https://sputnik.kg/20241215/1090828186.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети кытайлык компания менен ноутбук чогулткан цех иштете баштады. Бул тууралуу окуу жайдан... 15.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-15T08:59+0600
2024-12-15T08:59+0600
2024-12-15T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0f/1090828054_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b0ebd0ef53a78dae1d8cd74eed676a2f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети кытайлык компания менен ноутбук чогулткан цех иштете баштады. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты. Билдирмеге караганда, студенттерге Кытайдын 4 инженери сабак берип, ноутбук чогултууну үйрөтөт. Окуу жай бул жерде күнүнө жогорку сапаттагы 1,5 миңге чейин ноутбук чогултууга болорун кошумчалады.Бийлик бардык мугалимдерди камсыз кылчу 80 миң ноутбук ушул жерден чыгарылып калышы ыктымал.
Каракол шаарындагы Жантөшев атындагы драма театрында кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы өттү. Иш-чарага Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев, Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова, жергиликтүү депутаттар жана шаар тургундары катышты. Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев өз сөзүндө Каракол мамлекет башчысы Садыр Жапаров белгилегендей, туризмдин борборуна айланганын айтты. “Жакында Каракол эл аралык аэропортунун ачылышы болду. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда беш туристтерди тейлөө борбору ачылды. Мунун баары инфраструктураны жакшыртуу жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалып жатат”, - деди ал. Ошондой эле ал акыркы 9 айда Кыргызстанга чет өлкөдөн 8 миллион турист келгендигин баса белгиледи.
“Ишкер 24” мобилдик тиркемеси жаңы функциялар менен толукталды. Бул тууралуу “Элдик Банктан” билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, декабрь айынан баштап тиркемеге кошумча функциялар камтылды. Алар: дүңүнөн сатуу, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы менен иштөөнү жөнөкөйлөтүү аркылуу товарларды сатып алуу, товарларды эсепке алууну жөнөкөйлөтүү аркылуу кабыл алуу, ошондой эле “Менин кампаларым” функциясы кошулду. Мындан тышкары автоунаа каражаттарынын отчет иштеринде мүмкүнчүлүктөр кеңейтилди.“Ишкер24” мобилдик тиркемеси президенттин демилгеси менен өлкөнүн салык реформасына байланыштуу чакан жана орто бизнести колдоо максатында Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте “Элдик Банк” жана MEGA`нын кызматташуусунда ишке ашырылып жатат.
Улуттук футбол академиясына 2012-жылы төрөлгөн футболчуларды тандоо болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тандоо туруна өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 423 жаш футболчу катышып, акыркы тандоого 52 оюнчу чакырылды. Академия базасында үч күндүн ичинде ылдамдык жана эптүүлүк боюнча тесттер, машыгуулар жана оюн көнүгүүлөр өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – техникалык жана тактикалык жөндөмдөрү менен бирге, физикалык даярдыгы, командалык иштөө жөндөмү жана жогорку деңгээлде ойноо үчүн зарыл болгон сапаттарга ээ мыкты футболчулар аныкталды. Жыйынтыгында, 23 мыкты жана таланттуу футболчу тандалып, Бишкектеги Улуттук футбол академиясынын базасында даярдыктарын улантат.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети кытайлык компания менен ноутбук чогулткан цех иштете баштады. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты. Билдирмеге караганда, студенттерге Кытайдын 4 инженери сабак берип, ноутбук чогултууну үйрөтөт. Окуу жай бул жерде күнүнө жогорку сапаттагы 1,5 миңге чейин ноутбук чогултууга болорун кошумчалады.Бийлик бардык мугалимдерди камсыз кылчу 80 миң ноутбук ушул жерден чыгарылып калышы ыктымал.Каракол шаарындагы Жантөшев атындагы драма театрында кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы өттү. Иш-чарага Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев, Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова, жергиликтүү депутаттар жана шаар тургундары катышты. Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев өз сөзүндө Каракол мамлекет башчысы Садыр Жапаров белгилегендей, туризмдин борборуна айланганын айтты. “Жакында Каракол эл аралык аэропортунун ачылышы болду. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда беш туристтерди тейлөө борбору ачылды. Мунун баары инфраструктураны жакшыртуу жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жасалып жатат”, - деди ал. Ошондой эле ал акыркы 9 айда Кыргызстанга чет өлкөдөн 8 миллион турист келгендигин баса белгиледи.“Ишкер 24” мобилдик тиркемеси жаңы функциялар менен толукталды. Бул тууралуу “Элдик Банктан” билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, декабрь айынан баштап тиркемеге кошумча функциялар камтылды. Алар: дүңүнөн сатуу, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы менен иштөөнү жөнөкөйлөтүү аркылуу товарларды сатып алуу, товарларды эсепке алууну жөнөкөйлөтүү аркылуу кабыл алуу, ошондой эле “Менин кампаларым” функциясы кошулду. Мындан тышкары автоунаа каражаттарынын отчет иштеринде мүмкүнчүлүктөр кеңейтилди.“Ишкер24” мобилдик тиркемеси президенттин демилгеси менен өлкөнүн салык реформасына байланыштуу чакан жана орто бизнести колдоо максатында Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте “Элдик Банк” жана MEGA`нын кызматташуусунда ишке ашырылып жатат.Улуттук футбол академиясына 2012-жылы төрөлгөн футболчуларды тандоо болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тандоо туруна өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 423 жаш футболчу катышып, акыркы тандоого 52 оюнчу чакырылды. Академия базасында үч күндүн ичинде ылдамдык жана эптүүлүк боюнча тесттер, машыгуулар жана оюн көнүгүүлөр өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – техникалык жана тактикалык жөндөмдөрү менен бирге, физикалык даярдыгы, командалык иштөө жөндөмү жана жогорку деңгээлде ойноо үчүн зарыл болгон сапаттарга ээ мыкты футболчулар аныкталды. Жыйынтыгында, 23 мыкты жана таланттуу футболчу тандалып, Бишкектеги Улуттук футбол академиясынын базасында даярдыктарын улантат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0f/1090828054_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4b146f3ac627bcb52b7a5a87e5970a9f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио