Бутагандан кийин кесилген жерлерди жөн эле таштап койбош керек. Сүртүүчү атайын каражаттар бар. Эч болбосо боеп коюу зарыл", — деди Эрматов. Ал ошондой эле мөмөлүү бактарды бутоо жана кам көрүү боюнча багбандарды окутуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Өзүңдөн чоңго теңелбеш керек. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжал боюнча берген комментарийинде айтканын РИА Новости жазды. “Байден буга жол бербеши керек эле. Андан да биринчи, өзүңдөн чоңго теңелбеш керек болчу”, — деген АКШ лидери. Ал Киевге АКШ берген акча дагы, аскердик курал дагы жардам бербегенин белгилеген. Трамп Украинада ок атышууну токтотуу боюнча Путин менен сүйлөшүүлөр жакшы бара жатканын, бирок абал“оор экенин” айткан. Ал ошондой эле бул боюнча жакшы маалымат укканын, ал
Электрондук балык уулоо билети эми онлайн режимде жеткиликтүү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, эми министрликтин rb.gov.kg. расмий сайтында электрондук балык уулоо билетин онлайн алса болот. Бул кызмат айыл чарба министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан. Анын максаты - балык уулоо билетин алуу процессин бардык жарандар үчүн ыңгайлуу, жеткиликтүү кылуу. Балык уулап жатканда тиешелүү кызматкерлер билетти текшерсе, QR кодду көрсотүү гана жетиштүү болот. “Манас” академиясынын Улуттук кеңешинин отуруму өттү. Бул тууралуу Улуттук академиядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, отурумга Улуттук академиянын кызматкерлери, улуттук кеңештин мүчөлөрү, жазуучулар, коомдук ишмерлер, тарыхчылар, манасчылар катышты. Күн тартибинде академиянын аткарган иштери жана келечеги талкууланып, ушул жылдагы иш планына ылайык маанилүү маселелер каралды. Анын ичинде “Манас” академиясынын 2025-жылга карата пландары, Улуттук Кеңештин регламентин кароо жана бекитүү, кеңештин төрагасын жана жооптуу катчыны шайлоо, академиянын ишмердүүлүгүнө, анын ичинде илимий изилдөөлөргө, маданий иш-чараларга жана билим берүү программаларына тиешелүү маселелер кирди. Талкуунун жүрүшүндө Улуттук кеңештин курамынын мүчөлөрү Манасты жайылтуу, анын кыргыз тилине салымы, “Манас” эпосун башка тилдерге которуу жана “Семетей”, “Сейтек” эпосторуна да көңүл буруу тууралуу сунуштар айтылды. Иш-чаранын жыйынтыгында кеңештин төрагасы болуп “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу шайланды. Мөмө берген бактар узак жашап, мол түшүм бериши үчүн өз убагында жана туура бутоо керек. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин агротокой жана багбанчылык секторунун башчысы Аскар Эрматов билдирди. Анын айтымында, бак бутоонун көп ыкмасы бар. "Мөмө берген бакты туура бутоо керек. Анткени бактын мөмөсү мол болуп, туура өсүп, жашоосу узак болуусу дал ушул нерсеге байланыштуу. Бутоо иштери сууктун мизи кайтканда, чилде чыкканда башталат. Анткени буталган бак сууктан жабыркабашы керек. Бутагандан кийин кесилген жерлерди жөн эле таштап койбош керек. Сүртүүчү атайын каражаттар бар. Эч болбосо боеп коюу зарыл", — деди Эрматов. Ал ошондой эле мөмөлүү бактарды бутоо жана кам көрүү боюнча багбандарды окутуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Өзүңдөн чоңго теңелбеш керек. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжал боюнча берген комментарийинде айтканын РИА Новости жазды. “Байден буга жол бербеши керек эле. Андан да биринчи, өзүңдөн чоңго теңелбеш керек болчу”, — деген АКШ лидери. Ал Киевге АКШ берген акча дагы, аскердик курал дагы жардам бербегенин белгилеген. Трамп Украинада ок атышууну токтотуу боюнча Путин менен сүйлөшүүлөр жакшы бара жатканын, бирок абал“оор экенин” айткан. Ал ошондой эле бул боюнча жакшы маалымат укканын, ал
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/10/1092666646_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e0c303df7bee51ad7c623b092ab14c4d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио