https://sputnik.kg/20250120/1091520999.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан 2025-жылга карата республикалык бюджетин бекитти. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Казына кирешеси бул жылы 430 миллиард сомду, ал эми... 20.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-20T08:59+0600
2025-01-20T08:59+0600
2025-01-20T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/14/1091520867_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6b1dae8113b00196ffa6e2c932a1b714.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан 2025-жылга карата республикалык бюджетин бекитти. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Казына кирешеси бул жылы 430 миллиард сомду, ал эми чыгым 406 миллиард сомду түзөт. Республика бюджетиндеги профицит үстүбүздөгү жылы 24,3 миллиард сомду түзөт деп эсептелген. Бийлик ал каражаттын бир бөлүгү мамлекеттин сырткы карызын жабууга жумшаларын билдирди. Мындан тышкары, бул жылга карата өлкөдөгү эң аз айлыктын суммасы аныкталып, ал 2 865 сом деп бекитилген, 2026-жылы 3 280 болсо, 2027-жылы 3 670 сомду түзөт.
Эл аралык сынакта жеңген кол өнөрчүлөр сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде "Кол эмгек казынасы" аттуу көргөзмө өттү. Ага 9-17 жаштагы балдар тарабынан даярдалган уникалдуу эмгектер тандалган. Ага Кыргызстан, Беларусия, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан 1000ден ашуун балдар катышып, беш номинация боюнча чыгармалар тандалып алынган. Иш-чарага Өзбекстандын жана Россиянын Кыргызстандагы элчилери келип, жаш таланттарды куттукташты. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана эстелик сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле өз сөзүндө сынакка катышкан ар бир өлкөнүн балдары өз өлкөсүнүн тарыхий мурастарын дагы изилдеп, кызыгуу менен катышканына ыраазычылык билдирди.
2024-жылы табиятка зыян келтиргендерге жалпы 5,5 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башкы адиси Дерсуу Акпаралыев билдирди. Анын айтымында, ушул убакытка чейин айыптардын 4,5 миллион сому мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. "Былтыр министрлик жалпы 285 мыйзам бузуу фактысын каттап, 5,5 миллион сомдон ашуун айып салынды. Анын ичинен 4,5 миллион сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Ал эми табиятты коргоо, сактоо боюнча элдин көз карашы жылдан-жылга жакшырып жатат. Мисалы, 2015-жылдан берки статистикалык маалыматтарды алсак, браконьерлер азайганын көрөбүз. Элдин аң-сезими өсүп, табиятка болгон мамилеси өзгөрүп жатат", — деди Акпаралыев. Ошондой эле ал айыптардын ичинен эң ириси 1,5 миллион сом экенин, ал аркар аткан браконьерлерге салынганын кошумчалады.
АКШ президенти болуп шайланган Дональд Трамптын администрациясы Венесуэла өкмөтүнүн жана анын өлкө башчысы Николас Мадуронун кызматтан кетишин каалайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Трамптын администрациясындагы булактарга таянып Axios жарыялаганын жазды. Анда айтылгандай, жаңы шайланган президенттин кеңешчилери команда Мадуронун 2024-жылдын 8-декабрында кызматтан кеткен Сирия президенти Башар Асаддын "жолун кайталоосун" каалай турганын айткан. Алар Венесуэладагы "режимди алмаштыруу" сөзсүз эле аскердик аракеттер болот дегенди билдирбей турганын айтышууда. "Мадуро, Асаддын Москвадагы коңшусу болсо анда каршы эмеспиз", – деген Трамптын атын
Кыргызстан 2025-жылга карата республикалык бюджетин бекитти. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Казына кирешеси бул жылы 430 миллиард сомду, ал эми чыгым 406 миллиард сомду түзөт. Республика бюджетиндеги профицит үстүбүздөгү жылы 24,3 миллиард сомду түзөт деп эсептелген. Бийлик ал каражаттын бир бөлүгү мамлекеттин сырткы карызын жабууга жумшаларын билдирди. Мындан тышкары, бул жылга карата өлкөдөгү эң аз айлыктын суммасы аныкталып, ал 2 865 сом деп бекитилген, 2026-жылы 3 280 болсо, 2027-жылы 3 670 сомду түзөт. Эл аралык сынакта жеңген кол өнөрчүлөр сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде "Кол эмгек казынасы" аттуу көргөзмө өттү. Ага 9-17 жаштагы балдар тарабынан даярдалган уникалдуу эмгектер тандалган. Ага Кыргызстан, Беларусия, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан 1000ден ашуун балдар катышып, беш номинация боюнча чыгармалар тандалып алынган. Иш-чарага Өзбекстандын жана Россиянын Кыргызстандагы элчилери келип, жаш таланттарды куттукташты. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана эстелик сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле өз сөзүндө сынакка катышкан ар бир өлкөнүн балдары өз өлкөсүнүн тарыхий мурастарын дагы изилдеп, кызыгуу менен катышканына ыраазычылык билдирди. 2024-жылы табиятка зыян келтиргендерге жалпы 5,5 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын башкы адиси Дерсуу Акпаралыев билдирди. Анын айтымында, ушул убакытка чейин айыптардын 4,5 миллион сому мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. "Былтыр министрлик жалпы 285 мыйзам бузуу фактысын каттап, 5,5 миллион сомдон ашуун айып салынды. Анын ичинен 4,5 миллион сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Ал эми табиятты коргоо, сактоо боюнча элдин көз карашы жылдан-жылга жакшырып жатат. Мисалы, 2015-жылдан берки статистикалык маалыматтарды алсак, браконьерлер азайганын көрөбүз. Элдин аң-сезими өсүп, табиятка болгон мамилеси өзгөрүп жатат", — деди Акпаралыев. Ошондой эле ал айыптардын ичинен эң ириси 1,5 миллион сом экенин, ал аркар аткан браконьерлерге салынганын кошумчалады. АКШ президенти болуп шайланган Дональд Трамптын администрациясы Венесуэла өкмөтүнүн жана анын өлкө башчысы Николас Мадуронун кызматтан кетишин каалайт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Трамптын администрациясындагы булактарга таянып Axios жарыялаганын жазды. Анда айтылгандай, жаңы шайланган президенттин кеңешчилери команда Мадуронун 2024-жылдын 8-декабрында кызматтан кеткен Сирия президенти Башар Асаддын "жолун кайталоосун" каалай турганын айткан. Алар Венесуэладагы "режимди алмаштыруу" сөзсүз эле аскердик аракеттер болот дегенди билдирбей турганын айтышууда. "Мадуро, Асаддын Москвадагы коңшусу болсо анда каршы эмеспиз", – деген Трамптын атын
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/14/1091520867_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f87b61071944fab978e5bfcf88d17132.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио