https://sputnik.kg/20241214/1090812901.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш болуп келген жерлерди теңме-тең бөлүштүк. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине берген маегинде билдирди... 14.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-14T08:59+0600
2024-12-14T08:59+0600
2024-12-14T09:11+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0e/1090812769_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3f3c3bb714348291b6f570d2d1bc4bde.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш болуп келген жерлерди теңме-тең бөлүштүк. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине берген маегинде билдирди. Журналист кыргыз-тажик чек арасы чечилгени боюнча маалымдалганын айтып, комментарий берүүнү өтүнгөн. Өлкө башчы чек ара эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилгенин айтты. Ошондой эле ал өкмөттөр аралык комиссиялар ишин аяктаса тышкы иштер министрлери кол коюшарын, андан кийин парламенттерден ратификациядан кийин президенттер кол коюп маселеге чекит коюларын белгиледи. Мындан тышкары, өлкө башчы өкмөттөр аралык комиссиялардын иши бүткөндөн кийин чек ара посттору ачыларын кошумчалаган. "Жергиликтүү элдин талабы да бизге ушундай болчу. Делимитация иштери бүткөндө ачкыла деген. Үч жылдан бери чек ара посттору жабык турат. Мындан эки тарап тең экономикалык зыянга учурады. Соода-сатык токтоп калды", — деген мамлекет башчы. Эске салсак, 4-декабрда Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушкан. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасы толугу менен аяктап, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилгени айтылган.
Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Ал Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйынында баяндама жасады. Министр учурда өлкөдө төрт өнүктүрүү фонду иш алып барып жатканын эске салды.Ошондой эле министр бир катар инвестициялык уюмдар аркылуу каражат тартуу боюнча иш жүрүп жатканын белгиледи. "100 миллион доллар капиталы бар Кыргыз-Эмират холдинг компаниясын түзүү, Жибек Жолу фондунан (Кытай) бир миллиард юань тартуу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, 550 миллион доллар уставдык капиталы менен Түрк инвестициялык фонду ишке киргени турат. Биз тараптан 70 миллион доллар үлүшүбүздү кошобуз. Жыл соңуна чейин беш миллион доллар которобуз. Мындан тышкары, Иран, перс өлкөлөрү менен эки тараптуу фонддорду түзүү максатталууда", — деди Амангелдиев.Жыйында депутат Айбек Маткеримов өнүктүрүү фонддордон ишкерлер акча ала албай жатканын айтып, алардын иши боюнча маалымат берүүнү өтүндү.
Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгы боюнча өтүнүчтү карай турганын кабарлады. Маалыматка ылайык, өтүнүчтү Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов келтирген. Анда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелеринин Конституцияга шайкештиги текшерилет. "Айткулов тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана айыптоо актысы менен ишти сотко жөнөтүү жол-жоболорунун жоктугу айыпталуучулардын укуктарын бузат деп эсептейт. Анын айтымында, бул жагдай тараптардын тең укуктуулугу принцибин жана сот адилеттигин камсыздоого тоскоолдук кылат. Кайрылууда субъектиси айыпталуучунун бардык соттук баскычтарга катышуу укугуна
Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш болуп келген жерлерди теңме-тең бөлүштүк. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине берген маегинде билдирди. Журналист кыргыз-тажик чек арасы чечилгени боюнча маалымдалганын айтып, комментарий берүүнү өтүнгөн. Өлкө башчы чек ара эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилгенин айтты. Ошондой эле ал өкмөттөр аралык комиссиялар ишин аяктаса тышкы иштер министрлери кол коюшарын, андан кийин парламенттерден ратификациядан кийин президенттер кол коюп маселеге чекит коюларын белгиледи. Мындан тышкары, өлкө башчы өкмөттөр аралык комиссиялардын иши бүткөндөн кийин чек ара посттору ачыларын кошумчалаган. "Жергиликтүү элдин талабы да бизге ушундай болчу. Делимитация иштери бүткөндө ачкыла деген. Үч жылдан бери чек ара посттору жабык турат. Мындан эки тарап тең экономикалык зыянга учурады. Соода-сатык токтоп калды", — деген мамлекет башчы. Эске салсак, 4-декабрда Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушкан. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасы толугу менен аяктап, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилгени айтылган.Кыргыз-Иран өнүктүрүү фондун түзүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Ал Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйынында баяндама жасады. Министр учурда өлкөдө төрт өнүктүрүү фонду иш алып барып жатканын эске салды.Ошондой эле министр бир катар инвестициялык уюмдар аркылуу каражат тартуу боюнча иш жүрүп жатканын белгиледи. "100 миллион доллар капиталы бар Кыргыз-Эмират холдинг компаниясын түзүү, Жибек Жолу фондунан (Кытай) бир миллиард юань тартуу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, 550 миллион доллар уставдык капиталы менен Түрк инвестициялык фонду ишке киргени турат. Биз тараптан 70 миллион доллар үлүшүбүздү кошобуз. Жыл соңуна чейин беш миллион доллар которобуз. Мындан тышкары, Иран, перс өлкөлөрү менен эки тараптуу фонддорду түзүү максатталууда", — деди Амангелдиев.Жыйында депутат Айбек Маткеримов өнүктүрүү фонддордон ишкерлер акча ала албай жатканын айтып, алардын иши боюнча маалымат берүүнү өтүндү.Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгы боюнча өтүнүчтү карай турганын кабарлады. Маалыматка ылайык, өтүнүчтү Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов келтирген. Анда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелеринин Конституцияга шайкештиги текшерилет. "Айткулов тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана айыптоо актысы менен ишти сотко жөнөтүү жол-жоболорунун жоктугу айыпталуучулардын укуктарын бузат деп эсептейт. Анын айтымында, бул жагдай тараптардын тең укуктуулугу принцибин жана сот адилеттигин камсыздоого тоскоолдук кылат. Кайрылууда субъектиси айыпталуучунун бардык соттук баскычтарга катышуу укугуна
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0e/1090812769_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4be97a03f64571469f83f4d05a97410f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио