https://sputnik.kg/20241208/1090673218.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасы аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен... 08.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-08T08:59+0600
2024-12-08T08:59+0600
2024-12-08T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/08/1090673086_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0672e7f845ac51ff74882332bcb959ba.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасы аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 1-декабрынан 7-декабрына чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын жыйынтыктады. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Кыргызстанда жаңы жылдан тарта өзгөчө статусу бар бийик тоолуу, барууга кыйын болгон жана чек ара аймактарындагы үй-бүлөлөргө жөлөк пул төлөнөт. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Анда төмөнкүлөр каралган: үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн ар бир балага, алар 3 жашка чыкканга чейин үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жөлөкпул дайындоо жөлөк пулдун өлчөмү менен тартиби министрлер кабинети тарабынан аныкталат.
Быйыл "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Буга чейин Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кыргызстаныктарды жаңы жылдык салюттарды аттырбоого, пиротехникалык каражаттарды колдонбоого чакырган. "Салют аттырганда зыяндуу заттар бөлүнүп, аба булганат. Мындан тышкары, колдонулган салюттардан ири көлөмдө таштанды чыгып, көп акча коромжу болот", — деп жазылган маалыматта. Министрлик майрамдык иш-чараларды салют аттырып, экологияны булгабай эле диоддук жарык, голограммалар менен майрамдык атмосфера түзсө болорун белгиледи.
Арстандын болжол менен алты айлык күчүгүн Бишкектеги жаныбарлар багылган жайга таштап кетишкен. Бул тууралуу баш калаадагы Zoobishkek реабилитациялык зоопаркынан билдиришти.Аталган мекемеден жаныбардын кайдан келгенин, мурдагы ээсин тактай албай койгондуктарын айтышты. Себеби, алып келген "курьер" күчүктүн кожоюну жөнүндө маалымат берүүдөн баш тарткан. Россиялык консультанттар арстандын баласы болжол менен жарым жашта экенин, ичеги-карынында, кулагында мандем бар экенин айтышып, андан сырткары артрит деген да диагноз коюшкан. Күчүк алсыз болгондуктан жакшы ирдене албай жатканы маалым болду. Зоопарктагылар ага Лея деген ат берип, учурда адистер тыкыр карап, дарылап жатышат. Zoobishkek борборунун администрациясы социалдык тармакта жаныбардын ден соолугун чыңдоого каражат чогултулуп жатканын, жардам берүүнү каалагандардан колдоо кабыл алынарын билдиришти.
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль аскердик абал киргизгени үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип РИА Новости жазды. Мамлекеттин башчысы бул нерсе элге тынчсыздануу менен ыңгайсыздык жаратканын мойнуна алган.Ошондой эле анын импичментине добуш берүү жүрүп жатканда аскердик абалды кайрадан киргизбөөгө убада кылып, ал эми өткөндөгү чечими үчүн жоопкерчилик тартуудан качпай турганын айткан. Президенттин кайрылуусунан кийин Түштүк Кореянын оппозициясы аны тез арада отставкага кетүүсүн талап кылды. Өлкөнүн башкаруучу партиясынын лидери Хан Дон Хун ал өз милдеттерин так аткара албай турганын айткан.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасы аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 1-декабрынан 7-декабрына чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүү долбоорунун сыпаттамасын жыйынтыктады. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.Кыргызстанда жаңы жылдан тарта өзгөчө статусу бар бийик тоолуу, барууга кыйын болгон жана чек ара аймактарындагы үй-бүлөлөргө жөлөк пул төлөнөт. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Анда төмөнкүлөр каралган: үчүнчү жана андан кийин төрөлгөн ар бир балага, алар 3 жашка чыкканга чейин үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жөлөкпул дайындоо жөлөк пулдун өлчөмү менен тартиби министрлер кабинети тарабынан аныкталат.Быйыл "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салют атылбайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Буга чейин Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кыргызстаныктарды жаңы жылдык салюттарды аттырбоого, пиротехникалык каражаттарды колдонбоого чакырган. "Салют аттырганда зыяндуу заттар бөлүнүп, аба булганат. Мындан тышкары, колдонулган салюттардан ири көлөмдө таштанды чыгып, көп акча коромжу болот", — деп жазылган маалыматта. Министрлик майрамдык иш-чараларды салют аттырып, экологияны булгабай эле диоддук жарык, голограммалар менен майрамдык атмосфера түзсө болорун белгиледи.Арстандын болжол менен алты айлык күчүгүн Бишкектеги жаныбарлар багылган жайга таштап кетишкен. Бул тууралуу баш калаадагы Zoobishkek реабилитациялык зоопаркынан билдиришти.Аталган мекемеден жаныбардын кайдан келгенин, мурдагы ээсин тактай албай койгондуктарын айтышты. Себеби, алып келген "курьер" күчүктүн кожоюну жөнүндө маалымат берүүдөн баш тарткан. Россиялык консультанттар арстандын баласы болжол менен жарым жашта экенин, ичеги-карынында, кулагында мандем бар экенин айтышып, андан сырткары артрит деген да диагноз коюшкан. Күчүк алсыз болгондуктан жакшы ирдене албай жатканы маалым болду. Зоопарктагылар ага Лея деген ат берип, учурда адистер тыкыр карап, дарылап жатышат. Zoobishkek борборунун администрациясы социалдык тармакта жаныбардын ден соолугун чыңдоого каражат чогултулуп жатканын, жардам берүүнү каалагандардан колдоо кабыл алынарын билдиришти.Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль аскердик абал киргизгени үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме берип РИА Новости жазды. Мамлекеттин башчысы бул нерсе элге тынчсыздануу менен ыңгайсыздык жаратканын мойнуна алган.Ошондой эле анын импичментине добуш берүү жүрүп жатканда аскердик абалды кайрадан киргизбөөгө убада кылып, ал эми өткөндөгү чечими үчүн жоопкерчилик тартуудан качпай турганын айткан. Президенттин кайрылуусунан кийин Түштүк Кореянын оппозициясы аны тез арада отставкага кетүүсүн талап кылды. Өлкөнүн башкаруучу партиясынын лидери Хан Дон Хун ал өз милдеттерин так аткара албай турганын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/08/1090673086_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bc49aac27de61e41067908d1a4954498.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио