https://sputnik.kg/20250130/1091735419.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Дары-дармек ташып келүүдө атаандаштык керектигин турмуш көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирди. Анын айтымында... 30.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-30T13:00+0600
2025-01-30T13:00+0600
2025-01-30T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1e/1091735287_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b1a46b523cd5dc873d141b0f0a26569f.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Дары-дармек ташып келүүдө атаандаштык керектигин турмуш көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта өлкөдө дары-дармек маселеси курч бойдон калууда. "Бийлик калкты арзан жана жеткиликтүү дары менен камсыз кылуу максатында "Кыргызфармация" ишканасын түзгөн. Бирок аталган компания монополист катары иш алып барып, дары-дармекке болгон муктаждыкты толук камсыздоодо кыйынчылыктарга туш болууда", — деди Шакиев.Ошондой эле ал учурда керектүү дарылардын баасы кескин өсүп жатканын айтып, чечим катары атаандаштыкты күчөтүү зарыл экенин белгиледи. "Кыргызфармация" компаниясынан тышкары башка ишканаларга да атаандаштык негизинде дары-дармек ташып келүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Баары бир сырттан келген дарылар мамлекеттик лабораториялар тарабынан көзөмөлдөнөт. Эгер башка компанияларга уруксат берилбесе, жалгыз мамлекеттик компания элдин муктаждыгын жетиштүү деңгээлде камсыз кыла албасын турмуш көрсөттү", — деди төрага.
Бүгүн, 30-январда ашууларда каттам бар, жолдор ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана "Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жолчулар атайын нөөмөткө туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат. "Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат",-деп айтылат маалыматта.
Бишкекте 5 мектеп окуучусунан кызамык оорусу чыкты. Анын экөөсү эмдөөдөн өткөн эмес. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, №32 мектептин 5 окуучусунан кызамык оорусу чыккан. Кызамык оорусуна кабылган балдардын экөөсүнүн ата-энеси буга чейин балдарын эмдетүүдөн баш тарткан. Бүгүнкү күндө ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүрүп жатат. кызамык чыккан класстын кабинети күнүгө дезинфекцияланууда. Балдар антисептик каражаттарды колдонуп, беткап кийип жатат. Ошондой эле катар жалпы окуучулар мектепке дене табы текшерилген соң киргизилип жатканы кабарланды. Муну менен бардык мектептерде жана бала бакчаларга оорунун жайылышын алдын алуу боюнча иштер күчөтүлгөн.
Вашингтон аэропортунун жанында эл ташыган учак аскердик тик учак менен кагышып, Потомак дарыясына кулап түштү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Самолет Вашингтонго Канзастын Вичита шаарынан учуп келе жаткан. "PSA Airlines Bombardier CRJ 700 борту "Рейган" аэропортунун конуу тилкесине жакындап калганда Sikorsky H-60 тик учагы менен кагышкан", — деп айтылат маалыматта.Кулаган учактын ичинде 60 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Төрт адам суудан чыгарылган, аларга жардам көрсөтүлүүдө. Буга чейин америкалык сенатор Тед Круз авиакырсыктан адамдардын каза болгонун айтан. Fox News берген маалымат боюнча, 60 киши көз жумган болушу мүмкүн. Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.
Дары-дармек ташып келүүдө атаандаштык керектигин турмуш көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта өлкөдө дары-дармек маселеси курч бойдон калууда. "Бийлик калкты арзан жана жеткиликтүү дары менен камсыз кылуу максатында "Кыргызфармация" ишканасын түзгөн. Бирок аталган компания монополист катары иш алып барып, дары-дармекке болгон муктаждыкты толук камсыздоодо кыйынчылыктарга туш болууда", — деди Шакиев.Ошондой эле ал учурда керектүү дарылардын баасы кескин өсүп жатканын айтып, чечим катары атаандаштыкты күчөтүү зарыл экенин белгиледи. "Кыргызфармация" компаниясынан тышкары башка ишканаларга да атаандаштык негизинде дары-дармек ташып келүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Баары бир сырттан келген дарылар мамлекеттик лабораториялар тарабынан көзөмөлдөнөт. Эгер башка компанияларга уруксат берилбесе, жалгыз мамлекеттик компания элдин муктаждыгын жетиштүү деңгээлде камсыз кыла албасын турмуш көрсөттү", — деди төрага.Бүгүн, 30-январда ашууларда каттам бар, жолдор ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана "Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Жолчулар атайын нөөмөткө туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат. "Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат",-деп айтылат маалыматта.Бишкекте 5 мектеп окуучусунан кызамык оорусу чыкты. Анын экөөсү эмдөөдөн өткөн эмес. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, №32 мектептин 5 окуучусунан кызамык оорусу чыккан. Кызамык оорусуна кабылган балдардын экөөсүнүн ата-энеси буга чейин балдарын эмдетүүдөн баш тарткан. Бүгүнкү күндө ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүрүп жатат. кызамык чыккан класстын кабинети күнүгө дезинфекцияланууда. Балдар антисептик каражаттарды колдонуп, беткап кийип жатат. Ошондой эле катар жалпы окуучулар мектепке дене табы текшерилген соң киргизилип жатканы кабарланды. Муну менен бардык мектептерде жана бала бакчаларга оорунун жайылышын алдын алуу боюнча иштер күчөтүлгөн. Вашингтон аэропортунун жанында эл ташыган учак аскердик тик учак менен кагышып, Потомак дарыясына кулап түштү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Самолет Вашингтонго Канзастын Вичита шаарынан учуп келе жаткан. "PSA Airlines Bombardier CRJ 700 борту "Рейган" аэропортунун конуу тилкесине жакындап калганда Sikorsky H-60 тик учагы менен кагышкан", — деп айтылат маалыматта.Кулаган учактын ичинде 60 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Төрт адам суудан чыгарылган, аларга жардам көрсөтүлүүдө. Буга чейин америкалык сенатор Тед Круз авиакырсыктан адамдардын каза болгонун айтан. Fox News берген маалымат боюнча, 60 киши көз жумган болушу мүмкүн. Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1e/1091735287_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b8a660eaa632d085ade6efae2012c442.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио