Украиндер, тынчтык, Трамп. Лавровдун Карлсонго берген интервьюсунан
© Фото / пресс-служба МИД РФРоссиянын ТИМ башчысы Сергей Лавровдон америкалык журналист Такер Карлсон интервью берүү учурунда
© Фото / пресс-служба МИД РФ
Жазылуу
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавровдон америкалык журналист Такер Карлсон интервью алып, ал 1 саат 20 мүнөткө созулду. Кеп нугу көптөрдүн көңүл борборунда турган Украинадагы Россиянын атайын операциясы, тышкы геосаясат, тынчтык жаатындагы дүйнөлүк маселелер, Батыштын, АКШнын бул багыттагы "салымдары", өзөктүк курал боюнча жүрдү.
Төмөндө ТИМ башчысынын маектешүү учурунда айткандарынын урунттуу учурларына токтолобуз:
Россия АКШ менен согушууну ойлонгон жок, мындай тирешүүгө өзөктүк курал аралашып кетиши толук мүмкүн;
Россиянын аймагына ATACMS баштаган техника менен сокку урулуп жаткандан кийин биз да белги берип жатабыз. "Орешник" системасы баарын ынандырды деп ойлойм;
Батыш менен Зеленскийдин Украинадагы чатак боюнча жасаган билдирүүлөрү өзгөргөнүн Москва угуп, билип эле жатат;
Эгер Батыш менен Киев Минск келишимин аткарганда, Россия атайын операцияны баштамак эмес. Украина менен анын демөөрчүлөрү Донбасстын чыгышын күч менен басып алууга аракет кылып, "Б" планын чыгарганда гана биз атайын операцияны баштадык;
Россиянын украиналыктарды жок кылалы деген ою жок, алар орус элинин бир тууганы;
Зеленский 2014-жылы орус тилин коргогон, бирок президент болгондон кийин тез эле өзгөрүп, Донбасстын тургундарын киши катары көргөн жок. Ушундан кийин аларды кайра "өз карамагыма кайтарам" десе, анда мен аны акылсыз деп эсептейм;
Украина маселесин баары үчүн Россия менен эле АКШ чечип коет деп ойлобош керек. Бул Москванын стили эмес;
Кээ бир мамлекеттер Украина чырынан чарчады. АКШ муну Европага калтырып четке чыга берет деген кеп айтылууда;
Трамп – кыла турчу ишин кийинкиге калтырбаган, сүйлөшүп жатканда сыпайы болгон күчүү киши. Бирок бул ал Россияга тарапка баш койгон киши дегендик эмес;
Россия менен АКШнын ортосунда бир нече байланыш каналдар бар, алар негизинен эки өлкөнүн абактарында отурган адамдарды алмашуу жаатында иш алып барат;
Карлсондун АКШнын тышкы саясатында чечимдерди ким кабыл алат деген суроого жообум: божомол кылгым келбейт, бул Вашингтонго узатылчу собол;
Ачык маалыматтарга таянсак, АКШ, Улуу Британия жана башка мамлекеттер Сириядагы террордук топторду колдоп келишет — бул татаал оюн.