00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:59
1 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
46 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:57
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Тоңдо аквакультура жана балык чарбаны өнүктүрүү борбору курулуудаТрамп менен Маск USAIDди сынга алдыСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кеттиАлдыда кененирээкСаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти. Бул маалыматты ал өзү тастыктады. Бейшеналиев арыз жазганын, президент чечимин колдогонун кошумчалады. “Ушундай кылууга туура келди. Депутаттар каалады, мен кеттим. Жума күнү депутаттарга бир аз туура эмес жооп берип алдым эле, тажатышты. Айтылган сөзгө жооп бериш керек. Ишемби, жекшемби күндөрү үй-бүлөм менен сүйлөшүп, чечимге келдим. Жубайым катуу ооруп жатат, аны карашым керек. Президенттен сурансам, ал дагы эс ал деди”, — деп билдирди Бейшеналиев бизге. Өткөн аптада депутаттар министрдин “Кыргызфармация”, дарыгерлердин айлыгы жана маркумдардын органдарын трансплантациялоо боюнча ишин катуу сынга алышкан эле. Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын августуна, 2023-жылдын сентябрынан 2025-жылдын февралына чейин министрликти жетектеген.
Ысык-Көл облусунда аквакультура жана балык чарбасын өнүктүрүү боюнча улуттук борбор курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бөкөнбаев айылындагы бул объект 2026-жылдын соңуна чейин ишке берилет. "Инкубациялык цехтер, лабораториялар, турак жайлар, ашкана куруу, реконструкциялоо жана техникалык жабдуу пландаштырылган. Бул борбордо илимий кызматкерлер балык өстүрүү технологиялары боюнча окуу-семинарларды өткөрүшөт", — деп айтылат маалыматта. Учурда 180 метрлик кудук казылып, насос жана сууну тазалоочу системалар орнотулду.
Кыргызстандык теннисчи Оманда өткөн Эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Мэриядан билдиришкендей, Саара Мызаева 2025-жылдын 13-23-январь күндөрү Омандын Маскат шаарында өткөн 14 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азия теннис федерациясынын Эл аралык турниринде эң жогорку жеңишке жетишти. Белгиленгендей, мелдешке Бахрейн, Ирак, Иордания, Кувейт, Ливан, Оман, Катар, Сауд Аравиясы, Сирия, Тажикстан, БАЭ жана Йемен сыяктуу 13 өлкөдөн келген 32 спортчу катышып, Кыргызстандан үч жаш теннисчи барган. Саара Мызаева өзгөчө оюн чеберчилигин жана корттогу ишенимдүүлүгүн көрсөтүп, 14 жашка чейинки кыздар арасында жеке эсепте алтын медалды жеңип алды.
АКШнын президенти Дональд Трамп АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жетекчилигин кызматтан кетерин жарыялады. Бул тууралуу DW агенттиги жазды. Трамп аталган агенттикти "акылсыз радикалдар башкарат" деген. "Биз аларды алып салабыз, анан чечим кабыл алабыз», - деп кошумчалады ал. Белгилүү болгондой, USAID жарандык тышкы жардамды башкаруу жана өнүктүрүү боюнча кызматташтык үчүн жооптуу. Көз карандысыз агенттиктин жылдык бюджети 42,8 миллиард долларды түзөт.Буга чейин АКШнын президенти жаңы өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин жетекчилеринин бири кылып дайындаган бизнесмен Илон Маск USAIDди сынга алган. Ишкер агенттикти кылмыштуу уюм деп, COVID-19 катары классификациялаган биологиялык куралды иштеп чыгууну каржылаган деп айыптады.
Жаңылыктар түрмөгү
0